2 Жылнаама 7:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Сулайман сыйынып бүткөндө, асмандан от түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен башка курмандыктарды күйгүзүп кетти, үйдүн ичи Теңирдин даңкына толду.

2Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин үйүнө кире албай калышты, анткени Теңирдин үйү Теңирдин даңкына толуп турган болчу.

3Ысрайылдын бүт уулдары асмандан от түшкөнүн көрүп, Кудайдын даңкы үйгө толгонун көрүп, жерге, секичеге жүзтөмөндөп жыгылып таазим этишти. Теңирди: «Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү», – деп даңкташты.

4Падыша жана бүт эл Теңирдин алдында курмандык чала башташты.

5Сулайман падыша курмандыкка жыйырма эки миң букачар жана жүз жыйырма миң кой чалды. Падыша менен бүт эл Кудайдын үйүн ушинтип ыйыкташты.

6Ыйык кызмат кылуучулар өз кызматын аткарышты, лебилер Теңирди даңкташ үчүн, Дөөт падыша жасаган Теңирдин күү аспаптары менен турушту. Дөөт алар менен Теңирди мактап ырдачу, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү. Ыйык кызмат кылуучулар алардын алдында сурнай тартып турушту, бүт Ысрайыл эли туруп турду.

7Сулайман Теңир үйүнүн алдындагы короонун ички бөлүгүн да ыйыктады. Жезден жасалган курмандык чалынуучу жайга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, нан курмандыктары, майлар батпай калгандыктан, ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарынын майларын короонун ички бөлүгүндө өрттөдү.

8Ошол учурда Сулайман бүткүл Ысрайыл эли менен – Хаматтын кире беришинен Мисир дарыясына чейинки жерлерден келген көп эл менен жети күндүк чоң майрам өткөрдү.

9Ал эми сегизинчи күнү, майрамдан кийинки күнү ыйык чогулуш өткөрүштү, анткени курмандык чалынуучу жайды жети күн ыйыкташты жана жети күн майрамдашты.

10Падыша жетинчи айдын жыйырма үчүнчү күнү Теңир Дөөткө жана Сулайманга, Өз эли Ысрайылга көрсөткөн ырайымга кубанып, жүрөктөрү кубанычка, шаттыкка бөлөнгөн элди үй-жайларына коё берди.

11Ошентип, Сулайман Кудайдын үйүн да, падыша үйүн да куруп бүттү. Сулайман жүрөгүндө Кудайдын үйү үчүн да, өз үйү үчүн да эмне кылам деп ойлосо, ошонун баарын ийгиликтүү бүтүрдү.

12Теңир Сулайманга түн ичинде келип, мындай деди: «Мен сенин сыйынууңду уктум жана ушул жерди Өзүмө курмандык чалынуучу үй катары тандап алдым.

13Мен асманды жаап коюп, жамгыр жаабай калганда, же жерди жегенге чегирткелерди каптатканда, же Өз элиме жугуштуу оору жибергенде,

14Менин ысымым менен аталган Менин элим моюн сунса, сыйынса, Менин жүзүмдү издесе жана жаман жолдорунан кайтса, анда Мен алардын үнүн асмандан угуп, күнөөлөрүн кечирип, жерин дарттан айыктырам.

15Эми Мен ушул жерден көзүмдү албайм, ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак салам.

16Менин ысымым ушул үйдө түбөлүккө туруш үчүн, Мен аны тандап алып, ыйыктадым. Менин көздөрүм менен жүрөгүм дайыма ушул жерде болот.

17Сен атаң Дөөт Менин алдымда жүргөндөй жүрө турган болсоң, Мен сага буйругандарды аткара турган болсоң, Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактай турган болсоң,

18анда Мен сенин атаң Дөөткө убада кылып: “Сенин тукумуңдан Ысрайылды башкарган адам үзүлбөйт”, – деп айткан убадам боюнча Сенин падышачылык тагыңды бекемдейм.

19Эгерде силер Мен берген мыйзамдар менен буйруктарыма моюн сунбай, алардан баш тартсаңар, башка кудайларга кызмат кылып, аларга таазим кылсаңар,

20анда Ысрайылды Өзүм берген жерден жок кылып, Өз ысымым менен ыйыктаган ушул ийбадаткананы таштап коём, аны бардык элдерге ылакап, күлкү кылам.

21Ушул улуу ийбадаткананын жанынан өтүп бара жаткан ар ким үрөйү уча: “Эмне үчүн Теңир бул жерди ушундай кылды, эмне үчүн ушул үйдү ушундай кылды?” – деп таң калышат.

22Ошондо: “Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап салышып, башка кудайларга жабышып, аларга кызмат кылып, таазим кылганы үчүн, Теңир алардын башына ушундай кырсыкты салды”, – деп айтышат».

e>