2 Жылнаама 8:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Теңирдин үйү менен өз үйүн Сулайман жыйырма жылда куруп бүттү.

2Анан ал Хирам берген шаарларды кайрадан куруп, ал шаарларга Ысрайыл уулдарын отурукташтырды.

3Сулайман Хамат-Собага барып, аны каратып алды.

4Чөлгө Тадмор шаарын курду, ал азык-түлүк сактоо үчүн, Хаматка бардык шаарларды курду.

5Ал дубалдары бийик, дарбазалары, кулпулары бекем, чептүү жогорку Бейт-Хорон менен төмөнкү Бейт-Хоронду,

6Баалатты жана Сулаймандын азык-түлүк сактоо үчүн курулган бардык шаарларын кайрадан курду. Майдан арабалар менен атчан аскерлер үчүн, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө тиешелүү жерлерде курам деген бардык шаарларды курду.

7Ысрайыл уулдарынан эмес болгон хеттиктерден, аморлуктардан, периздиктерден, хибиликтерден жана жебустуктардан калган бардык элди,

8Ысрайыл уулдары тирүү калтырган алардын балдарынын бардыгын Сулайман бүгүнкү күнгө чейин эрксиз жумушчу кылып салган.

9Сулайман Ысрайыл уулдарын болсо өз жумуштарына иштеткен жок, алар аскерлер, аны кайтарган сакчылардын башчылары, майдан арабалардын, атчан аскерлердин башчылары эле.

10Сулайман падышанын эл башкарган башкы көзөмөлдөөчүлөрүнүн саны эки жүз элүү болду.

11Сулайман Дөөттүн шаарынан фараондун кызын ал үчүн курган үйгө көчүрүп келди. Себеби ал: «Ысрайыл падышасы Дөөттүн үйүндө аял жашабашы керек, анткени Теңирдин келишим сандыгы турган үй ыйык», – деди.

12Ошондон кийин Сулайман Мусанын осуяты боюнча, ар бир күндүн эрежеси менен ишембиде, ай жаңырганда жана жылына үч жолу: Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында, Алачыктар майрамында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруу үчүн,

13Кудай үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн алдында орнотулган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чала баштады.

14Анан ал атасы Дөөттүн буйругу боюнча кызмат кылуу кезегин белгиледи. Ал ар бир күндүн мыйзамы боюнча Теңирди даңктап, ыйык кызмат кылуучулардын жанында кызмат кылып турушу үчүн, ыйык кызмат кылуучулардын кызмат кылуу кезегин, лебилердин кайтаруу кезегин белгиледи. Ошондой эле дарбазачылардын ар бир дарбазаны кайтаруу кезегин белгиледи. Анткени Кудайдын кишиси Дөөттүн буйругу ушундай болчу.

15Алар ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, казынага карата берилген падышанын эч бир буйругун бузушкан жок.

16Теңирдин үйүнүн пайдубалын кургандан баштап, аны толук бүтүргөнгө чейин, Сулаймандын бардык иштери ушундай тартипте болду.

17Ошондон кийин Сулайман эдомдуктардын жериндеги деңиз жээгинде жайгашкан Этсион-Гебер менен Эйлатка жөнөдү.

18Хирам ага өзүнүн кишилери менен кошо кемелерди жана деңизди жакшы билген кулдарды жөнөттү. Алар Сулаймандын кулдары менен Опирге барып, ал жерден төрт жүз элүү талант алтын алышып, Сулайман падышага жеткиришти.

e>