2 Жылнаама 9:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Шебалык падыша аял Сулаймандын атак-даңкын угуп, аны табышмак менен сынаш үчүн, көп байлыктары менен жыпар жыттуу заттар, көптөгөн алтын, асыл таштар жүктөлгөн төөлөрү менен Иерусалимге келди. Сулайманга келип, жүрөгүндө болгон бардык нерсе жөнүндө аңгемелешти.

2Сулайман анын болгон суроолоруна жооп берди. Ал жооп бере албай калган эч нерсе болгон жок.

3Шебалык падыша аял Сулаймандын акылмандыгын жана ал курган үйдү көрдү.

4Анын үстөл үстүндөгү тамактарын, кулдарынын турган үйлөрүн, кызматчыларынын адептүүлүгүн, алардын кийимдерин, шарап сунуучуларын, алардын кийимдерин, Теңир үйүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганын көрүп, падыша аял айран-таң калды.

5Ал падышага мындай деди: «Сенин кылган иштериң менен акылмандыгың жөнүндө өз жеримде уккандарым чын экен.

6Бирок келип өз көзүм менен көргөнгө чейин, алардын сөзүнө ишенген жок элем. Мага сенин улуу акылмандыгыңдын теңи да айтылбаптыр, сен мен уккан сөздөрдөн артык экенсиң.

7Ар дайым алдыңда туруп, акылман сөздөрүңдү уккан адамдарың бактылуу, кызматчыларың да бактылуу.

8Сенин Кудай-Теңириңе алкыш! Ал сага ырайым көрсөтүп, Өз Кудай-Теңириңдин падышасы кылып, Өз тагына отургузду. Сенин Кудайың Ысрайылды сүйгөндүктөн, аны түбөлүккө бекемдөө үчүн, ага чындык менен бийлик кылсын деп, сени Өзү падыша койду».

9Падыша аял падышага жүз жыйырма талант алтын, абдан көп жыпар жыттуу заттар менен асыл таштарды тартуу кылды. Шебалык падыша аял Сулайман падышага тартуу кылган жыпар жытуу заттардай жыпар жыттуу зат болгон эмес.

10Опирден алтын жүктөп келген Хирамдын кулдары менен Сулаймандын кулдары кызыл жыгачтарды да, кымбат баалуу асыл таштарды да алып келишти.

11Падыша бул кызыл жыгачтардан Теңирдин үйү менен падышанын үйүнүн тепкичтерин, ырчылар үчүн лираларды, арфаларды жасады. Мурун мындай нерселер Жүйүт жеринде болгон эмес.

12Сулайман падыша болсо шебалык падыша аялга ал өзү алып келген тартууларга окшобогон, ал каалаган, ал жактырган буюмдарды белек кылды. Падыша аял өз кулдары менен өз жерине жөнөп кетти.

13Сулайманга бир жылда келген алтындын салмагы алты жүз алтымыш алты талантка барабар болчу.

14Андан тышкары, Сулайманга алтын менен күмүштү элчилер менен көпөстөр жана Аравиянын бардык падышалары, дубан башчылары да алып келип турушту.

15Сулайман алтындан балка менен согуп, эки жүз чоң калкан жасады, ар бир калканга алты жүз шекел алтын кетти.

16Алтындан балка менен согуп, дагы үч жүз чакан калкан жасады, ар бир калканга үч жүз шекел алтын кетти. Аларды падыша Лебанон жыгачынан жасалган үйгө койду.

17Падыша пил сөөгүнөн чоң такты жасап, аны таза алтын менен каптады.

18Тактыга чыга турган алты алтын баскычты жана алтын бут койгучту тактыга бириктирип жасады, тактынын отургучунун эки тарабына чыканак койгучтарды жана алардын жанына эки арстанды жасады.

19Алты баскычтын эки тарабына он эки арстан жасады. Бир да падышачылыкта мындай такты болгон эмес.

20Сулайман падышанын суусундук иче турган идиштеринин бардыгы алтындан эле. Лебанон жыгачынан курулган үйдөгү идиштер да таза алтындан болчу. Сулаймандын тушунда күмүш эч бааланчу эмес.

21Анткени Хирамдын кулдары падышанын кемелери менен Таршышка барып келишчү. Кемелер Таршыштан үч жылда бир жолу келчү, ал жактан алтын, күмүш, пилдин сөөктөрү, маймылдар менен тоос куштары алып келинчү.

22Ошентип, Сулайман падыша байлыгы, акылмандыгы жагынан жер жүзүндөгү бардык падышалардан ашып түштү.

23Кудай тарабынан берилген Сулаймандын акылмандуулугун угуш үчүн, жер жүзүндөгү падышалар аны издеп келишчү.

24Алардын ар бири жыл сайын өз атынан алтын-күмүш идиштерди, кийим-кечелерди, курал-жарактарды, жыпар жыттуу заттарды, аттар менен качырларды тартуулап келишчү.

25Сулаймандын аттары менен майдан арабалары үчүн төрт миң мамысы, он эки миң атчан аскери болгон. Аларды ал арабалар тура турган шаарларга жана Иерусалимге, өзү жашаган шаарга, жайгаштырган.

26Ал Эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, андан ары Мисир чегине чейинки бардык падышаларга үстөмдүк кылды.

27Падыша Иерусалимде күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.

28Аттарды Сулайманга Мисирден жана бүт жерлерден алып келишчү.

29Сулаймандын калган башка иштери, алгачкы да, акыркы да иштери Натан пайгамбардын жазууларында, шилолук Акиянын пайгамбарчылыгында жана көрөгөч Жоелдин Небаттын уулу Жаробам жөнүндө көргөн көрүнүштөрүндө жазылган.

30Сулайман Иерусалимде бүткүл Ысрайылга кырк жыл бийлик кылды.

31Сулайман көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам падыша болду.

e>