2 Корунттуктарга 1:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы Жыйынына жана Ахаядагы бардык ыйыктарга салам!

2Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.

3Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы, боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон Кудай Ата макталсын!

4Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат.

5Машайак жолунда биз азапты канчалык көп тарткан сайын, Машайак аркылуу ошончолук сооронуп жатабыз.

6Эгерде кайгырып жатсак, силердин сооронушуңар үчүн жана куткарылышыңар үчүн кайгырып жатабыз. Эгерде сооронуп жатсак, силердин сооронушуңар үчүн сооронуп жатабыз. Анткени бул сооронуу биз сыяктуу эле кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан силерге да кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен көтөрүүгө жардам берет.

7Биздин силерден үмүтүбүз чоң, анткени биз сыяктуу эле силер да кыйынчылыктарды башыңардан өткөрүп жатканыңарды, биз сыяктуу эле сооронуп жатканыңарды билебиз.

8Бир туугандар, Асия жеринде башыбызга түшкөн кыйынчылык жөнүндө билишиңерди каалайм. Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз.

9Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезген элек. Бул кыйынчылык өзүбүзгө таянбай, өлгөндөрдү тирилткен Кудайга таянышыбыз үчүн болду.

10Ал бизди өлүм коркунучунан куткарып алды, куткарып жатат, дагы да куткарат деп, биз Андан үмүттөнөбүз.

11Силердин да биз үчүн сыйынганыңар боюнча, көптөрдүн арачылык кылып сыйынганы боюнча Кудай бизге ырайым кылгандыгы үчүн, көптөр Кудайга ыраазычылык билдиришет.

12Дүйнөдө, айрыкча, силердин араңарда биз адамдык акылмандуулук менен эмес, Кудайдын ырайымы, Кудайдан келген ыйыктык, тазалык менен жашаганыбызга абийирибиз күбө. Бул биздин мактанычыбыз.

13Биздин силерге жазганыбыз силер окуп түшүнө албагыдай нерсе эмес, бизди толук түшүнөсүңөр деп үмүттөнөм.

14Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү биз силердин мактанычыңар болорубузду, силер биздин мактанычыбыз болоруңарды силер азыр кандайдыр бир деңгээлде түшүнүп калдыңар.

15Буга мен бекем ишенгендиктен, эки ирет батага ээ болушуңар үчүн,

16Македонияга бара жатып да, ал жактан келе жатып да силерге тие кетейин деп ойлогом. Силер мени Жүйүт аймагына узатып коймоксуңар.

17Ушундай максатты алдыма койгонум жеңил ойлуулукпу? Же эмне, мен адамдык акыл менен чечим чыгарып, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деп жатыптырмынбы?

18Кудай ишенимдүү, биз силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дечү эмеспиз.

19Мен, Сылас жана Тиметей аркылуу араңарда жарыяланган Кудай Уулу Ыйса Машайак бир туруп «ооба», бир туруп «жок» болгон эмес, Анда «ооба» гана болгон.

20Кудайдын бардык убадалары Машайак аркылуу «ооба». Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машайак аркылуу Кудайга «Оомийин» дейбиз.

21Машайак аркылуу силерди да, бизди да бекемдеген жана бизди майлаган – Кудай.

22Мөөрүн басып, жүрөгүбүзгө Рухту аманат кылып салып берген да – Ал.

23Кудайды күбөгө тартам, Корунтка кайра келбегенимдин себеби: силерди аядым.

24Биз силердин ишенимиңердин үстүнөн бийлик кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз, анткени силердин ишенимиңер бекем.

article>