1Араңарда жүргөндө момун, алыста жүргөнүмдө кайраттуу деп эсептелинген мен, Пабыл, Машайактын момундугу жана ырайымдуулугу менен силерден өтүнөм.
2Силерге эскерте кетейин: мен келгенде, бизди адамдык кылып жатат деп эсептеген адамдарга каршы көрсөтөйүн деп жүргөн кайраттуулугумду силерге каршы көрсөтпөгүдөй болоюн.
3Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, адамдык кылып күрөшпөйбүз.
4Анткени күрөшө турган куралдарыбыз адамдык куралдар эмес, алар – чептерди талкалаган Кудайдын күчүнө ээ куралдар.
5Алар менен биз Кудайды таанып билүүгө каршы турган ар кандай ойлорду, менменсинүүчүлүктү талкалайбыз жана ар кандай ой жүгүртүүлөрдү Машайакка тил алдыруу үчүн туткундайбыз.
6Силер тил алгандан кийин, биз тил албагандарды жазалоого даярбыз.
7Көз алдыңардагыны карагылачы! Ким өзүнүн Машайакка таандык экенине бекем ишенсе, ал ойлонуп көрсүн. Анткени ал Машайакка таандык болгондой эле, биз да Машайакка таандыкпыз.
8Теңирдин бизге силерди зыянга учуратуу үчүн эмес, бекемдөө үчүн берген бийлиги менен ашыра мактанып койсом, уят болбойм деп ойлойм.
9Бирок мен силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн.
10Анткени кээ бирөөлөр мени: «Каттарында курч жана кайраттуу болгону менен, бетме-бет келгенде, алсыз, сөзү өтүмсүз», – дешет экен.
11Ушинтип айтып жүргөндөр билип коюшсун: көзүбүз жокто, катыбызда кандай болсок, бетме-бет келгенде деле ошондойбуз.
12Өзүн өзү мактагандарга теңелүүгө, өзүбүздү аларга салыштырууга батынбайбыз. Өздөрүнө өздөрү баа берип, өздөрүн өздөрүнө салыштырышканы – акылсыздык.
13Биз ашыкча мактанбайбыз, Кудай белгилеген чекте мактанабыз. Бул чек силерди да камтыйт.
14Силерге жете элек болгонсуп күч жумшабайбыз. Анткени биз Машайактын Жакшы Кабары менен силерге да жеткенбиз.
15Биз ашыкча мактанбайбыз, башка бирөөлөрдүн эмгеги менен да мактанбайбыз. Тескерисинче, ишенимиңер өскөн сайын, силердин араңардагы иш-аракетибиз да көбөйөт деп үмүттөнөбүз.
16Жакшы Кабарды силерден нары жашагандарга да таратабыз, биз башка бирөөнүн даяр эмгеги менен мактанбайбыз.
17Мактанган адам Теңир менен мактансын.
18Мактоого өзүн өзү мактаган адам эмес, Теңир мактаган адам татыктуу.