2 Корунттуктарга 11:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Менин акылсыздыгыма бир аз чыдап койсоңор боло! Бирок силер мага чыдап жатасыңар.

2Мен силерди Кудайдын кызганычы менен кызганып жатам, анткени силерди бир Күйөөгө – Машайакка никелеп койгом. Анын алдына таза бойдон барышыңарды каалагандыктан кызганып жатам.

3Обо энени жылан өзүнүн куулугу менен алдап кеткендей эле, силерди да кимдир бирөө Машайак жолундагы жөнөкөйлүктөн жана тазалыктан четтетип, акылыңарды адаштырбаса экен деп корком.

4Анткени бирөө келип, силерге биз жарыялагандан башка Ыйсаны, силер алгандан башка рухту, силер кабыл алгандан башка Жакшы Кабарды жарыяласа, силер ага чыдайсыңар.

5«Мыкты элчилерден» менин эч жерим кем эмес деп ойлойм.

6Сөзгө чечен болбосом да, билимим бар. Дегинкиси, биз силерге бардык жагынан белгилүүбүз.

7Силерди жогорулатуу үчүн, өзүмдү басынтып, Кудайдын Жакшы Кабарын силерге акысыз тараткандыгым үчүн күнөөлүүмүнбү?

8Силерге кызмат кылыш үчүн, башка Жыйындарды чыгымга учураттым, алар мени каржылап турушту. Араңарда жүргөндө муктаж болгонума карабастан, бирөөңөргө да оорчулук келтирген жокмун.

9Анткени менин кем-карчымды Македониядан келген бир туугандар толукташты. Силерге эч бир нерседе оорчулук келтирбегенге аракеттендим, дагы да аракеттенем.

10Машайактын мендеги чындыгы менен айтайын, Ахая жеринде бул мактоону менден эч ким тартып ала албайт.

11Эмне үчүн минтип жатам? Силерди сүйбөгөндүгүм үчүнбү? Силерди сүйөрүм Кудайга белгилүү!

12Бирок мактанган нерселери менен бизге окшошуш үчүн шылтоо издеп жүргөндөргө түрткү бербөө үчүн, мен кандай кылып жатсам, ошондой кыла берем.

13Анткени алар – жалган элчилер, алдамчы кызматчылар, өздөрүн Машайактын элчилери кылып көрсөтүшөт.

14Бул таң каларлык нерсе эмес, анткени шайтан да өзүн Жарыктын Периштеси кылып көрсөтөт.

15Ошондуктан шайтандын кызматчылары да өздөрүн чындыктын кызматчылары кылып көрсөтүшсө, бул таң каларлык эмес. Бирок алар акырында иштерине жараша тиешесин алышат.

16Дагы да кайталайм: эч ким мени акылсыз деп эсептебесин. Эгерде ошондой эсептеп жатсаңар, анда мени акылсыз катары кабыл алгыла, мен да бир аз мактангыдай болоюн.

17Айтып жатканым Теңирден эмес, «акылсыз» болгондугумдан улам мактоого татыктуумун деген бекем ишеним менен айтып жатам.

18Көптөр адамдык кылып мактанып жатышат, ошондуктан мен да мактанып коёюн.

19Анткени, силер, акылдуулар, акылсыздарга жан-дилиңер менен чыдайт эмессиңерби.

20Силерди кул кылып жаткандарга да, силердикин жеп түгөтүп жаткандарга да, силердикин тартып алып жаткандарга да, силерге менменсинип жаткандарга да, силерди жаакка чаап жаткандарга да чыдайсыңар.

21Уялсам да, айтышым керек, мындай иштерге биздин күчүбүз жеткен жок. Эгерде кимдир бирөө бир нерсе менен мактанууга батынса, акылсыз адамдай айтайын, анда мен да мактанууга батынам.

22Алар эврейби? Мен да эвреймин. Алар ысрайылдыктарбы? Мен да ысрайылдыкмын. Алар Ыбрайымдын урпактарыбы? Мен да урпагымын.

23Алар Машайактын кызматчыларыбы? Акылсыз адамдай айтайын, мен кызматчыдан да жогорумун. Мен аларга караганда көп эмгектендим, көп жолу жарадар болдум, түрмөгө көп түштүм, көп жолу өлүмдөн калдым.

24Жүйүттөрдөн беш жолу отуз тогуздан камчы жедим.

25Үч жолу таяк менен сабашты, бир жолу таш бараңга алышты, үч жолу кеме кырсыгына учурадым, бир күн, бир түн деңизде калдым.

26Көп жолу сапарга чыгып, дарыялардын үстүндө, шаарда, чөлдө, деңиз үстүндө коркунучка дуушар болдум; каракчылар, уруулаштарым, бутпарастар, жалган бир туугандар коркунуч туудурушту.

27Эмгектендим, кыйналдым, көп жолу уйкудан калдым, ачка калдым, суусадым, көп жолу орозо кармадым, суукка калдым, кийимсиз калдым.

28Мындан тышкары мага адамдар күн сайын агылып келип турушат, бардык Жыйындар үчүн кам көрөм.

29Бирөө алсыз болсо, мен да өзүмдү алсыз сезбейминби? Бирөө азгырылса, ал үчүн күйүп-бышпаймынбы?

30Эгерде мактанышым керек болсо, мен алсыздыгым менен мактанам.

31Теңирибиз Ыйса Машайактын түбөлүккө даңктуу Кудайы жана Атасы менин жалган айтып жатпаганымды билет.

32Падыша Аретанын кол астындагы дубан башчысы мени колго түшүрүш үчүн, Дамаск шаарын кароолго алган эле. Бирок мени чабырага салып, шаар дубалынын терезесинен түшүрүп коюшту. Ошентип, мен анын колунан качып кутулдум.

/article>