2 Корунттуктарга 12:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Пайдасыз болгонуна карабастан, мактанууга туура келет. Теңирдин көрүнүштөрү жана аяндары жөнүндө сөз кылууга өтөйүн.

2Машайакка таандык бир адамды билем, мындан он төрт жыл мурун ал үчүнчү асманга көтөрүлгөн эле. Ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, Кудай билет.

3Мен ушундай адам жөнүндө билем, бирок ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, муну Кудай билет.

4Ал адамдын бейишке көтөрүлгөндүгүн билем. Ал жерден ал адам сөз менен айтып жеткиргис, адам айтып бере алгыс сөздөрдү уккан.

5Мындай адам менен мактана алам. Өзүм болсо алсыздыктарымдан башка эч нерсе менен мактана албайм.

6Деген менен мактангым келсе, акылсыз болбойм, анткени мен чындыкты айтам. Кимдир бирөө мен жөнүндө уккан-көргөнүнөн да жогору ойлоп албашы үчүн, өзүмдү токтотуп жатам.

7Өзгөчө аяндарды алгандыгымдан улам менменсинип кетпешим үчүн, менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим үчүн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди.

8Менден аны четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге үч ирет сыйындым.

9Бирок Ал мага мындай деди: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот». Ошондуктан Машайактын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам.

10Ошондуктан Машайак үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн.

11Мактанып акылсыз болдум, бирок ошондой болууга мени силер аргасыз кылдыңар. Мени силер макташыңар керек эле, анткени мен эч ким эмес болсом да, «мыкты элчилерден» эч жерим кем эмес.

12Элчиликтин белгилери силердин араңарда улуу чыдамдуулук, жышаандар, кереметтер жана кудурет-күч менен көрсөтүлдү.

13Башка Жыйындар менен салыштырганда, силер эмнеден кем болдуңар? Силерге жүк болбогонум менен элеби? Бул айыбымды кечирип койгула.

14Мына, мен силерге үчүнчү ирет барууга даярмын, бирок силерге оордук келтирбейм. Анткени каалаганым силердеги эмес, силерсиңер. Балдары ата-энеси үчүн эмес, ата-энеси балдары үчүн мал-мүлк жыйнашы керек.

15Силер мени мен силерди сүйгөнчөлүк сүйбөсөңөр да, силердин жаныңар үчүн мен чын көңүлүм менен колумда болгондун баарын сарптаймын, өзүмдү да аябаймын.

16Мындай деп коёлу, мен өзүм силерге оорчулук келтирген жокмун, бирок куулук кылып, силерден айла-амал менен алып турдум.

17Жиберген адамдарым аркылуу силерден пайда көрдүмбү?

18Титтен силерге баруусун өтүнүп, аны менен кошо бир туугандардын бирин жибердим эле: Тит силердин бир нерсеңерди пайдаландыбы? Экөөбүз тең бир рух менен кызмат кылып жаткан жокпузбу? Экөөбүз тең бир жол менен бара жаткан жокпузбу?

19Алиге чейин силер бизди өзүңөрдүн алдыңарда актанып жатат деп ойлойсуңарбы? Машайакка таандык болгон биз Кудай алдында айтып жатабыз. Сүйүктүү бир туугандар, мунун баары силердин ишенимиңердин бекемделиши үчүн болуп жатат.

20Анткени силерге барганымда, силер мен каалабагандай абалда болбосоңор экен деп, мен өзүм да силер каалабагандай абалда болбосом экен деп корком: силердин араңарда өз ара талаш-тартыш, көрө албастык, ачуулануу, чыр-чатак, жалаа жабуу, ушак, текебердик, тартипсиздик бар болбосо экен деп,

21кайра барганымда, Кудайым мени силердин алдыңарда басынтпаса экен деп, буга чейин күнөө кетирип, өздөрү кылган ыпылас иштерин, ойноштук кылгандарын, адепсиздиктерин мойнуна алып өкүнбөгөн көптөр үчүн ыйлабасам экен деп корком.

/article>