2 Корунттуктарга 13:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Ушуну менен силерге үчүнчү ирет бара жатам. Ар бир сөз эки же үч күбө аркылуу бекемделет.

2Экинчи жолу барганымда эскерткендей эле, араңарда жок болгонума карабастан, азыр да эскертип жатам: эми барганымда, буга чейин күнөө кылгандарды да, башкасын да аябайм.

3Мен аркылуу Машайак сүйлөп жатканына далил издеп жатасыңар. Араңарда Өзүнүн кудуретин көрсөтүп жаткан Машайак силер үчүн күчсүз эмес.

4Алсыз болуп айкаш жыгачка кадалган эле, бирок Кудайдын күчү менен азыр Ал тирүү. Ошол сыяктуу эле биз да Анын ичинде алсызбыз, бирок силердеги Кудайдын күчү аркылуу тирүү болобуз.

5Өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы? Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлөчү. Же силер өзүңөрдү, Ыйса Машайак ичиңерде экенин билбейсиңерби? Андай болсо силер ким болушуңар керек болсо, ошол эмессиңер.

6Биз жөнүндө болсо, биз ким болушубуз керек болсо, ошол экенибизди билип аласыңар деп үмүттөнөм.

7Силер эч кандай жамандык кылбашыңар үчүн, Кудайга сыйынып жатабыз. Өзүбүздүн ким болушубуз керек экендигин көрсөтүш үчүн эмес, тескерисинче, ким болушубуз керек болсо, ошол эмес болуп көрүнсөк да, жакшылык кылышыңар үчүн сыйынабыз.

8Себеби биз чындыкка каршы күчтүү эмеспиз, тескерисинче, чындык үчүн күчтүүбүз.

9Биз алсыз, силер күчтүү болгондо, биз кубанабыз, жеткилең болушуңар үчүн сыйынып жатабыз.

10Теңирдин мага бузуу үчүн эмес, куруу үчүн берген бийлигин силердин араңарда жүргөнүмдө катаалдык менен колдонуп койбошум үчүн, буларды мен силердин араңарда жок кезимде жазып жатам.

11Ошондой болсо да, бир туугандарым, кубангыла. Жеткилең болууга умтулгула. Кайраттуу болгула, бир ойдо болгула, тынчтыкты сактагыла! Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.

12Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Бардык ыйыктар силерге салам айтып жатышат.

13Силерде Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы, Кудай Атанын сүйүүсү жана Ыйык Рухтун баарлашуусу болсун! Оомийин.

/article>