2 Корунттуктарга 2:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Ошондуктан мен дагы барып силерди капалантпаш үчүн, келбей эле коёюн деп чечтим.

2Эгерде мен силерди капа кылган болсом, капа болуп калган силерден башка мени ким кубантат?

3Барганымда, мени кубантчу адамдар мени капалантышпагандай болсун деп, буларды жаздым. Менин кубанычым жалпыңардын кубанычыңар болот деп, бекем ишенем.

4Силерди капа кылыш үчүн эмес, менин силерге болгон терең сүйүүмдү сезишиңер үчүн, кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жаздым.

5Эгерде кимдир бирөө мени капа кылса, мени эмес, кандайдыр бир деңгээлде (ашыра айтпайын) баарыңарды капа кылды.

6Мындай адамга көпчүлүктүн бул жазасы жетиштүү.

7Кайгыга чөгүп мүңкүрөп калбашы үчүн, ал адамды кечирип, сооротконуңар жакшы.

8Ошондуктан ага сүйүү менен мамиле кылууңарды суранам.

9Мен муну силерге бардык учурда эле тил алар-албасыңарды иш жүзүндө көрүш үчүн жаздым.

10Кимди кечирсеңер, мен да аны кечирем. Эгерде мен бирөөнү кечирсем, силер үчүн Машайактын атынан кечирдим.

11Шайтан бизге зыян келтирбеши үчүн кечирдим. Анткени анын арам ойлору бизге белгилүү.

12Машайактын Жакшы Кабарын таратыш үчүн, Троаска келгенимде, Теңир аркылуу бул жерде Жакшы Кабар таратуу үчүн, эшик ачык болгонуна карабастан, рухум тынчтана албады.

13Анткени мен бир тууганым Титти ал жерден таппай койдум. Алар менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.

14Машайак аркылуу бизге ар дайым жеңиш берген жана Өзүн таанып билүүнүн жагымдуу жытын ар кайсы жерде биз аркылуу таратып жаткан Кудайга ыраазыбыз!

15Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын арасында да, өлүмгө бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз.

16Бирөөлөр үчүн өлүм алып келген өлүм жыты болсок, башка бирөөлөр үчүн өмүр алып келген өмүр жытыбыз. Андай болсо бул ишке ким жөндөмдүү?

17Биз көптөргө окшоп Кудайдын Сөзүн бурмалабайбыз. Кудай Сөзүн Кудайдан келген Сөз катары, Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп, чын жүрөктөн айтабыз.

article>