1Чыны менен эле, биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырышыбыз керекпи? Чыны менен эле, биз кээ бирөөлөр сыяктуу силерге мактоо катын жазганга же силерден ошондой кат алганга муктажбызбы?
2Жүрөгүбүзгө жазылган, бардык адамдар таанышып да, окуп да жаткан биздин катыбыз силерсиңер.
3Силер биздин кызматыбыз аркылуу сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, жүрөктүн эт лоокторуна жазылган Машайактын каты экендигиңерди өзүңөр эле көрсөтүп жатасыңар.
4Биз Кудайдын алдында Машайак аркылуу ушундай ишенимге ээ болдук.
5Биз өзүбүз бир нерсе жөнүндө ойлонууга жөндөмдүү эмеспиз, биздин жөндөмдүүлүгүбүз Кудайдан.
6Ал бизге Жаңы Келишимдин кызматчылары болууга жөндөмдүүлүк берди. Бул кызмат болсо – мыйзам тамгасына эмес, Рухка негизделген кызмат. Анткени мыйзам тамгасы өлтүрөт, ал эми Рух өмүр берет.
7Мусанын жүзүнөн өчө турган нур чачырап тургандыктан, Ысрайыл уулдары анын жүзүн карай алышкан эмес. Ташка чегилип жазылган, өлүм алып келүүчү мыйзам тамгасынын кызматы ушундай даңктуу болсо,
8Рухтун кызматы андан бетер даңктуу.
9Адамды айыптоо кызматы даңктуу болсо, адамды актоо кызматы андан бетер даңктуу.
10Азыр даңкталып жаткан кызмат менен салыштырганда, мурун даңкталган кызмат даңктуу болбой калат.
11Анткени өтүп кетчү кызмат даңктуу болгон болсо, азыркы кызмат андан бетер даңктуу.
12Ушундай үмүтүбүз бар болгондуктан, кайраттуулук менен кызмат кылып жатабыз.
13Жүзүндөгү нурдун өчүп бара жатканын Ысрайыл уулдары көрбөсүн деп, жүзүнө жабуу жаап алган Мусадай эмеспиз.
14Бирок Ысрайыл уулдарынын акылы караңгыланып калган. Анткени Байыркы Келишимди окуп жаткан алардан ошол жабуу ушул күнгө чейин алынбай турат. Ал жабууну Машайак гана алып сала алат.
15Муса пайгамбардын китептерин окуп жатышкан алардын жүрөктөрүндө ушул күнгө чейин жабуу бар.
16Бирок Теңирге кайрылышканда, ал жабуу алынат.
17Теңир – Рух, Теңирдин Руху болгон жерде – эркиндик.
18Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз. Бул Теңирдин Руху аркылуу болуп жатат.