2 Корунттуктарга 4:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Бул кызмат бизге Теңирдин ырайымы менен берилгендиктен, көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз.

2Жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сөзүн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү ар бир адамдын абийирине коёбуз.

3Биз жарыялаган Жакшы Кабар жабык болсо, ал өлүмгө бара жаткандар үчүн жабык.

4Кудайдын бейнеси болгон Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсү үчүн, бул дүйнөнүн төрөсү ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон.

5Биз өзүбүздү жарыялап жаткан жокпуз. Машайак Ыйсаны Теңир деп, өзүбүздү болсо Ыйса үчүн силердин кулдарыңарбыз деп жарыялап жатабыз.

6Караңгылыкта жарык жаркырасын деп буйруган Кудай Өзүнүн даңкын Ыйса Машайак аркылуу бизге көрсөтүш үчүн, жүрөгүбүздү жарык кылды.

7Бирок кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз.

8Биз бардык тараптан кысымга алынып жатабыз, бирок өзүбүздү кысымга алынгандай сезбейбиз. Биз үмүтсүз абалдабыз, бирок үмүтүбүздү үзбөйбүз.

9Бизди кубалап жатышат, бирок кароосуз калган жокпуз. Бизди кыйнап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.

10Ыйсанын өмүрү денебизде көрүнүшү үчүн, Теңир Ыйсанын өлүмүн ар дайым денебизде алып жүрөбүз.

11Анткени биз, тирүүлөр, өлө турган денебизде Ыйсанын өмүрү көрүнүшү үчүн, Ыйса үчүн ар дайым өлүмгө баш коюп жатабыз.

12Ошентип, биз өлүмгө баш коюп жатабыз, силер болсо өмүргө ээ болуп жатасыңар.

13Забурда: «Мен ишенгем, ошондуктан сүйлөдүм», – деп жазылган. Ошол эле ишеним рухуна ээ болгон биз да ишенебиз, ошондуктан сүйлөп жатабыз.

14Анткени биз Ыйса Теңирди тирилткен Кудай Ыйса менен бирге бизди да тирилтерин, Өзүнүн алдына силер менен кошо бизди да алып келерин билебиз.

15Мунун баары силер үчүн, артыгы менен көрсөтүлгөн ырайым көптөрдүн ыраазычылык билдирүүсүн арттыруу үчүн жана Кудай даңкталышы үчүн болуп жатат.

16Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда.

17Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат.

18Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү.

article>