2 Корунттуктарга 5:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Жердеги үйүбүз, бул чатырыбыз, кыйрагандан кийин, Кудай бизге асмандан адамдын колу менен жасалбаган имаратты, түбөлүк үйдү, берерин билебиз.

2Ошон үчүн асмандагы үйүбүздү кийүүнү каалап, улутунуп жатабыз.

3Кийимчен туруп, жылаңач деп табылып калбасак эле болду.

4Бул чатырыбызда турганыбызда кыйналып, үшкүрүнүп жатабыз. Анткени өлө турган нерсенин бардыгынын үстүнөн өмүр жеңишке жетиши үчүн, биз жылаңач болууну эмес, кийимчен болууну каалайбыз.

5Кудай бизди ошого даярдаган жана бизге Рухту аманат кылып берген.

6Ошондуктан ар дайым кайраттуубуз, бул денебизде жашап жатканыбызда, Теңирден алыс экенибизди билебиз.

7Анткени биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз.

8Ошондуктан биз кайраттуубуз, денеден чыгып, Теңирдин жанына барууну артык көрөбүз.

9Денебизде жашап жатсак да, денебизден чыгып кете турган болсок да, Теңирге жагууга аракеттенип жатабыз.

10Анткени денеде жашап жүргөндө кылган жаман же жакшы иштерибизге жараша тиешебизди алуу үчүн, баарыбыз Машайактын сот тактысынын алдына келишибиз керек.

11Ошентип, Кудайдан коркуу деген эмне экенин билгендиктен, адамдарды ынандырууга аракеттенип жатабыз. Кудай алдында ачыкпыз, силердин абийириңердин алдында да ачыкпыз деп ойлойм.

12Биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырып жаткан жокпуз. Жүрөгү менен эмес, сырткы көрүнүшү менен мактангандарга жооп бере алгыдай болушуңар үчүн, биз менен мактана алгыдай мүмкүнчүлүк берип жатабыз.

13Эгерде өзүбүздү кармай албай калып жатсак, анда Кудай үчүн ошентип жатабыз. Эгерде өзүбүздү токтоо алып жүрсөк, анда силер үчүн ошентип жатабыз.

14Анткени Машайактын сүйүүсү: «Бирөө бардыгы үчүн өлдү, демек, бардыгы өлүштү», – деп ойлогон бизди ошентүүгө милдеттендирет.

15Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, өздөрү үчүн өлгөн жана кайра тирилген Машайак үчүн жашашы үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн.

16Ошондуктан биз мындан ары эч кимди сырткы көрүнүшү боюнча баалабайбыз. Биз мурун Машайакты сырткы көрүнүшү боюнча адам катары бааласак да, азыр андай баалабайбыз.

17Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду.

18Мунун баары Кудайдан, Кудай Машайак аркылуу бизди Өзү менен элдештирди жана бизге элдештирүү кызматын берди.

19Анткени Кудай Машайактын ичинде дүйнөнү Өзү менен элдештирди, адамдардын күнөөлөрүн эске алган жок. Бизге болсо Кудай менен элдешүү жөнүндөгү сөздү жарыялоону тапшырды.

20Ошентип, биз Машайактын атынан келген элчилербиз, Кудай Өзү биз аркылуу адамдарга кайрылып жатат. Машайактын атынан суранабыз: Кудай менен элдешкиле.

21Машайак аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды.

article>