1Кудайдын кызматташтары катары силерге эскертебиз: Кудайдын ырайымын кабыл алганыңар пайдасыз болуп калбасын.
2Себеби Ал мындай деген: «Жакшы убакта Мен сени уктум, куткарылуу күнү сага жардам бердим». Мына азыр – жакшы убакыт, мына бүгүн – куткарылуу күнү.
3Кызматыбыз сөзгө калбаш үчүн, эч кимге эч нерседе кедерги болбойбуз.
4Тескерисинче, кыйынчылык келгенде, муктаж болгондо, кысымчылык болгон учурларда,
5таяк жегенде, түрмөлөргө түшкөндө, куугунтуктар болгондо, эмгектенгенде, уйкусуз түндөрдө, орозо кармаганда,
6тазалыкты, кеменгерликти, кең пейилдикти, чыдамдуулукту, жакшылыкты, Ыйык Рухтун күчүн жана таза сүйүүнү көрсөтүүдө,
7чындык сөзүн жарыялоодо, Кудайдын күчүн көрсөтүүдө адилдиктин куралын оң колубузга да, сол колубузга да кармап,
8бизди сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да – бардык учурда бардык нерсеге чыдап, өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтүп жатабыз. Бизди жалганчы деп эсептешет, бирок биз ишенимдүүбүз.
9Таанымал болбосок да, бизди таанышат. Бизди өлгөн адамдар катары көрүшөт, бирок биз тирүүбүз. Бизди жазалап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.
10Бизди капа кылып жатышат, бирок биз ар дайым кубанабыз. Жардыбыз, бирок биз көптөрдү байытабыз. Эч нерсебиз жок, бирок биз баарына ээбиз.
11Корунттуктар, силер менен ачык сүйлөштүк, силерге жүрөгүбүздү кенен ачтык.
12Биз силерди жүрөгүбүзгө батырдык, бирок силер бизди батыра албадыңар.
13Силерге балдарым катары кайрылып жатам, биз сыяктуу эле силер да бизге жүрөгүңөрдү кенен ачкыла.
14Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?
15Машайак менен Белиардын ортосунда кандай макулдашуу бар? Ишенген адам менен ишенбеген адамдын ортосунда кандай жалпылык бар?
16Кудайдын ийбадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар? Анткени силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Кудай мындай деген: «Алардын арасына жайгашып, алардын арасында жүрөм, алардын Кудайы болом, алар Менин элим болушат».
17«Ошон үчүн алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө, – дейт Теңир, – арам нерселерге жолобогула, ошондо Мен силерди кабыл алам».
18«Мен силерге Ата болом, силер болсо Менин уулдарым, кыздарым болосуңар», – дейт кудуреттүү Теңир.