1Сүйүктүү бир туугандарым, Кудай бизге ушундай убадаларды бергендиктен, денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка умтулалы.
2Бизге жүрөгүңөрдөн орун бергиле: биз эч кимди таарынткан жокпуз, эч кимге зыян келтирген жокпуз, эч кимди пайдаланган жокпуз.
3Муну силерди айыпташ үчүн айтып жаткан жокмун. Мурун айтып кеткенимдей, силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр, өлсөк да, жашасак да силер менен биргебиз.
4Силерге болгон ишенимим чоң, силер менен өзгөчө сыймыктанам. Бардык кайгы-капабызга карабай, толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам.
5Себеби Македонияга келгенибизде, жаныбыз тынчтык тапкан жок, ар тарабыбыздан кысымга алындык: сырттан – кол салуу, ичтен – коркунуч.
6Бирок көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай бизди Титтин келиши менен сооротту.
7Титтин келиши гана эмес, анын силер аркылуу сооронгондугу да бизди сооротту. Мага болгон камкордугуңар, сагынычыңар, мен үчүн төккөн көз жашыңар жөнүндө Титтен укканымда, ого бетер кубандым.
8Ошондуктан жазган катым менен силерди капалантканыма өкүнбөйм. Катымдын силерди капалантканын көрүп, өкүнгөн элем, бирок силер убактылуу эле капаландыңар.
9Азыр болсо кубанып турам. Албетте, кайгырганыңар үчүн эмес, күнөөңөрдү сезип өкүнүп, кайгырганыңар үчүн кубанып жатам. Анткени силер Кудайга жаккандай кайгырдыңар, демек, биз силерге эч кандай зыян келтирген жокпуз.
10Себеби Кудайга жаккан кайгы тобо кылып куткарылууга алып келет, ал эми бул дүйнөнүкүндөй кайгы өлүмгө дуушар кылат.
11Себеби Кудайга жаккан кайгы силерде кандай тырышчаактыкты, кечирим суроону, күнөө кылган адамга нааразыланууну, коркунучту, каалоону, кызганчаактыкты, жазаны жаратканын карагылачы. Бул иште таза экениңерди бардык жагынан көрсөттүңөр.
12Мен бул катты таарынткан адам үчүн да, таарынган адам үчүн да жазган жокмун. Болгону, биз жөнүндө кандай кам көрөрүңөр Кудай алдында өзүңөргө белгилүү болушун гана кааладым.
13Анткени биз силердин сооронууңар аркылуу сооронуп калдык. Буга кошумча Титтин кубанычы бизди ого бетер кубантты, баарың анын рухун тынчтандырыптырсыңар.
14Мен силерди ага мактап, уятка калган жокмун. Силерге айткандарыбыздын баары чындык болгондой эле, Титке силерди мактаганыбыз да туура болуп чыкты.
15Баарыңардын тил алчаактыгыңарды, өзүн коркунуч менен кандай ызааттап кабыл алганыңарды эстеген сайын, анын жүрөгү жылыйт.
16Ошентип, бардык нерседе силерге таяна ала тургандыгыма кубанам.