2 Корунттуктарга 8:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, силерди Кудайдын Македониядагы Жыйындарга көрсөткөн ырайымы жөнүндө кабардар кылабыз.

2Баштарына оор сыноолор келгенине карабастан, алардын кубанычы чоң; өтө жакырдыгына карабастан, алар өтө берешен.

3Анткени мен алардын чын көңүлдөн, колдорунан келишинче, атүгүл, ашыра беришкенине күбөмүн.

4Ыйыктарга кызмат кылууга кошкон салымдарын кабыл алышыбызды алар бизден көптөн-көп өтүнүштү.

5Алар биз күткөндөн да артык кылышты. Алгач өздөрүн Кудайга арнашты, андан кийин Кудайдын эрки менен өздөрүн бизге арнашты.

6Ошондуктан биз Титтен силердин араңарда баштаган ушул жакшы ишин да аягына чыгарышын өтүндүк.

7Силерде бардыгы мол: ишенимге, сөзгө, билимге байсыңар, бардык жагынан тырышчааксыңар, бизди чын дилиңер менен сүйөсүңөр, эми ушул кайрымдуулук ишинде да ынталуулук көрсөткүлө.

8Муну мен силерге буйрук иретинде айткан жокмун. Башкалардын ынталуулугуна салыштыруу аркылуу силердин сүйүүңөрдү да сынап жатам.

9Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силерге белгилүү, Ал Өзү бай болуп туруп, силер үчүн жардыланды. Силер Анын жардылыгы аркылуу бай болушуңар үчүн ошентти.

10Бул нерсеге карата мен өз оюмду айтайын: бул ишти жаңы эле баштабастан, өткөн жылы эле өз каалоосу менен баштаган силер үчүн бул пайдалуу.

11Эми бул ишти аягына чыгаргыла. Өзүңөр каалап баштаган ишти өз мүмкүнчүлүгүңөргө жараша аягына чыгаргыла.

12Бергенге каалоосу болсо, колунда жок нерсеге жараша эмес, колунда болгон нерсеге жараша кабыл алынат.

13Башкаларга жеңилдик болуп, силерге оордук түшпөсүн, тескерисинче, теңдик болсун.

14Теңдик болуш үчүн, азыр силердин ашык нерсеңер тигилердин кем-карчын толуктоого жумшалсын, кийин тигилердин ашык нерсеси силердин кем-карчыңарды толуктоого жумшалсын.

15Ыйык Жазууда: «Көп жыйнаган адамдыкы ашып калган жок, аз жыйнаган адамдыкы жетпей калган жок», – деп жазылган.

16Титтин жүрөгүндө силерге карата ушундай камкордукту пайда кылган Кудайга ыраазымын.

17Анткени мен да андан өтүнгөм, бирок анын өзүндө эле ушунчалык каалоо бар болгондуктан, ал силерге өз ыктыяры менен кетти.

18Тит менен кошо дагы бир бир тууганды жибердик. Ал Жакшы Кабар тараткандыгы үчүн бардык Жыйындар тарабынан макталып жүрөт.

19Анын үстүнө, бул бир тууган ушул кайрымдуулук ишин аткарууда биз менен чогуу жүрүш үчүн, Жыйындар тарабынан дайындалган. Биз бул ишти Теңирди даңкташ үчүн жана жардам берүүгө даяр экенибизди көрсөтүш үчүн кылып жатабыз.

20Биз аны өзүбүз жыйнаган бул мол жардам тууралуу кимдир бирөөдөн жеме угуудан сактануу үчүн жибердик.

21Анткени биз Теңирдин алдында эле эмес, адамдардын алдында да таза болууга аракеттенебиз.

22Аны менен кошо дагы бир бир тууганыбызды жиберип жатабыз. Анын ынтасы көп жолу көп жагынан сыналган. Азыр анын ынтасы мурдагыдан да артты, анткени ал силерге бекем ишенет.

23Тит жөнүндө айтсам: ал менин жолдошум, силердин араңарда кызмат кылган кызматташым. Берки бир туугандар болсо – Жыйындар тарабынан жиберилген өкүлдөр, алар – Машайактын даңкы.

24Ошентип, Жыйындардын алдында аларга өзүңөрдө сүйүү бар экендигин жана силер менен мактанганыбыздын жөнү бар экендигин көрсөткүлө.

article>