1Ыйыктарга жардам берүү тууралуу силерге жазганым ашыкча эле болот деп ойлойм.
2Анткени мен силердин жардам берүүгө даяр экениңерди билем. «Ахаядагылар өткөн жылдан бери эле даяр», – деп, македониялыктарга ошон үчүн мактанып жүргөм. Силердин аракетиңер көптөргө дем берди.
3Силерди мактап жүргөнүм куру сөз болуп калбаш үчүн, мен айткандай даяр турушуңар үчүн, бир туугандарды жибердим.
4Мени менен бирге барган македониялыктар силердин даяр эмес экениңерди көрсө, силер эмес, силерди бекем ишеним менен мактап жүргөн биз уятка калабыз.
5Ошондуктан мен бир туугандардан силерге бизден мурун барууларын суранууну туура таптым. Алар өзүңөр убадалаган тартууларыңарды оор салык катары эмес, тартуу катары алдын ала даярдоонун камын көрүшөт.
6Айтарым бул: «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт».
7Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт.
8Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет.
9Ыйык Жазууда: «Жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги түбөлүк болот», – деп жазылган.
10Урөн себүүчүгө үрөн, жегенге нан берген Кудай сепкен үрөнүңөрдүн түшүмүн да мол кылып, адилеттигиңердин жемишин арттырат.
11Бардык нерсеге бай, жоомарт болушуңар үчүн ошондой кылат. Ошентип, силердин жоомарттыгыңар бизде Кудайга болгон ыраазычылыкты жаратат.
12Анткени бул кызмат ыйыктардын кем-карчын толуктоо менен гана чектелбестен, көп адамдарда Кудайга болгон чексиз ыраазычылыкты жаратат.
13Анткени бул кызматтын натыйжасын көргөндө, өзүңөр кабыл алган Машайактын Жакшы Кабарына моюн сунуп, алар менен жана башкалар менен чын ниеттен мамилелешип жаткандыгыңар үчүн, алар Кудайды даңктап жатышат.
14Силерде Кудайдын ырайымы мол болгондуктан, силерди жакын санап, силер үчүн сыйынып жатышат.
15Сөз менен айтып жеткире алгыс улуу белеги үчүн Кудайга даңк!