1Ахап өлгөндөн кийин, Маап Ысрайылдан бөлүнүп кетти.
2Ахазай Самариядагы өз үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн терезесинин тосмосунан жыгылып, ооруп жатып калды. Ошондо ал элчилерин мындай деп жөнөттү: «Баргыла, Экрон кудайы Белзебулдан сурагыла: Мен ушул оорудан айыгамбы?»
3Ошондо Теңирдин периштеси тишпилик Илияска мындай деди: «Тур, Самария падышасы жиберген элчилердин алдынан чыгып, аларга мындай деп айт: “Экрон кудайы Белзебулдан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу?
4Ошон үчүн Теңир: “Жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”, – дейт». Илияс жөнөп кетти.
5Анан элчилер Ахазайга кайтып келишти. Ахазай алардан: «Силер эмне кайтып келдиңер?» – деп сурады.
6Алар ага: «Алдыбыздан бир киши чыгып, бизге мындай деди: “Силерди жиберген падышаңарга кайра кайрылып барып, ага айткыла: Теңир мындай дейт: "Экрондун кудайы Белзебулдан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу? Ошон үчүн сен жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң"”», – деп жооп беришти.
7Ошондо ал алардан: «Силердин алдыңардан чыгып, ушул сөздү айткан адамдын сырткы көрүнүшү кандай экен?» – деп сурады.
8Алар ага: «Ал түктүү кийим кийген, белин кайыш кур менен курчаган киши экен», – деп жооп беришти. Ошондо ал: «Ал – тишпилик Илияс», – деди.
9Анан ал ага элүү кишиси менен элүү башыны жиберди. Ал тоонун башында отурган Илияска барып: «Кудайдын кишиси, падыша сени түшсүн, – дейт», – деди.
10Илияс элүү башыга: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан от түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.
11Падыша ага башка элүү кишини элүү башы менен жөнөттү. Ал ага: «Кудайдын кишиси, падыша сени тезирээк түшсүн дейт», – деди.
12Илияс ага: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.
13Yчүнчү жолу да элүү башыны элүү кишиси менен жиберди. Үчүнчү элүү башы тоого чыгып, Илиястын алдына келип, тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элүү кулуңдун жанын бааласаң экен.
14Асмандан от түшүп, мурдагы эки элүү башыны элүүдөн кишиси менен өрттөп кетти. Бирок менин жанымды бааласаң экен!» – деп жалынды.
15Ошондо Теңирдин периштеси Илияска: «Аны менен бирге бар, андан коркпо», – деди. Ал туруп, аны менен падышага барды.
16Илияс ага: «Теңир мындай дейт: “Ысрайылда Кудай жок болгонсуп, Кудайдан сурабастан, элчилерди жиберип, Экрон кудайы Белзебулдан сураганың үчүн, жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”», – деди.
17Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча Ахазай өлдү. Анын баласы жок болгондуктан, Жүйүт падышасы Жошапат уулу Жорамдын падышачылыгынын экинчи жылында бир тууганы Жорам такка отурду.
18Ахазайдын башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.