1Ахазайдын энеси Аталея уулунун өлгөнүн көрүп, падышанын бардык тукумун кырдырып салды.
2Бирок падышанын уулдарын өлтүрүп жатканда, Жорам падышанын кызы, Ахазайдын эжеси Жешеба Ахазайдын уулу Жаашты баккан энеси менен кошо уктоочу бөлмөгө жашыруун алып кетти. Аны Аталеядан жашырып, аман алып калды.
3Жешеба аны Теңир үйүндө алты жыл жашырды, ошол убакта ал жерде Аталея падышачылык кылып турду.
4Жетинчи жылы Жойат киши жиберип, сакчылардын арасынан жүз башыларды жана жөө күлүктөрдү өзүнө, Теңир үйүнө алдырып, алар менен келишим түзүп, Теңир үйүндө алардан ант алып, аларга падышанын уулун көргөздү.
5Анан аларга мындай деп буйруду: «Мындай кылгыла: ишемби күнү күзөткө туруучуларыңардын үчтөн бир бөлүгү падыша үйүнүн күзөтүндө тургула.
6Экинчи бөлүгүңөр Шур дарбазасынын алдында, үчүнчү бөлүгүңөр сакчылардын арт жагындагы дарбазанын алдында турасыңар. Талкалап кетпеши үчүн, үйдү тегеректеп, күзөттө тургула.
7Ишемби күнү күзөттөн кетүүчүлөрүңөрдүн эки бөлүгү Теңир үйүндө падышаны кайтарып, күзөттө тургула.
8Ар бириңер колуңарга курал алып, падышаны бардык жагынан курчап тургула. Ким катарды бузуп кирем десе, ал өлтүрүлсүн. Падыша киргенде да, чыкканда да, жанында болгула».
9Ыйык кызмат кылуучу Жойат кандай буйруса, жүз башылар бардыгын ошондой кылышты. Алар ишемби күнү күзөткө келүүчү жана күзөттөн кетүүчү өз кишилерин алып, ыйык кызмат кылуучу Жойатка келишти.
10Ыйык кызмат кылуучу Дөөт падышанын Теңир үйүндөгү найзалары менен калкандарын жүз башыларга таратып берди.
11Жөө күлүктөрдүн ар бири колдоруна курал алып, үйдүн оң бурчунан сол бурчуна чейин, курмандык чалынуучу жайдын жанында жана үйдүн жанында падышаны курчап турушту.
12Ошондо Жойат падышанын уулун алып чыгып, анын башына таажы кийгизип, келишимдин көчүрмөсүн берди. Аны такка отургузушту, зайтун майы менен майлашты, анан кол чаап: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.
13Аталея чуркап бара жаткан элдин ызы-чуусун угуп, Теңир үйүндөгү элге жөнөдү.
14Анан ал падышалар туруучу секичеде падыша турганын, падышанын жанында төрөлөр, сурнайчылар турганын көрдү. Ал жердеги элдин баары сүйүнүп, сурнай тартып жатышкан эле. Ошондо Аталея кийимин айрып жиберип: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» – деп кыйкырды.
15Ошондо ыйык кызмат кылуучу Жойат жүз башыларга, аскер жетекчилерине, мындай деп буйрук берди: «Аны бул жерден алып кеткиле. Ал Теңир үйүндө өлтүрүлбөшү керек. Ким анын артынан жөнөсө, аны кылычтап өлтүргүлө».
16Аялга жол беришти, ал аттар кирүүчү эшиктен өтүп, падыша үйүнө бара жатканда өлтүрүлдү.
17Анан эл Теңирдин эли болушу үчүн, Жойат Теңир менен падышанын жана элдин, эл менен падышанын ортосунда келишим түздү.
18Анан ал жердин бүт эли Баал үйүнө барып, ага курмандык чалуучу жайларды кыйратышты, анын айкелдерин тыптыйпыл кылып талкалашты, Баал бутканасынын кызматчысы Матанды курмандык чалынуучу жайлардын алдында өлтүрүштү. Ыйык кызмат кылуучу Теңир үйүнө сакчыларды койду.
19Жүз башыларды, сакчыларды, жөө күлүктөрдү жана ал жердин бүт элин алып, Теңир үйүнөн падышаны узатып, сакчылардын дарбазасы аркылуу өтүп, падышанын үйүнө келди. Анан падышаны такка отургузушту.
20Ал жердин бүт эли шаттанды, шаар тынчтыкка бөлөндү. Аталеяны болсо падыша үйүндө кылычтап өлтүрүштү.
21Жааш тактыга отурганда, жети жашта эле.