1Жейунун падышачылыгынын жетинчи жылында Жааш такка отуруп, Иерусалимде кырк жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Сибия, ал бейер-шебалык болчу.
2Жааш ыйык кызмат кылуучу Жойаттын көзү өткөнчө, анын кеңешин угуп жүргөн күндөрү Теңирге жаккан иштерди кылды.
3Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.
4Жааш ыйык кызмат кылуучуларга мындай деди: «Элдин Теңир үйүнө алып келген бардык күмүштөрүн: Теңир үйүнө келгендер алып келген күмүштү, ар бир адамдын өз жаны үчүн берген күмүшүн, элдин Теңир үйүнө өз каалоосу менен алып келген күмүштөрүн
5ыйык кызмат кылуучулар алышсын, ар бири өз таанышынан алып, ийбадаткананын бардык бузулган жерлерин оңдошсун».
6Бирок Жааш падышанын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылына чейин ыйык кызмат кылуучулар ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдошпогондуктан,
7Жааш ыйык кызмат кылуучу Жойатты жана башка ыйык кызмат кылуучуларды чакырып: «Эмне үчүн силер ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдобой жатасыңар? Мындан ары тааныштарыңардан күмүш албагыла, аны ийбадаткананы оңдогонго бергиле», – деди.
8Ыйык кызмат кылуучулар ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдогонго элден күмүш албоого макул болушту.
9Анан ыйык кызмат кылуучу Жойат бир үкөк алып, анын үстүнө тешик жасап, аны курмандык чалынуучу жайдын оң жагына, Теңир үйүнүн кире беришине койду. Элдин Теңир үйүнө алып келген бардык күмүштөрүн кире бериште турган сакчы ыйык кызмат кылуучулар ошого салып жатышты.
10Алар үкөккө көп күмүш чогулганын көрүшкөндө, башкы ыйык кызмат кылуучу менен падышанын катчысы келип, Теңир үйүндөгү күмүштү эсептеп, баштыктарга салып бууп коюшчу.
11Күмүштөрдү эсептеп туруп, Теңир үйүн-дө иш алып барууга дайындалгандарга беришчү, алар болсо аны Теңир үйүндө иштеген усталарга, куруучуларга,
12таш тизүүчүлөргө, таш сомдоочуларга беришчү, Теңир үйүнүн бузулган жерлерин оңдоого керектелүүчү жыгачтарды, жылмаланган таштарды сатып алууга жана башка бардык керектүү нерселерге сарп кылышчу.
13Бирок ал күмүштөн Теңир үйү үчүн күмүш табактарды, кычкачтарды, чараларды, сурнайларды, алтын-күмүш идиштерди жасоого сарпталган жок.
14Ал күмүштөрдү иш башкаруучуларга берип турушту, алар аны Теңир үйүн оңдоого сарп кылышты.
15Жумушчулар үчүн берилген күмүштү таратып берүүчү адамдардан күмүштүн эсеби талап кылынчу эмес, анткени алар чынчылдык менен таратышчу.
16Кылмыш үчүн, күнөө үчүн түшкөн күмүштөр Теңир үйүнө киргизилчү эмес. Алар ыйык кызмат кылуучуларга таандык болуп калчу.
17Ошол убакта Сирия падышасы Хазаел согушка аттанып чыгып, Гатка согуш ачып, аны басып алды. Анан Хазаел Иерусалимге барууну чечти.
18Бирок Жүйүт падышасы Жааш Жүйүт падышаларынын – өзүнүн аталары Жошапаттын, Жорамдын, Ахазайдын жана өзүнүн ийбадаткана үчүн курмандык кылгандарынын баарын, Теңир үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы алтындын баарын алып, Сирия падышасы Хазаелге жөнөттү. Ошондо Хазаел Иерусалимден кетти.
19Жааш жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
20Кызматчылары Жаашка каршы көтөрүлүп, чыккынчылык кылышты, аны Сылага бара жаткан жолдогу Милка үйүндө өлтүрүштү.
21Аны өз кызматчылары: Шиматтын уулу Жозахар, Шомердин уулу Жейозабат өлтүрдү, ал өлдү. Анын сөөгүн ата-бабаларынын жанына, Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна өз уулу Аматсия такка отурду.