2 Падышалар 13:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Ахазай уулу Жааштын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылында Ысрайылга Жейу уулу Жаахаз падыша болду. Ал Самарияда он жети жыл падышачылык кылды.

2Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробам кылган күнөөлөрдү кылды, ошол күнөөлөрдү кылганын токтоткон жок.

3Теңир Ысрайылга каарданып, аны узак убакытка Сирия падышасы Хазаелдин жана Хазаел уулу Бенадаттын колуна салып берди.

4Ошондо Жаахаз Теңирге сыйынды, Теңир аны укту, себеби ысрайылдыктардын эзилгенин, Сирия падышасынын аларды кандай эзгенин көрдү.

5Теңир ысрайылдыктарга куткаруучуну берди. Ошондо алар сириялыктардын бийлиги астынан чыгышты. Ысрайыл уулдары өз чатырларында мурункудай жашап калышты.

6Бирок алар Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын тукумунун күнөөлөрүн кылганды токтотушкан жок, ошол күнөөлөрдү кылышты, Самарияда Ашейра мамысы тура берди.

7Жаахаздын аскеринен элүү атчан жоокер, он майдан араба жана он миң жөө аскери гана калды. Анткени Сирия падышасы аларды кырып, таш-талканын чыгарды.

8Жаахаз жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

9Жаахаз ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Жааш такка отурду.

10Жүйүт падышасы Жааштын падышачылыгынын отуз жетинчи жылында Ысрайылга Жаахаздын уулу Жааш падыша болду. Ал Самарияда он алты жыл падышачылык кылды.

11Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок, ошол күнөөлөрдү кылды.

12Жааш жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери, Жүйүт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

13Жааш ата-бабаларына кошулду, Жаробам анын тагына отурду. Жааш Самарияга, падышалардын жанына коюлду.

14Элиша катуу ооруп, кийинчерээк ошол оорудан каза болду. Ысрайыл падышасы Жааш анын алдына келип: «Ата! Ата! Ысрайылдын майдан арабасы жана атчан жоокери!» – деп ыйлады.

15Элиша ага: «Жаа менен жебелерди ал», – деди. Ал жаа менен жебелерди алды.

16Анан ал Ысрайыл падышасына: «Колуңду жаанын үстүнө кой», – деди. Ал колун койду. Элиша колун падышанын колуна коюп:

17«Чыгыш жакты караган терезени ач», – деди. Ал терезени ачты. Элиша ага: «Ат!» – деди. Ал атты. Анан Элиша мындай деди: «Бул жебе – Теңирдин куткаруучу жебеси, сириялыктардан куткаруучу жебе, сен Апейикте сириялыктарды толугу менен талкалайсың».

18Анан Элиша: «Жебелерди ал», – деди. Ал алды. Анан ал Ысрайыл падышасына: «Аны жерге ур», – деди. Ал жерге үч жолу урду, анан токтоп калды.

19Ошондо Кудайдын кишиси ага ачууланып: «Беш же алты жолу уруш керек эле. Ошондо сен сириялыктарды таптакыр талкалайт элең, эми сириялыктарды үч гана жолу талкалайсың», – деди.

20Элиша көз жумуп, аны көргө коюшту. Кийинки жылы мааптыктардын сансыз аскери алардын жерине келди.

21Бир жолу бир кишини коюп жаткан учурда, бул сансыз аскерди көрүп, анын сөөгүн Элишанын мүрзөсүнө таштап жиберишкен. Ал кулап бара жатканда, Элишанын сөөгүнө тийип кетип, тирилип, туруп кеткен.

22Сирия падышасы Хазаел Жаахаздын көзү өткөнчө, ысрайылдыктарды кысымга алып турду.

23Бирок Теңир аларга боор ооруп, ырайым кылып, Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишими үчүн аларга жүзүн бурду, аларды кыргысы келген жок, аларды ушул күнгө чейин четке каккан жок.

24Сирия падышасы Хазаел көз жумуп, анын ордуна уулу Бенадат такка отурду.

25Согуш убагында Хазаел Жааштын атасы Жаахаздан шаарларды тартып алган. Бирок Жааш Хазаелдин уулу Бенадаттан ал шаарларды кайра тартып алды. Жааш аны үч ирет талкалап, Ысрайылдын шаарларын кайра тартып алды.

cle>