2 Падышалар 14:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл падышасы Жаахаз уулу Жааштын падышачылыгынын экинчи жылында Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсия такка отурду.

2Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жейодан, ал иерусалимдик болчу.

3Ал Теңирге жаккан иштерди кылды, бирок атасы Дөөтчөлүк кылган жок. Ал атасы Жааш кылган иштерди кылды.

4Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

5Падышачылык бийлиги бекемделгенде, ал падышаны – өзүнүн атасын өлтүргөн кызматчыларды өлтүрдү.

6Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, себеби Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебинде: «Балдары үчүн аталары өлүм жазасына тартылбасын, аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Ар ким өз күнөөсү үчүн өлүм жазасына тартылсын», – деп жазылган.

7Ал Туздуу өрөөнүндө он миң эдомдукту талкалады, согуш учурунда Селаны басып алып, аны Жоктейел деп атады, ал ушул күнгө чейин ушундай аталат.

8Ошондо Аматсия Жейунун уулу, Жаахаздын уулу, Ысрайыл падышасы Жаашка элчилерди жиберип: «Кел, жекеме-жеке беттешебиз», – деп айттырды.

9Ысрайыл падышасы Жааш Жүйүт падышасы Аматсияга мындай деп айттырып жиберди: «Лебанондо өскөн тикенек ошол эле Лебанондо өскөн кедр дарагына: “Менин уулума кызыңды бер”, – деп айттырды. Бирок Лебанондон жапайы жырткыч келип, тикенекти тепсеп салды.

10Сен эдомдуктарды жеңгениңе текеберденип жатасың. Текебердене бер, бирок үйүңдө отур. Өз башыңа мүшкүл түшүрүп эмне кыласың? Сен да, сени менен кошо Жүйүт да өлөт».

11Бирок Аматсия кулак салбады. Ысрайыл падышасы Жааш аттанып, Жүйүт падышасы Аматсия менен Жүйүттөгү Бейт-Шемеште жекеме-жеке беттешти.

12Ошондо ысрайылдыктар жүйүттөрдү талкалашты, жүйүттөр чатырларына качып кетишти.

13Ысрайыл падышасы Жааш Бейт-Шемеште Жааштын уулу, Ахазайдын уулу, Жүйүт падышасы Аматсияны колго түшүрүп, ал жерден Иерусалимге келип, Иерусалим дубалын – Эпрайым дарбазасынан Бурч дарбазасына чейин, төрт жүз чыканак дубалды уратты.

14Анан ал Теңирдин үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы бардык алтын-күмүштөрдү, идиштерди, ошондой эле туткундаган адамдарын алып, Самарияга кайтып келди.

15Жааш жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери, Жүйүт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

16Жааш ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Самарияга, Ысрайыл падышаларынын жанына коюлду. Анын ордуна уулу Жаробам такка отурду.

17Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсия Ысрайыл падышасы Жаахаз уулу Жааш өлгөндөн кийин, дагы он беш жыл жашады.

18Аматсиянын кылган иштери Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

19Иерусалимде ага каршы чыккынчылык уюштурулду, ошондо ал Лакишке качып кетти. Артынан Лакишке киши жиберип, аны ошол жерде өлтүрүштү.

20Аны аттар менен Дөөттүн шаары Иерусалимге алып келип, ата-бабаларынын жанына коюшту.

21Жүйүт эли он алты жаштагы Азарияны атасы Аматсиянын ордуна такка отургузду.

22Падыша ата-бабаларына кошулгандан кийин, Азария Эйлатты кайра куруп, Жүйүткө кайрып берди.

23Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсиянын падышачылыгынын он бешинчи жылында Ысрайыл падышасы Жааш уулу Жаробам падыша болуп, Самарияда кырк бир жыл падышачылык кылды.

24Ал Теңирге жакпаган иштерди жасады. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

25Ал Ысрайылдын Кудай-Теңиринин гат-акейперлик пайгамбар Амитай уулу Жунус аркылуу айткан сөзү боюнча Ысрайылдын чек араларын, Хаматтын кире беришинен баштап чөлдөгү деңизге чейин калыбына келтирди.

26Теңир Ысрайылдын башына түшкөн оор мүшкүлдү көрдү, алардын камакта отурган да, эркиндикте жүргөн да кишиси калган эмес эле, Ысрайылга жардам берер эч ким жок эле.

27Теңир асман астынан ысрайылдыктардын атын өчүрүүнү каалабай, Жааш уулу Жаробам аркылуу аларды куткарды.

28Жаробам жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө, кантип согушуп, Жүйүткө караштуу Дамаск менен Хаматты Ысрайылга кантип кайрып бергени жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

29Жаробам ата-бабаларына, Ысрайыл падышаларына кошулду. Анын ордуна уулу Захария такка отурду.

cle>