2 Падышалар 15:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл падышасы Жаробамдын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында Жүйүт падышасы Аматсия уулу Азария такка отурду.

2Ал такка отурганда, он алты жашта эле. Ал Иерусалимде элүү эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жехолия, ал иерусалимдик болчу.

3Ал атасы Аматсияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

4Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

5Теңир падышаны жазалады. Ал өлөр күнүнө чейин пес оорусу менен ооруп, өзүнчө үйдө жашады. Падыша уулу Жотам болсо падыша сарайын жана элди башкарды.

6Азария жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

7Азария ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту. Анын ордуна уулу Жотам такка отурду.

8Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз сегизинчи жылында Ысрайылга Жаробам уулу Захария падыша болуп, Самарияда алты ай падышачылык кылды.

9Ал аталарына окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

10Ага Жабес уулу Шалум чыккынчылык кылып, аны эл алдында өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

11Захария жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

12Теңирдин Жейуга «Сенин уулдарың төртүнчү муунга чейин Ысрайылдын тагында отурушат» деп айткан сөзү аткарылды.

13Жабестин уулу Шалум Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында такка отуруп, Самарияда бир ай падышачылык кылды.

14Тирсалык Гадинин уулу Менахейим Самарияга келип, Жабес уулу Шалумду өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

15Шалум жөнүндө жана анын уюштурган чыккынчылыгы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

16Шаар дарбазасын ачпагандыгы үчүн, Менахейим Типсакты жана анда жашагандардын баарын, анын тегерек-четин Тирсадан баштап кыйратты. Ал жердеги бардык кош бойлуу аялдардын курсагын жарды.

17Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында Ысрайылга Гади уулу Менахейим падыша болду. Ал Самарияда он жыл падышачылык кылды.

18Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Өмүрү өткөнчө Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

19Ошол учурда Ашур падышасы Пул Ысрайыл жерине келди. Менахейим Пулду өзүнө тарапташ кылуу үчүн жана өзүнүн падышачылык бийлигин бекемдөө үчүн, Пулга миң талант күмүш берди.

20Менахейим ал күмүштөрдү Ашур падышасына берүү үчүн, ысрайылдыктардын бардык бай адамдарынан, алардын ар биринен элүү шекелден чогултуп алды. Ошентип, Ашур падышасы артка кетти, ал жерде калган жок.

21Менахейим жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

22Менахейим ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Пекахия такка отурду.

23Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын элүүнчү жылында Менахейимдин уулу Пекахия Ысрайылга падыша болуп, Самарияда эки жыл падышачылык кылды.

24Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

25Төрөсү Ремалия уулу Пеках ага чыккынчылык уюштуруп, Аргоп жана Арийей менен, гилаттык элүү киши менен аны падыша сарайында, Самарияда өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

26Пекахия жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

27Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын элүү экинчи жылында Ремалия уулу Пеках Ысрайылга падыша болуп, Самарияда жыйырма жыл падышачылык кылды.

28Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

29Ысрайыл падышасы Пекахтын убагында Ашур падышасы Тиглат-Пилесер келип, Ийонду, Абел-Бейт-Маакты, Жаноахты, Кедешти, Хатсорду, Гилатты жана Галилеяны, Напталынын бүт жерин басып алып, аларды Ашурга көчүрүп кетти.

30Ошондо Эйла уулу Ошуя Ремалия уулу Пекахка чыккынчылык уюштуруп, аны өлтүрүп, Узия уулу Жотамдын падышачылыгынын жыйырманчы жылында анын ордуна такка отурду.

31Пеках жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

32Ысрайыл падышасы Ремалия уулу Пекахтын падышачылыгынын экинчи жылында Жүйүт падышасы Узиянын уулу Жотам такка отурду.

33Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жеруша, ал Садоктун кызы болчу.

34Ал атасы Узияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

35Бийик жерлердеги бутканалар жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты. Жотам Теңир үйүнүн жогорку дарбазасын тургузду.

36Жотам жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

37Ошол күндөрү Теңир Сирия падышасы Ретсинди жана Ремалия уулу Пекахты Жүйүткө каршы жиберип турду.

38Жотам ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү ата-бабаларынын жанына, атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Ахаз такка отурду.

cle>