2 Падышалар 16:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Ремалия уулу Пекахтын падышачылыгынын он жетинчи жылында Жүйүт падышасы Жотамдын уулу Ахаз такка отурду.

2Ахаз такка отурганда, жыйырма жашта эле. Ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Атасы Дөөт Теңирге жаккан иштерди жасаган, Ахаз болсо анткен жок.

3Тескерисинче, ал Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп, Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан, жийиркеничтүү иштерди кылган элдерди туурап, атүгүл, өз уулун отко өрттөдү.

4Ал бутканаларда, дөбөлөрдө, көлөкөлүү дарактардын түбүндө курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

5Ошол учурда Сирия падышасы Ретсин жана Ысрайыл падышасы Ремалия уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн согуш ачышты. Ахазды курчоодо кармап турушту, бирок жеңе алышкан жок.

6Ошол убакта Сирия падышасы Ретсин Сирияга Эйлатты кайрып берип, жүйүттөрдү Эйлаттан кууп чыгарды. Эдомдуктар Эйлатка келишти. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде жашашат.

7Ахаз Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге элчилерин жөнөтүп, мындай деп айттырды: «Мен сенин кулуңмун жана уулуңмун. Келип, мага каршы көтөрүлгөн Сирия падышасы менен Ысрайыл падышасынан мени куткар».

8Ахаз Теңир үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы алтын-күмүштөрдү алып, Ашур падышасына тартуу катарында жөнөттү.

9Ашур падышасы анын тилин алып, Дамаскка барып, аны басып алып, анын тургундарын Кирге көчүрүп жиберди, Ретсинди болсо өлтүрүп салды.

10Ахаз падыша Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге жолугуш үчүн Дамаскка барып, ал жерден курмандык чалынуучу жайды көрдү. Анан Ахаз падыша курмандык чалынуучу жайдын түзүлүшүнүн толук чиймесин ыйык кызмат кылуучу Урийге жөнөттү.

11Ыйык кызмат кылуучу Урий Дамасктан Ахаз падыша жиберген үлгү боюнча курмандык чалынуучу жай курду. Ахаз падыша Дамасктан келгенче, ыйык кызмат кылуучу Урий ушундай кылды.

12Падыша Дамасктан келип, курмандык чалынуучу жайды көрүп, анын үстүнө курмандык чалды.

13Ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын жана нан курмандыгын өрттөп, үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, өзүнүн тынчтык курмандыгынын канын курмандык чалынуучу жайга чачты.

14Ал эми Теңирдин алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды ийбадаткананын алдынан, жаңы курмандык чалынуучу жай менен Теңир үйүнүн ортосундагы ордунан жылдырып, жаңы курмандык чалынуучу жайдын түндүк жагына койду.

15Ахаз падыша ыйык кызмат кылуучу Урийге мындай буйрук берди: «Чоң курмандык чалынуучу жайдын үстүнө эртең мененки бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана кечки нан курмандыгын, падышанын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен нан курмандыгын, өлкөдөгү бардык адамдардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктары менен нан курмандыктарын өрттө, алардын үстүнө куюлуучу курмандыктарды куй, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктардын канын чач. Эмне кылуу керек экенин чечкенге чейин, жез курмандык чалынуучу жайды мага калтыр».

16Ыйык кызмат кылуучу Урий Ахаз падыша буйругандай кылды.

17Ахаз падыша дөңгөлөктүү койгучтардын алкактарын сындырып, алардын үстүндөгү чараларды алып салды. Анан жез өгүздөрдүн үстүндө турган чараны да алып, аны төшөлгөн таштын үстүнө койду.

18Анан ал Ашур падышасы үчүн ийбадатканага ишемби күнү кире турган эшикти жана падышанын Теңир үйүнө кире турган сырткы эшигин жаап салды.

19Ахаз жөнүндө жана анын кылган иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

20Ахаз ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү ата-бабаларынын жанына, Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Хиския такка отурду.

cle>