2 Падышалар 17:1-41 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Ахаздын падышачылыгынын он экинчи жылында Эйла уулу Ошуя Ысрайылга падыша болуп, Самарияда тогуз жыл падышачылык кылды.

2Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, бирок өзүнөн мурдагы Ысрайыл падышалары кылганчалык кылган жок.

3Ага Ашур падышасы Шалманесер кол салды, Ошуя ага кул болуп, салык төлөп турду.

4Ашур падышасы Ошуянын чыккынчылык уюштурганын билди, себеби Ошуя Мисир падышасы Собуга элчилерди жөнөтүп, Ашур падышасына жыл сайын берип туруучу салыкты бербей калган эле. Ошондуктан Ашур падышасы аны зынданга камап салды.

5Ашур падышасы бүт Ысрайылга согуш ачып, Самарияга келип, аны үч жыл бою курчоого алды.

6Ошуянын падышачылыгынын тогузунчу жылында Ашур падышасы Самарияны басып алып, ысрайылдыктарды Ашурга көчүрүп кетти. Аларды Халахка, Хаборго, Гозан дарыясынын боюна жана Мадайдын шаарларына отурукташтырды.

7Ысрайыл уулдары Мисир жеринен алып чыккан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарган өзүнүн Кудай-Теңиринин алдында күнөө кылып, башка кудайларга табына башташты.

8Алар Теңир кууп чыккан элдердин мыйзамдары боюнча, Ысрайыл падышаларынын мыйзамдары боюнча жашай башташты.

9Ысрайыл уулдары өздөрүнүн Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылып, күзөт мунарасынан баштап чептүү шаарга чейин, өздөрүнө караштуу бардык шаарларга бутканаларды кура башташты.

10Алар бардык бийик дөбөлөргө жана көлөкөлүү дарактардын түбүнө Ашейра мамысын жана буркандарын коюшту.

11Теңир кууп чыккан элдерге окшоп, бардык бийик дөбөлөрдө жыпар жыттуу заттарды түтөтүп, Теңирди каарданткан жийиркеничтүү иштерди кылышты.

12Алар жасалма кудайларга кызмат кылышты, бирок Теңир аларга: «Мындай кылбагыла», – деп айткан.

13Ошондо Теңир Өзүнүн бардык пайгамбарлары жана көрөгөчтөрү аркылуу Ысрайыл менен Жүйүткө: «Жаман жолуңардан кайткыла, силердин ата-бабаларыңарга осуят кылган, Өзүмдүн кулдарым – пайгамбарларым аркылуу берген Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаргыла», – деп эскерткен.

14Бирок алар кулак салбай коюшту, өздөрүнүн Кудай-Теңирине ишенбеген тоң моюн ата-бабаларына окшоп, тоң моюндук кылышты.

15Алар Теңирдин мыйзамдарын, алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимин, эскертүүлөрүн жек көрүп, Теңирдин «Алар кылгандай кылбагыла» деген буйругунан четтеп, тегерегинде жашаган элдерге окшоп, эч нерсеге арзыбаган кудайларды ээрчишип, өздөрү да эч нерсеге арзыбай калышты.

16Алар өздөрүнүн Кудай-Теңиринин бардык мыйзамдарын таштап, эки музоо куюп, Ашейра мамысын тургузуп, бүткүл асман кошуундарына табынып, Баалга кызмат кылышты.

17Уулдары менен кыздарын отко өрттөп, төлгө тартып, сыйкырчылык кылып, Теңирге жакпаган, Аны каарданткан иштерди кылууга дитин беришти.

18Ошондо Теңир ысрайылдыктарга абдан каарданып, аларды четке какты. Жүйүт уруусунан башка эч бир уруу калган жок.

19Жүйүт да өз Кудай-Теңиринин осуяттарын аткарбай, ысрайылдыктардын кылганын кылды.

20Теңир Ысрайылдын бардык тукумунан жүзүн буруп, аларды моюн сундурду, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берип турду, акыры аларды четке какты.

21Ысрайылдыктар Дөөттүн тукумунан бөлүнүп чыгып, Небат уулу Жаробамды такка отургузушту. Жаробам ысрайылдыктарды Теңирден четтетип, аларды чоң күнөөгө батырды.

22Ысрайыл уулдары Жаробам кылган күнөөлөрдүн бардыгын кылышты, ошол күнөөлөрдү кылганын токтотушкан жок.

23Теңир Өзүнүн бардык кулдары – пайгамбарлары аркылуу эскерткендей, Ысрайылды таштап салганга чейин, алар ушундай кылышты. Ошентип, Ысрайыл өз жеринен Ашурга көчүрүлүп, ушул күнгө чейин ошол жерде жашайт.

24Ашур падышасы Бабылдан, Кутадан, Абахтан, Хаматтан, Сепарбайымдан элдерди көчүрүп келип, аларды Самария шаарларына, Ысрайыл уулдарынын ордуна отурукташтырды. Алар Самарияны ээлеп, анын шаарларында жашап калышты.

25Алар ал жерде жашай башташканда, Теңирден коркушкан жок, ошондуктан Теңир аларга арстандарды жиберип турду. Алар арстандарга жем болуп жатышты.

26Анан Ашур падышасына мындай деп билдиришти: «Сен көчүрүп келип, Самария шаарларына отурукташтырган элдер ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпегендиктен, Кудай аларга арстандарды жиберип жатат. Алар арстандарга жем болуп жатышат, анткени ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпейт».

27Ошондо Ашур падышасы мындай буйрук берди: «Силер ошол жактан көчүрүп келген ыйык кызмат кылуучулардан бирөөнү ал жакка жөнөткүлө. Ал барып, ошол жерде жашап, аларга ошол жердин Кудайынын мыйзамын үйрөтсүн».

28Самариядан көчүрүлүп кеткен ыйык кызмат кылуучулардын бири келип, Бейтелде жашап, аларга Кудайдан коркууну үйрөттү.

29Ар бир эл өзүнүн кудайларын жасап, самариялыктар курган бийик жерлердеги бутканаларга койду. Ар бир эл өзү жашаган шаарга койду.

30Бабылдыктар Сукот-Бенотту, куталыктар Нейиргалды, хаматтыктар Ашиманы,

31абахтыктар Нибхаз менен Тартакты жасашты, сепарбайымдыктар болсо өздөрүнүн кудайлары Анамелек менен Адрамелекке арнап уулдарын отко өрттөштү.

32Ошол эле учурда алар Теңирден да коркуп, өздөрүнүн арасынан буткана кызматчыларын шайлашты. Алар бутканаларда кызмат кылышты.

33Алар Теңирден да коркушту, ошондой эле өздөрү көчүп келген өлкөнүн салттары боюнча өздөрүнүн кудайларына да кызмат кылышты.

34Алар ушул күнгө чейин өздөрүнүн мурунку салттары боюнча жашашат. Теңирден коркушпайт, Теңирдин Ысрайыл деген ысым берген Жакып уулдарына берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткарышпайт.

35Теңир алар менен келишим түзүп, мындай деп осуят кылган: «Башка кудайларга табынбагыла, таазим этпегиле, кызмат кылбагыла, курмандык чалбагыла.

36Силерди сунулган колу, күчтүү билеги менен Мисир жеринен алып чыккан Теңирге табынгыла, таазим кылгыла, курмандык чалгыла.

37Анын силерге жазып берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн өмүрүңөр өткөнчө аткарууга аракет кылгыла, башка кудайларга табынбагыла.

38Менин силер менен түзгөн келишимимди унутпагыла, башка кудайлардан коркпогула.

39Өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерден гана корккула, ошондо Ал силерди бардык душмандарыңардан куткарат».

40Бирок алар тил алышкан жок, тескерисинче, мурунку каада-салттары боюнча жашашты.

41Бул элдер Теңирден коркушту, бирок буркандарына да кызмат кылышты. Алардын балдары, балдарынын балдары да ата-бабаларына окшоп, ушул күнгө чейин ушундай кылып келе жатышат.

cle>