2 Падышалар 18:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл падышасы Эйла уулу Ошуянын падышачылыгынын үчүнчү жылында Жүйүт падышасы Ахаз уулу Хиския такка отурду.

2Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Абы, ал Захариянын кызы эле.

3Ал атасы Дөөттөй болуп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

4Ал бутканаларды жок кылды, буркандарды талкалады, Ашейра мамысын кыйды. Ошондой эле Муса жасаган жез жыланды кыйратты, себеби Ысрайыл уулдары ошол күнгө чейин ага арнап жыпар жыттуу зат түтөтүшчү жана аны Нехуштан дешчү.

5Ал Ысрайылдын Кудай-Теңирине таянчу. Бардык Жүйүт падышаларынын арасында андан мурун да, андан кийин да андай падыша болгон эмес.

6Ал Теңирге жабышты, Андан четтеген жок, Теңирдин Мусага берген осуяттарын аткарды.

7Теңир аны менен болду: кайда гана барбасын, ал бардык жерде акылмандык менен иш кылды. Ашур падышасынан бөлүнүп, ага кызмат кылбай калды.

8Ал пелиштиликтерди Азага чейин жана анын жанындагы күзөт мунарасынан сепилдүү шаарга чейин талкалады.

9Хиския падышанын падышачылыгынын төртүнчү жылында, башкача айтканда, Ысрайыл падышасы Эйла уулу Ошуянын падышачылыгынын жетинчи жылында Ашур падышасы Шалманесер Самарияга келип, аны курчап алды.

10Аны үч жылдан кийин басып алды. Хискиянын падышачылыгынын алтынчы жылында, башкача айтканда, Ысрайыл падышасы Ошуянын падышачылыгынын тогузунчу жылында Самария басылып алынды.

11Ашур падышасы ысрайылдыктарды Ашурга көчүрүп, аларды Халахка, Хаборго, Гозан дарыясынын боюна жана Мадайдын шаарларына отурукташтырды.

12Анткени алар өздөрүнүн Кудай-Теңиринин үнүн укпай, Анын келишимин бузушту, Теңирдин кулу Муса берген осуяттарды укпай да, аткарбай да коюшту.

13Хиския падышанын падышачылыгынын он төртүнчү жылында Ашур падышасы Санхейрип Жүйүттүн чептүү шаарларынын баарын басып алды.

14Ошондо Жүйүт падышасы Хиския Лакишке, Ашур падышасына мындай деп айттырып жиберди: «Мен айыптуумун. Артка кайт, кандай салык салсаң да, төлөйүн». Ашур падышасы Жүйүт падышасы Хискияга үч жүз талант күмүш жана отуз талант алтын салык салды.

15Хиския ага Теңирдин үйүндөгү, падыша сарайынын казыналарындагы бардык күмүштү берди.

16Ошол учурда Жүйүт падышасы Хиския өзү алтын менен каптаткан Теңир үйүнүн эшиктериндеги, эшиктин кашектериндеги алтындарды чыгарып, Ашур падышасына берди.

17Бирок Ашур падышасы Лакиштен Тартанды, Рапшакты жана Рап-Саристи көп аскер менен Хиския падышага, Иерусалимге жөнөттү. Алар Иерусалимге келип, жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн жанында турушту.

18Анан алар падышаны чакырышты. Ошондо падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элийаким, катчы Шебна жана тарыхчы Асап уулу Жаах чыкты.

19Рапшак аларга мындай деди: «Хискияга айткыла: Улуу падыша Ашур падышасы мындай дейт: “Сен деги эмнеге таянып жатасың?

20Согушуу үчүн кеңешчилерим менен күчүм бар дегенсиң, бирок мунуң болбогон сөз. Мага каршы чыккыдай, сен азыр кимге таянып жатасың?

21Сен сынык таякка – Мисирге таянып жатасың. Ага ким таянса, ал анын алаканына кирип, көзөп өтөт. Мисир падышасы фараонго таянгандарга мына ушундай болот.

22Эгерде силер мага: "Өзүбүздүн Кудай-Теңирибизге таянабыз", – дей турган болсоңор, анда ал кудайыңардын курмандык чалынуучу жайлары менен бутканаларын Хиския алып салып, Жүйүт менен Иерусалимге: "Иерусалимдеги ушул гана курмандык чалынуучу жайдын алдында табынгыла", – дебеди беле. Ошол Кудайыңарга таянып жатасыңарбы?

23Ошондуктан менин мырзам Ашур падышасы менен келишим түз: мен сага эки миң ат берем, аларга чабандес таба аласыңбы?

24Сен менин мырзамдын эң кичине кулдарынын бирин жеңе аласыңбы? Мисирдин аттары менен майдан арабаларына таянып жатасыңбы?

25Мен бул жерди бүлдүрүүгө Теңирдин эркисиз келиптирминби? Мага Теңир: "Бар, ал жерди бүлдүр", – деп айткан”».

26Хилкия уулу Элийаким, Шебна жана Жаах Рапшактан: «Кулдарың менен арамей тилинде сүйлөш, себеби биз ал тилди түшүнөбүз. Биз менен жүйүт тилинде сүйлөшпө, дубалдагы эл укпай эле койсун», – деп өтүнүштү.

27Рапшак аларга: «Мырзам мени ушул сөздү мырзаң экөөңө айттырганы жибериптирби? Жок, ал мени силер менен кошо өздөрүнүн заңын жеп, заарасын ичиш үчүн, дубалда отурган кишилерге да айттырганы жиберген», – деди.

28Анан Рапшак туруп, жүйүт тилинде мындай деп кыйкырды: «Улуу падыша Ашур падышасынын сөзүн уккула!

29Падыша мындай дейт: “Хиския силерди азгырбай эле койсун, анткени ал силерди менин колумдан куткара албайт.

30"Теңир бизди сактайт. Бул шаар Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт", – деп, Хиския силерди Теңир менен үмүттөндүрбөй эле койсун”.

31Хискияны укпагыла. Анткени Ашур падышасы мындай дейт: “Шаарыңардан чыгып, мени менен тынчтык келишимин түзгүлө. Мен келип, силерди өзүңөрдүн жериңердей: нанга, шарапка, жемишке, жүзүмгө, зайтун дарагына жана балга бай жерге алып кеткенге чейин,

32ар ким өзүнүн жүзүм багынын, анжыр дарагынын мөмөсүн жеп, өз кудугунан суу ичет. Менин айткандарымды кылсаңар, өлбөй тирүү каласыңар”. “Бизди Теңир сактайт”, – деп, силерди азгырып жаткан Хискияны укпагыла.

33Кайсы элдин кудайы Ашур падышасынын колунан өз жерин сактап калды эле?

34Арпат менен Хаматтын кудайлары кайда? Сепарбайымдын, Эйнанын жана Ибанын кудайлары кана? Алар Самарияны менин колумдан сактап калышты беле?

35Ушул жерлердин кудайларынын кайсынысы менин колумдан өз жерин сактап калды эле? Анан кантип Теңир менин колумдан Иерусалимди сактап калсын?»

36Эл унчуккан жок, ага бир да сөз менен жооп берген жок, себеби падышанын «Ага жооп бербегиле» деген буйругу бар эле.

37Падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах айрылган кийимдери менен Хискияга келишип, Рапшактын сөздөрүн айтып беришти.

cle>