1Хиския падыша муну укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, Теңир үйүнө барды.
2Ал падыша сарайынын башчысы Элийакимди, катчы Шебнаны жана зумбал жамынган башкы ыйык кызмат кылуучуларды Амостун уулу Ышайа пайгамбарга жөнөттү.
3Алар ага келип, мындай деп айтышты: «Хиския мындай дейт: “Бул күн – кайгы тарта турган, жазалана турган, маскара боло турган күн, анткени ымыркайлар жатындын оозуна келип калышты, бирок энелердин төрөгөнгө күчү жок.
4Тирүү Кудайга акарат келтирип, тил тийгизиш үчүн, мырзасы Ашур падышасы жиберген Рапшактын сөздөрүн Кудай-Теңириң угуп, ушул сөздөрдү айткандыгы үчүн, аны жазаласа экен. Тирүү калган эл үчүн сыйын”».
5Хиския падышанын кызматчылары Ышайага келишти.
6Ышайа аларга мындай деди: «Мырзаңарга Теңир мындай дейт деп айткыла: “Ашур падышасынын кызматчыларынын Мага тил тийгизип айткан сөздөрүнөн коркпо.
7Мен ага бир рух жиберем, ал бир кабар угуп, өз жерине кайтат, ошондо Мен аны өз жеринде кылыч менен өлтүрөм”».
8Рапшак Ашур падышасынын Лакиштен кеткенин угуп кайтып келсе, ал Либна менен согушуп жатыптыр.
9Ашур падышасына Эфиопия падышасы Тирак жөнүндө «Ал сени менен согушууга чыкты» деген кабар айтышты. Ошондо ал Хискияга кайрадан элчилерин жөнөтүп, мындай деп айттырды:
10«Жүйүт падышасы Хискияга мындай деп айткыла: “Сен таянган Кудайың: "Иерусалим Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт", – деп, сени алдабай эле койсун.
11Ашур падышаларынын башка жерлерди эмне кылганын, аларды талкалаганын уккансың да, анан сен аман калмак белең?
12Менин ата-бабаларым бүлүнткөн элдерди кудайлары сактап калды беле? Гозан, Харан жана Ретсеп, Теласардагы Эден уулдарын сактап калышты беле?
13Хамат, Арпат, Сепарбайым, Эйна жана Иба шаарларынын падышалары кана?”»
14Хиския элчилердин колунан катты алып окуду да, Теңир үйүнө барып, аны Теңирдин алдына жайды.
15Анан Хиския Теңирдин алдында мындай деп сыйынды: «Керуптардын арасында жашаган Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын Кудайы жалгыз Сенсиң, асман менен жерди Сен жараткансың.
16Теңир, кулак сала көр. Теңир, көздөрүңдү ачып, назар сала көр. Тирүү Кудай Сага тил тийгизиш үчүн киши жиберген Санхейриптин сөздөрүн ук!
17Оо, Теңир, Ашур падышаларынын элдерди, алардын жерлерин бүлүнткөнү чын.
18Алардын кудайларын отко ыргытышкан, бирок алар кудайлар эмес эле, адамдын колу менен жасалган буюм, жыгач, таш болчу. Ошондуктан аларды жок кылышкан.
19Кудай-Теңирибиз, эми бизди анын колунан сактай көр, ошондо, Теңир, Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык падышачылыктар билишет».
20Амостун уулу Ышайа Хискияга мындай деп айттырып жиберди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин Ашур падышасы Санхейрип жөнүндөгү сыйынууңду уктум”.
21Теңирдин ал жөнүндө айткан сөзү мындай: “Сиондун эркек көрө элек кызы сени жек көрөт, сени шылдыңдап күлөт. Иерусалим кызы артыңдан башын чайкайт.
22Сен кимге тил тийгиздиң, кимди шылдыңдадың? Кимге үнүңдү көтөрдүң, кимге текеберденип карадың? Ысрайылдын Ыйыгына!
23Элчилериң аркылуу Теңирге акарат келтирип: "Мен өзүмдүн көп сандаган майдан арабаларым менен тоолордун чокусуна, Лебанондун эң бийик жерлерине чыктым. Эми анын бийик кедр дарактарын, эң сонун кипаристерин кыям, анын эң алыскы жерлерине, эң жакшы токоюна келем.
24Кудук казып, жат жердин суусун ичтим. Эми Мисирдин бардык дарыяларын таманым менен какшытам", – дедиң.
25Муну Мен мурун эле кылганымды, байыркы заманда эле алдын ала белгилеп койгонумду уккан жок белең? Сен азыр ошону ишке ашырдың, чептүү шаарларды кыйратып, үйүлгөн урандыга айланттың.
26Алардын тургундары кайратын жоготуп, титиреп, уятка калып жатышат. Алар талаадагы чөптөй, назик өсүмдүктөй, чатырдын үстүнө чыккан чөптөй, баш алгыча эле күйүп кеткен эгиндей болушту.
27Мен сенин отурганыңды да, чыкканыңды да, киргениңди да – баарын билем. Мага текеберденип тил тийгизгениңди да билем.
28Мага текеберденип тил тийгизгендигиң үчүн, менменсингендигиң Менин кулагыма жеткендиги үчүн, Мен сенин танооңо шакегимди, оозуңа ооздугумду салып, келген жолуң менен артка кетирем”.
29Хиския, сага мындай жышаан берем: бул жылы түшүп калган дандан өсүп чыкканын, кийинки жылы өзү өсүп чыкканын жегиле, ал эми үчүнчү жылы аштык сээп оруп алгыла, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жегиле.
30Жүйүт тукумунун аман калгандары кайрадан тамырын төмөн жайып, жогору жагынан түшүм берет.
31Анткени Иерусалимден калдык чыгат, Сион тоосунан куткарылгандар чыгат. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.
32Ошондуктан Теңир Ашур падышасы жөнүндө мындай дейт: “Ал бул шаарга кирбейт, ал жакка бир да жебе атпайт, ага калканы менен жакын да келбейт, ага каршы жал үйбөйт.
33Келген жолу менен артка кайтат, бул шаарга кирбейт, – дейт Теңир.
34Мен бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн куткарам жана коргойм”».
35Ошол түнү мындай болду: Теңирдин периштеси Ашур кошуунуна барып, жүз сексен беш миң адамын өлтүрдү. Эртең менен туруп, өлүп жаткан адамдарды көрүштү.
36Ошондо Ашур падышасы Санхейрип келген жолу менен артка кайтты. Ал өзү жашаган Нинебиге кайтып барды.
37Ал өзүнүн кудайы Нисрох үйүндө табынып жатканда, аны уулдары Адрамелек менен Саретсер кылыч менен өлтүрүп, Арарат жерине качып кетишти. Анын ордуна уулу Эйсар-Хадон такка отурду.