1Теңир Илиясты асманга куюн менен көтөрүп кеткиси келди. Ошол учурда Илияс Элиша менен Гилгалдан келе жаткан.
2Илияс Элишага: «Бул жерде кал, анткени Теңир мени Бейтелге жиберип жатат», – деди. Бирок Элиша: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Бейтелге жөнөштү.
3Бейтелдеги пайгамбар уулдары Элишанын алдынан чыгып, ага: «Бүгүн Теңир сенин мырзаңды жогору алып кетерин билесиңби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.
4Илияс ага: «Элиша, бул жерде кал, анткени Теңир мени Жерихого жиберип жатат», – деди. Ал: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Жерихого келишти.
5Жериходогу пайгамбар уулдары Элишага жакын келишип: «Бүгүн Теңир сенин мырзаңды жогору алып кетерин билесиңби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.
6Илияс ага: «Бул жерде кал, анткени Теңир мени Иорданга жиберип жатат», – деди. Ал: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, экөө бирге жөнөштү.
7Пайгамбар уулдарынан элүү киши жөнөдү, алар Илияс менен Элишанын бет маңдайында, алыста турушту. Экөө Иордандын жээгинде турган эле.
8Илияс өз чапанын алып, ороп туруп сууга чапты. Ошондо суу эки жакка тартылып, алар кургак жер менен өтүп кетишти.
9Алар өтүп кетишкенден кийин, Илияс Элишага: «Сура, мен сенин жаныңдан алынып кетерден мурун сага эмне кылып берейин?» – деди. Элиша ага: «Сендеги рух менде эки эсе болсун», – деди.
10Ошондо ал: «Оор нерсени сурап жатасың. Эгер сенин жаныңдан кантип алынып бара жатканымды көрсөң, анда сураганыңдай болот. Эгер көрбөсөң, болбойт», – деди.
11Алар жолдо сүйлөшүп бара жатышканда, күтүлбөгөн жерден оттуу араба менен оттуу аттар пайда болду да, экөөнү бөлүп, Илиясты куюн менен асманга көтөрүп кетти.
12Элиша муну көрүп: «Ата, ата, Ысрайылдын арабасы жана атчан жоокери!» – деп кыйкырды. Анан ал аны көрбөй калды. Өзүнүн кийимин кармап туруп, экиге бөлүп айрып салды.
13Илиястын жерге түшүп калган чапанын алып, артты көздөй жөнөп, Иордандын жээгине келип турду.
14Анан ал Илиястын жерге түшүп калган чапанын сууга чаап: «Илиястын Кудай-Теңири кайда?» – деди. Ошондо суу эки жакка тартылып, Элиша өтүп кетти.
15Жериходогу пайгамбар уулдары аны алыстан көрүп: «Илиястын руху Элишага түштү», – дешти. Аны алдынан тосуп чыгышып, жерге чейин ийилип таазим этишти.
16Анан ага мындай деп айтышты: «Кулдарыңдын элүү күчтүү кишиси бар. Алар барып, мырзаңды издеп келишсин. Балким, аны Теңирдин Руху алып кетип, бир тоого же бир өрөөнгө таштап койгондур?» Бирок ал: «Жибербей эле койгула», – деди.
17Бирок алар кайра-кайра айтып, аны жадатышкандыктан, ал: «Жибергиле», – деди. Ошондо алар элүү кишини жиберишти, алар аны үч күн издеп таппай коюшту.
18Алар Жериходо калган Элишага кайтып келишкенде, ал: «Мен силерге: “Барбагыла”, – деп айтпадым беле?» – деди.
19Шаардын тургундары Элишага: «Мырзабыз өзү көрүп тургандай, бул шаар жакшы жерге жайгашкан, бирок суусу жаман, жери түшүм бербейт», – дешти.
20Ал: «Жаңы чөйчөккө туз салып, мага алып келгиле», – деди. Ага ошентип беришти.
21Ал суунун башатына барып, ага тузду чачып: «Теңир мындай дейт: “Мен бул сууну тазарттым, мындан ары бул суу өлүмдүн да, түшүмсүздүктүн да себепкери болбойт”», – деди.
22Элишанын сөзү боюнча суу таза болуп калды. Ушул күнгө чейин ошондой.
23Ал жерден ал Бейтелге кетти. Жолдо бара жатканда, шаардан кичинекей балдар чыгып, аны: «Кашка баш, кет! Кет, кашка баш!» – деп шылдыңдашты.
24Ал артына кылчайып, аларды карап, Теңирдин атынан каргады. Ошондо токойдон эки ургаачы аюу чыгып, алардын ичинен кырк эки баланы жарып салды.
25Ал жерден ал Кармел тоосуна жөнөдү, ал жактан Самарияга кайтып келди.