1Менаше такка отурганда, он эки жашта эле. Ал Иерусалимде элүү жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Хепси-Ба болчу.
2Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан, жийиркеничтүү иштерди кылган элдерди туурап, Теңирге жакпаган иштерди кылды.
3Ал атасы Хиския жок кылган бутканаларды кайра тургузуп, Ысрайыл падышасы Ахапка окшоп, Баалга курмандык чалынуучу жайларды курду, Ашейра мамысын тургузуп, асман кошуундарына табынып, аларга кызмат кылды.
4Теңир үйүнө курмандык чалынуучу жайларды тургузду, ал үй жөнүндө Теңир: «Мен Өз ысымымды Иерусалимге орнотом», – деген эле.
5Теңир үйүнүн эки короосуна бардык асман кошуундарына арнап курмандык чалынуучу жайларды тургузду.
6Өз уулун курмандыкка өрттөп, төлгө салып, сыйкырчылык кылып, өлгөндөрдү чакыруучуларды жана сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Теңирди каардантып, Ага жакпаган иштерди көп кылды.
7Менаше өзү жасаган Ашейра бурканын Теңир үйүнө койду, ал үй жөнүндө Теңир Дөөткө жана анын уулу Сулайманга мындай деген эле: «Ушул үйгө жана Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Өзүм тандап алган Иерусалимге Мен Өз ысымымды түбөлүккө орнотом.
8Эгерде ысрайылдыктар Менин буйруктарымды жана Менин кулум Муса берген мыйзамдарды сактоого аракет кылышса, ата-бабаларына берген жерден Мен аларды мындан ары кууп чыкпайм».
9Бирок алар тил албай коюшту, аларды Менаше жолдон чыгарды. Алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир жок кылган элдер жасаган иштерден да жаман иштерди кылышты.
10Ошондо Теңир Өз кулдары – пайгамбарлары аркылуу мындай деп сүйлөдү:
11«Жүйүт падышасы Менаше жийиркеничтүү иштерди кылып, өзүнө чейинки аморлуктардан да ашып түшкөндүгү үчүн, өзүнүн жасалма кудайлары менен Жүйүттү күнөөгө батыргандыгы үчүн,
12Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Мен Иерусалим менен Жүйүткө оор мүшкүл түшүрөм, ошондо ал жөнүндө уккан адамдын кулагы зыңылдайт.
13Иерусалимдин үстүнөн Самариянын өлчөөчү жибин жана Ахаптын тукумунун салмоорун тартам. Иерусалимди идишти сүрткөнсүп сүртүп, көңтөрүп коём.
14Өз энчимдин калдыгынан баш тартып, душмандарынын колдоруна салып берем, аларды бардык душмандары талап-тоноп, чаап алышат.
15Бул алардын Мага жакпаган иштерди кылганы үчүн, алардын ата-бабалары Мисирден чыккан күндөн ушул күнгө чейин Мени каардантышканы үчүн болот».
16Менаше Жүйүттү күнөөгө батырганы аз келгенсип, күнөөсүз канды көп төгүп, Иерусалимди канга толтурду. Ал Жүйүттүн Теңирге жакпаган иштерди кылуусуна себепкер болду.
17Менаше жөнүндө, анын кылган бардык иштери, кылган күнөөлөрү жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
18Менаше ата-бабаларына кошулду. Ал өз үйүнүн жанындагы Уза багына коюлду. Анын ордуна уулу Амон такка отурду.
19Амон жыйырма эки жашында такка отуруп, Иерусалимде эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Мешулемет, ал жотпалык Харустун кызы болчу.
20Ал атасы Менашедей болуп, Теңирге жакпаган иштерди кылды.
21Ал атасынын жолун жолдоп, атасы кызмат кылган жасалма кудайларга кызмат кылып, аларга табынды.
22Ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап койду, Теңирдин жолу менен жүргөн жок.
23Кызматчылары Амон падышага каршы чыккынчылык уюштурушуп, аны өз үйүндө өлтүрүштү.
24Бирок эл Амон падышага каршы чыккынчылык уюштургандардын бардыгын кырып, анын ордуна уулу Жошияны такка отургузду.
25Амон жөнүндө жана анын кылган иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
26Аны Уза багындагы өз мүрзөсүнө коюшту. Анын ордуна уулу Жошия такка отурду.