1Жошия сегиз жашында такка отуруп, Иерусалимде отуз бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жедида, ал батсекаттык Адаянын кызы эле.
2Ал Теңирге жаккан иштерди кылып, атасы Дөөттүн бардык жолу менен жүрүп, оңго да, солго да бурулган жок.
3Жошия падышанын падышачылыгынын он сегизинчи жылында падыша Мешуламдын уулу, Атсалиянын уулу катчы Шапанды Теңир үйүнө жиберип, мындай деп айттырды:
4«Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга бар, ал элдин Теңир үйүнө алып келген, босогодо турган күзөтчүлөр жыйнаган күмүштөрүн эсептесин.
5Аны Теңир үйүндө иш алып барууга дайындалгандардын колуна берсин. Ал эми алар аны Теңир үйүнүн бузулган жерлерин оңдоп жаткан
6жыгач усталарга, таш сомдоочуларга, таш тизүүчүлөргө таратып беришсин жана үйдү оңдоо үчүн сатылып алынуучу жыгачтарга, жылмаланган таштарга жумшашсын.
7Алардын колуна берилген күмүштөрдүн эсебин талап кылбагыла, себеби алар чынчылдык менен таратышат».
8Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия катчы Шапанга мындай деди: «Мен Теңир үйүнөн мыйзам китебин таап алдым». Хилкия китепти Шапанга сунду, ал аны окуду.
9Катчы Шапан падышага келип, мындай деди: «Теңир үйүндөгү күмүштөрдү сенин кулдарың алып, Теңир үйүндө иш алып барууга дайындалгандардын колуна өткөрүп беришти».
10Катчы Шапан падышага дагы мындай деп билдирди: «Ыйык кызмат кылуучу Хилкия мага китеп берди». Шапан аны падышанын алдында окуп берди.
11Падыша мыйзам китебиндеги сөздөрдү укканда, өз кийимин айрып жиберди.
12Анан падыша ыйык кызмат кылуучу Хилкияга, Шапандын уулу Акикамга, Михей уулу Акбарга, катчы Шапанга, падыша кызматчысы Асаяга мындай деп буйруду:
13«Баргыла, мен жөнүндө, эл жөнүндө жана бүткүл Жүйүт жөнүндө бул табылган китепте эмне жазылгандыгын Теңирден сурагыла, аткарышыбыз үчүн жазылган бул китептеги сөздөрдү ата-бабаларыбыз укпай коюшкандыктан, Теңир бизге катуу каарданып жатат».
14Ошондо ыйык кызмат кылуучу Хилкия, Акикам, Акбар, Шапан жана Асая кийим кайтаруучу Хархас уулу, Тикпа уулу Шалумдун аялы, пайгамбар Хулдага барып, аны менен сүйлөшүштү. Ал аял Иерусалимдин экинчи бөлүгүндө жашачу.
15Аял аларга мындай деди: «Жүйүт падышасы окуган китептеги сөздөр боюнча Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Силерди мага жиберген кишиге айткыла:
16Теңир мындай дейт: Мен ошол жерге жана анын тургундарына мүшкүл түшүрөм.
17Алар Мени таштап, башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп, жасап алган кудайлары менен Мени каардантышкандыгы үчүн, Мен ошол жерге каарымды төгөм, каарым кайтпайт”.
18Силерди Теңирдин эркин сураганы жиберген Жүйүт падышасына айткыла: “Сен уккан сөздөр боюнча Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт:
19"Мен ошол жердин кыйрарын, ошол жердин тургундарынын кырыларын айтканымды уккандан кийин, жүрөгүң жумшаргандыгы үчүн, Теңир алдында моюн сунганың үчүн, кийимиңди айрып, Менин алдымда ыйлаганың үчүн, Мен да сени уктум, – дейт Теңир.
20Ошон үчүн Мен сени ата-бабаларыңа кошом, сен көрүңө тынч коюласың, Мен бул жерге түшүрө турган мүшкүлдү көрбөйсүң"”». Падышага ушундай жооп алып келишти.