2 Падышалар 23:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Падыша киши жиберип, Жүйүт менен Иерусалимдеги бүт аксакалдарды чогултту.

2Падыша Теңир үйүнө келди. Аны менен бардык жүйүттөр, Иерусалимдин бүт тургундары, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар, кичинеcинен чоңуна чейин, бүт эл келди. Ал Теңир үйүнөн табылган мыйзам китептеги бардык сөздөрдү угуза окуду.

3Андан кийин падыша бийик жерге чыгып, Теңирдин жолу менен жүрүш үчүн, Анын осуяттарын, буйруктарын жана мыйзамдарын жан-дили менен, чын жүрөктөн аткарыш үчүн, ушул китепте жазылган келишимдин сөздөрүн аткарыш үчүн, Теңирдин алдында келишим түздү, эл келишимге кошулду.

4Анан падыша башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга, андан кийинки ыйык кызмат кылуучуларга жана босогодо турган күзөтчүлөргө Ашейра үчүн, Баал үчүн жана бүткүл асман кошуундары үчүн жасалган бардык нерселерди Теңирдин ийбадатканасынан алып чыгып, Иерусалимдин сыртында, Кидрон өрөөнүндө өрттөп, күлүн Бейтелге жеткирүүнү буйруду.

5Жүйүт шаарларындагы, Иерусалимдин айланасындагы бутканаларда жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн Жүйүт падышалары койгон буткана кызматчыларын кызматынан четтетти, алар Баалга, күнгө, айга, жылдыздарга, бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшчү.

6Анан ал Ашейра мамысын Теңир үйүнөн Иерусалимдин сыртындагы Кидрон суусуна алып чыгып, Кидрондун жээгинде өрттөп, күлгө айлантып, жалпы элдин көрүстөнүнө ыргытты.

7Анан Теңирдин ийбадатканасынын жанындагы бачабаздардын үйүн талкалады. Ал жерде аялдар Ашейрага кийим токушчу.

8Жүйүт шаарларындагы буткана кызматчыларынын баарын алып чыкты, Гебадан Бейер-Шебага чейинки буткана кызматчылары жыпар жыттуу зат түтөткөн бутканаларды булгады, дарбазалардын алдындагы бутканаларды – шаар башчысы Жошуянын дарбазасынын кире беришиндеги буткананы жана шаар дарбазасынын сол жагындагы буткананы кыйратты.

9Ошондой болсо да бутканалардын кызматчылары Теңирдин Иерусалимдеги курмандык чалынуучу жайында курмандык чалышчу эмес, бирок өз бир туугандары менен бирге ачыткысыз нан жешчү.

10Эч ким уулун же кызын Молохко арнап курмандыкка чалбашы үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүндөгү Топетти булгады.

11Парбаримдеги эбнух Нетан-Мелехтин бөлмөлөрүнүн жанындагы Теңир үйүнүн кире беришине Жүйүт падышалары күнгө арнап койгон аттарды алып таштады. Күнгө арналган майдан арабаларды өрттөп жиберди.

12Падыша Жүйүт падышалары курган Ахаздын үйүнүн чатырындагы курмандык чалынуучу жайларды, Теңир үйүнүн эки короосуна Менаше курган курмандык чалынуучу жайларды бузуп, кулатты, алардын күлүн Кидрон суусуна ыргытты.

13Иерусалимдин алдына, Зайтун тоосунун оң жагына Сидондун жийиркеничи Ашейра үчүн, Мааптын жийиркеничи Кемош үчүн, Амон уулдарынын жийиркеничи Милком үчүн Ысрайыл падышасы Сулайман курган бутканаларды падыша булгады.

14Балбалдарды талкалап, Ашейра мамыларын кыйып, алардын ордун кишинин сөөктөрү менен толтурду.

15Ошондой эле Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайды, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробам курган буткананы кыйратып, өрттөп, күлгө айландырды, Ашейра мамыларын өрттөп жиберди.

16Анан Жошия көз чаптырып, тоодогу мүрзөлөрдү көрдү. Киши жөнөтүп, мүрзөдөн сөөктөрдү алдырып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү, Кудайдын кишиси алдын ала айткан Теңирдин сөзү боюнча аны булгады.

17Анан Жошия: «Мен көрүп турган эмне деген эстелик?» – деп сурады. Шаардын тургундары ага мындай дешти: «Бул – Жүйүт аймагынан келген Кудайдын кишисинин мүрзөсү. Ал Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайды эмне кыларыңды айткан».

18Ошондо ал: «Аны жайына койгула. Анын сөөгүнө эч кимиңер тийбегиле», – деди. Ошентип, анын сөөгүнө жана Самариядан келген пайгамбардын сөөгүнө тийишкен жок.

19Жошия ошондой эле Ысрайыл падышаларынын Теңирди каардантып курган Самария шаарларынын бийик жерлериндеги бутканалардын баарын Бейтелдегидей кылып кыйратты.

20Ал жердеги курмандык чалынуучу жайлардын үстүндө буткана кызматчыларынын баарын мууздап өлтүрүп, кишилердин сөөгүн өрттөп, Иерусалимге кайтып келди.

21Анан падыша бүткүл элге мындай буйрук кылды: «Бул мыйзам китепте жазылгандай, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге арнап Пасах майрамын өткөргүлө».

22Анткени мындай Пасах Ысрайылды башкарган башкаруучулардын убагынан бери өткөрүлө элек эле, Ысрайыл жана Жүйүт падышаларынын убагында да өткөрүлгөн эмес.

23Жошия падышанын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Иерусалимде Теңирге арналган ушундай Пасах майрамы өткөрүлдү.

24Теңир үйүнөн ыйык кызмат кылуучу Хилкия тапкан китепте жазылган мыйзам сөздөрүн аткарыш үчүн, Жошия Жүйүт аймагында жана Иерусалимде пайда болгон өлгөндөрдү чакыруучуларды, сыйкырчыларды терафимдерди, жасалма кудайларды, жийиркеничтерди жок кылды.

25Мусанын бардык мыйзамдары боюнча Теңирге бүт жүрөгү менен, жан-дили менен, бардык күчү менен берилген Жошиядай падыша буга чейин да, мындан кийин да болгон эмес.

26Бирок Менаше Теңирге акарат келтирип, Аны каардантканы үчүн, Теңир Жүйүткө каарданганын токтоткон жок.

27Теңир мындай деди: «Мен Ысрайылды таштап койгондой, Жүйүттү да таштап коём, Өзүм тандап алган ушул Иерусалим шаарын да, “Менин ысымым ошол жерде болот” деп айткан үйдү да таштап коём».

28Жошия жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

29Анын тушунда Мисир падышасы фараон Нехо Ашур падышасы менен согушуу үчүн, Эфрат дарыясын көздөй жөнөдү. Ошондо Жошия падыша анын алдынан чыкты. Нехо Жошияны көрүп, аны Мегидодо өлтүрдү.

30Кулдары анын өлүгүн майдан арабага салып, Мегидодон Иерусалимге алып келип, өз мүрзөсүнө коюшту. Ал жердин эли Жошиянын уулу Жаахазды падыша кылып майлап, атасынын ордуна такка отургузушту.

31Жаахаз такка отурганда, жыйырма үч жашта эле. Ал Иерусалимде үч ай падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Хамутал, ал либналык Жеремиянын кызы болчу.

32Ал аталарындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

33Ал Иерусалимде падыша болбошу үчүн, фараон Нехо аны Хамат жериндеги Риблада каматып, ал жерге жүз талант күмүш, бир талант алтын салык салды.

34Фараон Нехо Жошия уулу Элийакимди атасы Жошиянын ордуна такка отургузуп, анын атын Жайаким деп өзгөрттү. Жаахазды болсо Мисирге алып кетти, ал ошол жерде өлдү.

35Жайаким фараонго күмүш да, алтын да берип турду. Ал фараондун буйругу боюнча күмүш берип туруш үчүн, жерди баалады. Фараон Нехого берип туруш үчүн, ал ошол жердеги элге, ар бир кишиге жерине жараша алтын-күмүш төлөттү.

36Жайаким такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Зебуда, ал румалык Педаянын кызы эле.

37Ал өзүнүн аталарындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

cle>