2 Падышалар 24:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Жайакимдин тушунда Бабыл падышасы Небухаданасар кол салды. Жайаким үч жыл анын бийлиги астында болду, бирок кийин андан бөлүнүп кетти.

2Теңир аларды Өзүнүн кулдары – пайгамбарлары аркылуу айткан сөзү боюнча Жүйүттү кырып жок кылуу үчүн, ага каршы каздимдердин, сириялыктардын, мааптыктардын жана амондуктардын аскерлерин жиберди.

3Менашенин күнөөсү жана кылган бардык иштери үчүн Теңирдин буйругу боюнча Жүйүттү Өзүнөн четтетүү үчүн,

4Менашенин жазыксыз кан төгүп, Иерусалимди жазыксыз канга толтурганы үчүн Жүйүттү ушундай кылды, Теңир аны кечиргиси келген жок.

5Жайаким жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

6Жайаким ата-бабаларына кошулуп, анын ордуна уулу Жайахин такка отурду.

7Мисир падышасы андан кийин өз жеринен чыккан жок, себеби Бабыл падышасы Мисир падышасына караштуу жерлерди, Мисир дарыясынан Эфрат дарыясына чейинки жерлерди басып алган эле.

8Жайахин такка отурганда, он сегиз жашта эле, ал Иерусалимде үч ай падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Нехушта, ал иерусалимдик Элнатандын кызы эле.

9Ал атасындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

10Ошол убакта Бабыл падышасы Небухаданасардын кулдары Иерусалимге келип, шаарды курчап алышты.

11Кулдары шаарды курчап жатканда, Бабыл падышасы Небухаданасар шаарга келди.

12Жүйүт падышасы Жайахин энеси, кызматчылары, төрөлөрү жана эбнухтары менен Бабыл падышасына багынып берди. Бабыл падышасы шаарды өз падышачылыгынын сегизинчи жылында басып алды.

13Небухаданасар ал жерден Теңир үйүндөгү жана падыша сарайындагы кымбат баалуу буюмдарды алып кетти. Теңир айткандай, Ысрайыл падышасы Сулайман жасаган Теңирдин ийбадатканасындагы алтын идиштердин баарын талкалады.

14Ал Иерусалимдин бүт элин, бардык төрөлөрүн, эр жүрөк аскерлерин туткундап кетти. Туткундалып кеткендердин саны он миң эле. Ал бардык жыгач усталарды, темир усталарды туткундап кетти. Ал жерде жарды элден башка эч ким калган жок.

15Жайахинди ал Бабылга туткундап кетти. Падышанын энесин, аялдарын, эбнухтарын, ал жердин күчтүүлөрүн Иерусалимден Бабылга туткундап кетти.

16Жети миң аскерин, кол өнөрчүлөрү менен миң куруучусун, согушка жарактуу эр жүрөк адамдарын Бабыл падышасы Бабылга туткундап кетти.

17Бабыл падышасы Жайахиндин ордуна анын жакын тууганы Матанияны такка отургузуп, атын Ситкия кылып өзгөрттү.

18Ситкия такка отурганда, жыйырма бир жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Хамутал, ал либналык Жеремиянын кызы болчу.

19Ал Жайакимге окшоп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

20Теңир Жүйүт менен Иерусалимге абдан катуу каарданып, аларды таштап салды. Ситкия Бабыл падышасынан бөлүнүп кетти.

cle>