1Бабыл падышасы Небухаданасар өз падышачылыгынын тогузунчу жылынын онунчу айынын онунчу күнү бүт аскери менен Иерусалимге келип, аны курчап, тегерете жал үйдү.
2Ситкия падышанын падышачылыгынын он биринчи жылына чейин шаар курчоодо турду.
3Айдын тогузунчу күнү шаарда ачарчылык күчөгөндүктөн, ал жердин элинин жегенге наны жок эле.
4Шаар басылып алынып, бардык аскерлер түн ичинде падыша багынын жанындагы, эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгып, качып кетишти. Каздимдер болсо шаарды курчап турушкан, падыша ошол жол менен түздүккө чыгып кетти.
5Каздим аскерлери падышанын артынан түшүп, аны Жерихо түздүгүндө кууп жетишти. Бүт аскерлери аны таштап, туш-тушка качып кетишти.
6Падышаны кармап, Бабыл падышасына, Риблага алып кетишти. Анан анын үстүнөн сот жүргүзүштү.
7Ситкиянын балдарын анын көзүнчө мууздап өлтүрүштү. Ал эми Ситкиянын көзүн оюп, кишендеп, Бабылга алып кетишти.
8Бешинчи айдын жетинчи күнү, башкача айтканда, Бабыл падышасы Небухаданасардын падышачылыгынын он тогузунчу жылында Бабыл падышасынын кызматчысы, сакчылардын башчысы Небузарадан Иерусалимге келди.
9Ал Теңир үйүн, падыша сарайын, Иерусалимдеги бардык үйлөрдү өрттөдү, бардык чоң үйлөрдү өрттөдү.
10Сакчылардын башчысы менен келген каздим аскерлери Иерусалимди курчаган дубалдарды бузушту.
11Шаарда калган элди, Бабыл падышасы тарапка өтүп кеткендерди, калган карапайым элди сакчылардын башчысы Небузарадан туткундап кетти.
12Сакчылардын башчысы жүзүм багындагы жумуштарга жана жер айдоого ал жердин жарды элинен бир нече кишини гана калтырды.
13Каздимдер Теңир үйүндөгү жез устундарды, дөңгөлөктүү койгучтарды, жезден жасалган чоң чараны талкалап, алардын жезин Бабылга алып кетишти.
14Теңир үйүндө кызмат кылууда пайдаланылуучу бардык казандарды, калактарды, бычактарды, кашыктарды, жез идиштерди алып кетишти.
15Сакчылардын башчысы жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөктөрдү, алтындан жана күмүштөн жасалган бардык нерселерди, идиштерди алып кетти.
16Сулайман Теңир үйүнө жасаткан эки мамыга, чоң чарага, дөңгөлөктүү койгучтарга кеткен жездин салмагы белгисиз болчу.
17Ар бир мамынын бийиктиги он сегиз чыканак. Башында жез таажы, ал эми таажынын бийиктиги үч чыканак, таажыны курчаган тор менен анарлардын баары жезден болчу. Мамылар ушундай жасалган эле.
18Сакчылардын башчысы башкы ыйык кызмат кылуучу Сераяны, экинчи ыйык кызмат кылуучу Сепанияны, Теңир үйүнүн кире беришинде күзөттө турган үч сакчыны алып кетти.
19Шаардан аскерлерди башкарган бир эбнухту, падышанын алдында турган беш кишини, ал жердин элин аскерге каттаган башкы катчыны, ошол жердин элинин ичинен шаарда болгон алтымыш кишини алып кетти.
20Сакчылардын башчысы Небузарадан аларды Риблага, Бабыл падышасына алып кетти.
21Бабыл падышасы аларды Хамат жеринде, Риблада өлтүрдү. Ошентип, жүйүттөр өз жеринен туткундалып кетишти.
22Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт жеринде калтырган элге Шапан уулу, Акикам уулу Гедалияны башчы кылып койду.
23Бардык аскер башчылар жана алардын кишилери Бабыл падышасынын Гедалияны башкаруучу койгонун угушканда, Гедалияга, Миспага келишти, атап айтканда, алар: Нетаниянын уулу Ысмайыл, Карейахтын уулу Жоханан, нетопалык Танхуметтин уулу Серая, маахалык бир кишинин уулу Жазания жана алардын кишилери.
24Гедалия аларга, алардын кишилерине мындай деп ант берди: «Каздимдердин бийлиги астында болуудан коркпогула, ушул жерде жашай бергиле, Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо силерге жакшы болот».
25Бирок жетинчи айда падыша тукумунан болгон Элишама уулу, Нетания уулу Ысмайыл он киши менен келип, Гедалияны жана Миспада аны менен жүргөн жүйүттөр менен каздимдерди өлтүрүп салды.
26Ошондо бүт эл, кичинесинен чоңуна чейин, аскер башчылар да Мисирге кетишти, анткени каздимдерден коркушту.
27Жүйүт падышасы Жайахиндин туткундалып келгенине отуз жети жыл болгондо, он экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү Бабыл падышасы Эбил-Мередах такка отурганына бир жыл болгондо, Жүйүт падышасы Жайахинди зындандан чыгарды.
28Аны менен жакшы сүйлөштү, анын тактысын Бабылдагы падышалардын тактыларынан жогору койду.
29Анын зындан кийимдерин алмаштырды. Жайахин өмүрүнүн акырына чейин аныкынан тамактанды.
30Өмүрүнүн акырына чейин ага Бабыл падышасы Эбил-Мередах тарабынан кам көрүлдү.