2 Падышалар 3:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Жошапаттын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Ахап уулу Жорам Ысрайылга падыша болуп, Самарияда он эки жыл падышачылык кылды.

2Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, бирок атасы менен энесинчелик кылган жок. Ал атасы жасаган Баалдын айкелин алып салды.

3Бирок ысрайылдыктарды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кайталап, алардан баш тарткан жок.

4Маап падышасы Мейша малга бай эле. Ал Ысрайыл падышасына жыл сайын жүз миң кыркылбаган кой жана жүз миң кыркылбаган кочкор жиберип турчу.

5Бирок Ахап өлгөндөн кийин, Маап падышасы Ысрайыл падышасынан бөлүнүп кетти.

6Ошол убакта Жорам падыша Самариядан чыгып, ысрайылдыктардын баарын карап чыкты.

7Жүйүт падышасы Жошапатка киши жиберип: «Маап падышасы менден бөлүнүп кетти, Маапка каршы согушууга мени менен барасыңбы?» – деп айттырды. Ал: «Барам, сен кандай болсоң, мен да ошондоймун, сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой, сенин аттарың кандай болсо, менин аттарым да ошондой», – деди.

8Анан: «Кайсы жол менен барышыбыз керек?» – деп сурады. Тиги: «Эдом чөлү аркылуу», – деди.

9Ошондо Ысрайылдын, Жүйүттүн, Эдомдун падышалары жөнөштү. Алар айланып баруучу жол менен жети күн жүрүштү, алардын артындагы аскерлерине да, малына да ичкенге суу жок эле.

10Ошондо Ысрайыл падышасы: «Теңир бул үч падышаны мааптыктардын колуна салып бергени чакырган турбайбы!» – деди.

11Бирок Жошапат: «Бул жерде Теңирдин пайгамбары барбы? Ал аркылуу Теңирдин эркин сурайт элек», – деди. Ысрайыл падышасынын бир кызматчысы мындай деп жооп берди: «Бул жерде Шапаттын уулу Элиша бар, ал Илиястын колуна суу куюп берчү».

12Жошапат: «Анда Теңирдин сөзү бар», – деди. Ошондо Ысрайыл падышасы, Жошапат жана Эдом падышасы ага барышты.

13Элиша Ысрайыл падышасына: «Менден сага эмне керек? Атаң менен энеңдин пайгамбарларына бар», – деди. Ысрайыл падышасы ага: «Жок, андай дебе, анткени Теңир бул үч падышаны бул жерге Мааптын колуна салып берүү үчүн чакырды», – деди.

14Элиша ага: «Мен алдында турган Себайот Теңир тирүү! Эгерде мен Жүйүт падышасы Жошапатты сыйлабасам, анда сага көңүл буруп да, карап да коймок эмесмин.

15Эми мага гусли черткен адамды чакыргыла», – деди. Ал гусли чертип жатканда, Теңирдин колу Элишанын үстүндө болду.

16Анан ал мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Ушул өрөөнгө аңгек артынан аңгек казгыла”.

17Анткени Теңир мындай дейт: “Шамалды да, жаанды да көрбөйсүңөр, бирок бул өрөөнгө суу толуп, андан өзүңөр да, майда жана бодо малыңар да ичет”.

18Бирок Теңирдин алдында бул да аздык кылат. Ал силердин колуңарга мааптыктарды да салып берет.

19Ошондо силер алардын бардык чептүү шаарлары менен башкы шаарларын талкалайсыңар, бардык мыкты дарактарын кыйып, бардык суу башаттарын бөгөйсүңөр жана бардык мыкты талаа аянттарына таш ыргытып бузасыңар».

20Эртең менен нан курмандыгын тартуулап жаткан учурда, күтүлбөгөн жерден Эдом тараптан суу келип, жер сууга толуп кетти.

21Мааптыктар падышалардын согушканы келе жатышканын угушканда, кур курчанганынан чоңуна чейин, баары чогулуп, чек арада турушту.

22Алар эртең менен эрте турушту. Күн суу үстүнө жарыгын төккөндө, мааптыктарга суу алыстан кан сымал кыпкызыл болуп көрүндү.

23Ошондо алар: «Бул – кан. Падышалар өз ара согушуп, бири-бирин кырып салышкан турбайбы. Маап, эми олжого!» – дешти.

24Ошентип, алар Ысрайыл кошуунуна келишти. Ошондо ысрайылдыктар көтөрүлүп, мааптыктарга сокку урушту, мааптыктар ысрайылдыктардан качышты. Ысрайылдыктар болсо мааптыктарды кыйратып жүрүп отурушту.

25Алар шаарларды талкалашты, талаанын жакшы жерлеринин баарына ар бири бирден таш ыргытып, таш толтуруп салышты. Суу башаттарынын бардыгын бөгөштү, бардык жакшы дарактарын кыйып салышты, таш дубалдуу Кир-Харесет гана калды. Аны да салмоорчулар тегеректеп, бузуп салышты.

26Маап падышасы өзүнүн согушта жеңиле баштаганын көрүп, Эдом падышасына жарып өтүп барыш үчүн, жанына кылыч чапканды билген жети жүз кишини алды, бирок өтө алган жок.

27Ошондо ал өзүнүн ордуна падыша боло турган тун уулун алып, аны дубалдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды. Алар ысрайылдыктарды абдан ачуулантышты. Ошондо ысрайылдыктар мааптыктар менен согушканын токтотушуп, өз жерине кайтышты.

le>