1Пайгамбар уулдарынын биринин аялы боздоп, Элишага мындай деди: «Сенин кулуң, менин күйөөм, өлүп калды. Сен болсо кулуңдун Теңирден корккон адам болгонун билесиң. Бизге карыз берген адам келип, эки баламды өзүнө кулдукка алып кеткени жатат».
2Элиша ага: «Сага эмне кылышым керек? Айтчы, үйүңдө эмнең бар?» – деди. Ал: «Күңүңдүн үйүндө кумурадагы зайтун майынан башка эч нерсеси жок», – деди.
3Ошондо ал мындай деди: «Барып, тегерегиңдеги бардык кошуналарыңдын бош идиштерин сурап кел, көп идиш чогулт.
4Анан уулдарың менен үйүңө кир да, эшигиңди бекитип алып, ошол идиштердин баарына май куюп, ары алып коё бер».
5Аял барды да, уулдары менен үйүнө кирип, эшигин бекитти. Алар идиштерди алып берип турушту, өзү болсо май куюп жатты.
6Идиштерге май толгондо, ал уулуна: «Мага дагы идиш берчи», – деди. Уулу ага: «Башка идиш жок», – деди. Ошондо май да токтоду.
7Аял келип, муну Кудайдын кишисине айтып берди. Ал ага: «Бар, майды сатып, карыздарыңды төлөп бер. Калганына балдарың менен жан бак», – деди.
8Бир күнү Элиша Шунемге келди. Ал жерде жашаган бир бай аял жалынып-жалбарып, аны өзүнүкүнөн тамак ичкенге көндүрдү. Элиша ал жерден өткөн сайын, аныкына кирип, дайыма тамак ичип жүрдү.
9Аял күйөөсүнө: «Биздин үйүбүздүн жанынан өткөн киши Кудайдын ыйык кишиси экенин билдим.
10Yйдүн үстүнө чакан бөлмө куруп, ага төшөк, үстөл, отургуч, чырак коюп берели. Ал биздикине келгенде, ошол жакка кирсин», – деди.
11Ал бир күнү алардыкына келип, ошол бөлмөгө кирип жатты.
12Анан ал кызматчысы Гейхазиге: «Шунемдик аялды чакыр», – деди. Ал аялды чакырды, аял Элишанын алдына келди.
13Анан кызматчысына: «Аялга айт: “Сен биз үчүн аябай кам көрүп жатасың, сага эмне кылып берели? Сен жөнүндө падыша же аскер башы менен сүйлөшүш керекпи?”» – деди. Аял: «Жок, мен өз элимдин арасында жашап жатам», – деди.
14Ал: «Аялга эмне кылсам?» – деди. Ошондо Гейхази: «Анын баласы жок, күйөөсү болсо кары», – деди.
15Ал: «Чакырчы аны», – деди. Гейхази аялды чакырды, аял босогого келип турду.
16Ошондо ал: «Бир жылдан кийин, так ушул убакта уулдуу болосуң», – деди. Аял ага: «Жок, мырзам, Кудайдын кишиси, күңүңдү алдаба», – деди.
17Аялдын боюна бүтүп, кийинки жылы, Элиша айткан убакта уул төрөдү.
18Бала чоңоюп, бир күнү атасына, орокчуларга барды.
19Ал атасына: «Башым! Башым ооруп жатат!» – деди. Ал кызматчысына: «Муну энесине алып бар», – деди.
20Ал аны көтөрүп, энесине алып келди. Ал энесинин тизесинде түшкө чейин отуруп, өлүп калды.
21Энеси аны Кудайдын кишисинин төшөгүнө алып келип жаткырып, эшикти бекитип, сыртка чыкты.
22Анан күйөөсүн чакырып: «Мага бир кызматчыны жана бир ургаачы эшекти жибер. Мен Кудайдын кишисине барып келем», – деди.
23Ал: «Ага эмнеге барасың? Бүгүн ай да жаңыра элек, ишемби да эмес», – деди. Бирок аял: «Эч нерсе эмес, бардыгы жакшы болот», – деди.
24Анан ал ургаачы эшекти токуп, өз кызматчысына: «Жетелеп бас. Мен айтмайынча токтобо», – деди.
25Ошентип, ал жолго чыкты. Кудайдын кишисине, Кармел тоосуна келди. Кудайдын кишиси аны алыстан көрүп, кызматчысы Гейхазиге мындай деди: «Бул – баягы шунемдик аял.
26Алдынан чуркап чыгып: “Аман-эсен жүрөсүңбү? Күйөөң менен балаң аман-эсенби?” – деп сура». Аял: «Аман-эсенбиз», – деп жооп берди.
27Анан ал тоого, Кудайдын кишисине келип, анын бутун кучактап калды. Гейхази аялды анын жанынан алып кетмекчи болду, бирок Кудайдын кишиси: «Тим кой. Мунун кайгысы бар, Теңир мага айтпай, жашырып койгон тура», – деди.
28Аял: «Мен мырзамдан бала сурадым беле? “Мени алдаба”, – деп айткан жок белем?» – деди.
29Ошондо Элиша Гейхазиге: «Белиңди курчап, колуңа менин таягымды алып, жөнө. Эгер алдыңан киши кезиксе, саламдашпа, бирөө салам берсе, алик алба. Баланын бетине менин таягымды кой», – деди.
30Баланын энеси: «Теңир тирүү, сенин жаның да тирүү! Мен сенсиз кетпейм», – деди. Элиша туруп, анын артынан жөнөдү.
31Гейхази алардан мурун барып, баланын бетине таякты койду. Бирок үн да, жооп да болбоду. Анан Элишанын алдынан чыгып: «Бала ойгонбой жатат», – деп билдирди.
32Элиша үйгө кирсе, төшөгүндө өлгөн бала жатыптыр.
33Ал кирип, эшикти бекитип, Теңирге сыйынды.
34Анан туруп, баланын үстүнө жатты. Оозуна оозун, көзүнө көзүн, алаканына алаканын тийгизип, буту-колун сунуп жатты, ошондо баланын денеси жылыды.
35Анан туруп, бөлмөдө ары-бери басты. Анан кайра туруп, анын үстүнө буту-колун сунуп жатты. Ошондо бала жети жолу чүчкүрүп, көзүн ачты.
36Элиша Гейхазини чакырып: «Шунемдик аялды чакыр», – деди. Ал аны чакырды. Аял киргенде, ал: «Уулуңду ал», – деди.
37Аял жакын келип, анын бутуна жыгылып, жерге чейин ийилип таазим кылды. Анан уулун көтөрүп кетти.
38Элиша болсо Гилгалга кайтты. Ал жерде ачарчылык болду. Пайгамбар уулдары анын алдында отурушту. Ал кызматчысына: «Казан асып, пайгамбар уулдарына сорпо бышыр», – деди.
39Алардын бири талаага жашылча тергени чыгып, чырмалып өскөн жапайы өсүмдүктү таап алып, анын жемишинен этегине толтура терип алды. Анан ал келип, аларды туурап, казандагы сорпого салды. Алар мунун кандай жемиш экенин билишчү эмес.
40Анан аларга сорпо куюп беришти. Бирок алар сорпону ооз тийишери менен: «Кудайдын кишиси, казанда өлүм!» – деп кыйкырып жиберишти. Ошентип, алар иче албай коюшту.
41Ошондо Элиша: «Ун бергиле», – деди. Ал аны казанга сээп, Гейхазиге: «Элге куюп бер, ичишсин», – деди. Ошондо казандагы зыяндуу нерсе жок болуп калды.
42Баал-Шалиштен бир киши келип, Кудайдын кишисине түшүмдүн алгачкы данынан: жыйырма арпа нан жана кабыгы сыйрылбаган, быша элек дан алып келип берди. Элиша: «Элге бер, жешсин», – деди.
43Анын кызматчысы: «Ушунун эмнесин жүз кишиге берем?» – деди. Ал: «Элге бер, жешсин, анткени Теңир мындай дейт: “Курсактары тоёт, артып да калат”», – деди.
44Ал аларга таратып берди, Теңирдин сөзү боюнча алар жеп тоюшту, артып да калды.