2 Падышалар 8:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Элиша уулун тирилткен баягы аялга: «Тур, үй-бүлөң менен жолго чык, кайсы жерде жашай ала турган болсоң, ошол жерде жаша, анткени Теңир ачарчылык чакырды, бул жерде жети жыл ачарчылык болот», – деди.

2Тиги аял туруп, Кудайдын кишиси айткандай кылды. Ал үй-бүлөсү менен Пелишти жерине барып, ал жерде жети жыл жашады.

3Жети жыл өткөндөн кийин ал аял Пелишти жеринен кайтып келип, өз үйүн, өз жерин кайра сурап алуу үчүн падышага келди.

4Ошол учурда падыша Кудайдын кишисинин кызматчысы Гейхази менен сүйлөшүп отурган. Падыша ага: «Мага Элиша кылган жакшы иштердин баарын айтып берчи», – деди.

5Ал Элишанын өлгөндү тирилткенин падышага айтып жатканда, Элиша тирилткен баланын энеси падышадан өз үйүн, өз жерин сурады. Ошондо Гейхази: «Мырза падыша, бул – ошол аял, бул – анын Элиша тирилткен уулу», – деди.

6Падыша аялдан сурады, аял ага айтып берди. Падыша ага сарай кызматчыларынын бирин кошуп берип: «Ага таандык болгондун баарын жана өз өлкөсүн таштап кеткен күндөн ушул күнгө чейинки талаасынан түшкөн кирешесинин баарын бүт кайрып бергиле», – деди.

7Сирия падышасы Бенадат ооруп жатканда, Элиша Дамаскка келди. Бенадатка: «Кудайдын кишиси бул жерге келди», – деп билдиришти.

8Падыша Хазаелге: «Колуңа тартуу алып, Кудайдын кишисинин алдынан чыгып, андан Теңирдин эркин сура: “Мен ушул оорудан айыгамбы?”» – деди.

9Хазаел анын алдынан тосуп чыгууга кетти. Тартууну – Дамасктын баалуу нерселерин кырк төөгө жүктөп алып, анын алдына келип: «Сенин уулуң, Сирия падышасы Бенадат мени сага жөнөттү, ал: “Мен ушул оорудан айыгамбы?” – деп сурап жатат», – деди.

10Элиша ага: «Барып, ага: “Айыгасың”, – деп айт, бирок Теңир мага: “Ал өлөт”, – деди».

11Элиша андан көзүн албай карап тура бергендиктен, ал өзүн ыңгайсыз сезди. Анан Кудайдын кишиси ыйлап жиберди.

12Ошондо Хазаел: «Менин мырзам эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ал: «Сенин Ысрайыл уулдарына кандай жамандык кыларыңды билем, ошон үчүн ыйлап жатам. Сен алардын чептерин өрттөйсүң, жаш уландарын кылычтап өлтүрөсүң, эмчектеги балдарын жанчып өлтүрөсүң, кош бойлуу аялдарынын курсагын жарасың», – деди.

13Хазаел: «Мындай чоң кылмыш кылгыдай, сенин кулуң, эмне, дөбөт беле?» – деди. Элиша: «Теңир мага сенин Сирияга падыша болоруңду көрсөттү», – деди.

14Ал Элишанын жанынан кетип, өз падышасына келди. Ал андан: «Элиша сага эмне деди?» – деп сурады. Ал ага: «Ал мага сенин айыгарыңды айтты», – деди.

15Эртеси күнү ал жуурканды алып, аны сууга малып, Бенадаттын бетине жапты, ал өлдү. Анын ордуна Хазаел такка отурду.

16Ысрайыл падышасы Ахаптын уулу Жорамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Жүйүт падышасы Жошапаттын ордуна уулу Жорам такка отурду.

17Ал такка отурганда, отуз эки жашта эле. Ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды.

18Ал Ахаптын тукуму кылган иштерди кылып, Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү, себеби Ахаптын кызы анын аялы болчу. Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды.

19Бирок Теңир Жүйүттү Өз кулу Дөөт үчүн жок кылгысы келбеди, анткени Ал анын тукумунун чырагы түбөлүккө жаркырап турарын убада кылган эле.

20Анын убагында эдомдуктар Жүйүттүн кол астынан чыгып, өздөрүнө падыша коюп алышты.

21Жорам бүт майдан арабалары менен Сайырга жөнөдү. Ал түн ичинде туруп, өзүн курчаган эдомдуктарды майдан арабаларынын башчылары менен кошо талкалады, бирок эл өз чатырларына качып кетти.

22Ушул күнгө чейин Эдом Жүйүттүн кол астында эмес. Ошол эле убакта Либна да бөлүнүп чыкты.

23Жорам жөнүндө, анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

24Жорам ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюлду. Анын ордуна уулу Ахазай такка отурду.

25Ысрайыл падышасы Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он экинчи жылында Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай такка отурду.

26Ахазай такка отурганда, жыйырма эки жашта эле. Ал Иерусалимде бир жыл падышачылык кылды. Энесинин аты – Аталея, ал Ысрайыл падышасы Омринин кызы болчу.

27Ал да Ахаптын тукумунун жолу менен жүрүп, Ахаптын тукумуна окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды, анткени ал Ахаптын тукуму менен тууган эле.

28Ал Ахаптын уулу Жорам менен Гилаттын Рамотуна Сирия падышасы Хазаел менен согушууга барды. Сириялыктар Жорамды жарадар кылышты.

29Падыша Жорам Рамотто Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу үчүн, Изрейелге кайтып келди. Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай ооруп жаткан Ахаптын уулу Жорамды көрүү үчүн, Изрейелге келди.

le>