1Элиша пайгамбар пайгамбар уулдарынын бирин чакырып, ага мындай деди: «Белиңди бууп, колуңа зайтун майы куюлган мына бул идишти алып, Гилаттын Рамотуна бар.
2Ал жерге барарың менен Нимшинин уулу, Жошапаттын уулу Жейуну издеп таап, аны өз бир туугандарынын арасынан бөлүп чыгып, ички бөлмөгө киргиз.
3Анан зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куюп, мындай де: “Теңир мындай дейт: "Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам"”. Анан эшикти ачып, качып кет, күтпө».
4Ошентип, жаш улан, пайгамбардын кызматчысы, Гилаттын Рамотуна жол тартты.
5Улан ал жерге келсе, аскер башчылар отурушуптур. Ал аларга: «Аскер башчы, сага айта турган сөзүм бар», – деди. Ошондо Жейу: «Кимибизге?» – деп сурады. Ал: «Сага, аскер башчы», – деди.
6Ал туруп, үйгө кирди. Улан анын башына зайтун майын куюп, мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Теңирдин эли Ысрайылга падыша кылып майлап жатам.
7Сен мырзаң Ахаптын тукумун кырып жок кыласың. Изебел колдуу болуп өлгөн Менин кулдарымдын – пайгамбарлардын каны үчүн, Теңирдин бардык кулдарынын каны үчүн Мен ошентип өч алам.
8Ошентип, Ахаптын бүт тукуму кырылат. Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.
9Ахаптын тукумун Небат уулу Жаробам менен Акия уулу Баашанын тукумундай кылам.
10Изебелди болсо Изрейел талаасында иттер жейт, аны эч ким көргө койбойт”». Анан ал эшикти ачып, качып кетти.
11Жейу өз мырзасынын кулдары отурган жерге чыкканда, андан: «Баары жайындабы? Сага бул келесоо эмнеге келди?» – деп сурашты. Ал аларга: «Бул кишини да, анын эмне деп айтканын да силер билесиңер», – деп жооп берди.
12Алар: «Бул калп, айт бизге», – деп айтышты. Ал мындай деди: «Ал мага муну айтты: “Теңир мындай дейт: Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам”».
13Ошондо алар шашылыш түрдө кийимдерин чечип, анын астына, тепкичке төшөй салып: «Жейу падыша болду!» – деп сурнай тартышты.
14Нимши уулу, Жошапат уулу Жейу Жорамга каршы көтөрүлдү. Жорам болсо бүт ысрайылдыктар менен бирге Гилаттын Рамотун Сирия падышасы Хазаелден коргоп турду.
15Падыша Жорам Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу үчүн, Изрейелге кайтып келген эле. Жейу ага: «Эгер силер макул болсоңор, анда ушул кабарды Изрейелге жеткирем деп, шаардан эч ким чыкпасын», – деди.
16Анан Жейу аттанып, ооруп жаткан Жорамды көргөнү Изрейелге жөнөп кетти. Ал жерге Жүйүт падышасы Ахазай да Жорамды көргөнү келген эле.
17Изрейелдеги мунаранын үстүндө турган сакчы Жейунун келе жаткан көп аскерин көрүп: «Мен көп аскерди көрүп жатам», – деди. Жорам: «Атчан аскер жөнөт, ал алардын астынан тосуп чыгып: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?” – деп сурасын», – деди.
18Ошондо атчан аскер анын алдынан чыгып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласың? Менин аркамдан бастыр», – деди. Сакчы мындай деп кабарлады: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек».
19Анан ал башка атчан аскерди жөнөттү, ал аларга барып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласың? Менин аркамдан бастыр», – деди.
20Сакчы кайрадан: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек. Жүрүшүнө караганда, ал Нимшинин уулу Жейу окшойт, себеби ал катуу чаап келе жатат», – деп билдирди.
21Ошондо Жорам: «Арабаны чеккиле», – деди. Анын майдан арабасын чегишти. Ошондо Ысрайыл падышасы Жорам жана Жүйүт падышасы Ахазай өздөрүнүн майдан арабалары менен жөнөштү. Алар Жейунун алдынан чыгып, ага изрейелдик Наботтун талаасында жолугушту.
22Жейуну көргөндө, Жорам: «Жейу, тынчтык менен келе жатасыңбы?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин энең Изебел бутка табынып, көп сыйкырчылык кылып жатса, кайдагы тынчтыкты айтасың?» – деди.
23Ошондо Жорам бурулуп, качып жөнөдү, анан Ахазайга: «Ахазай, чыккынчылык!» – деди.
24Жейу болсо жаасын колуна алып, тартып жиберди. Жебе Жорамдын эки далысынын ортосуна кадалды, жебе анын жүрөгүн тешип өттү. Ал өзүнүн майдан арабасына жыгылып жан берди.
25Анан Жейу өз төрөсү Бидекарга мындай деди: «Муну изрейелдик Наботтун талаасына алып барып ташта. Экөөбүз мунун атасы Ахаптын артынан келе жатканыбызда, Теңирдин буга каршы кандай пайгамбарчылык айттырганы эсиңдеби?
26Теңир мындай деген: “Мен кечээ Наботтун жана анын уулдарынын канын көрдүм, ошол талаада сенден сөзсүз өч алам”. Андыктан Теңирдин сөзү боюнча аны талаага алып барып ташта».
27Жүйүт падышасы Ахазай муну көргөндө, бактын ичиндеги үйгө кеткен жол менен качып жөнөдү. Жейу анын артынан түшүп: «Муну да өзүнүн майдан арабасында өлтүргүлө», – деди. Бул Иблейемдин жанындагы Гур дөңсөөсүндө болду. Ал Мегидого качып барып, ошол жерде өлдү.
28Кулдары аны Иерусалимге алып барып, Дөөттүн шаарындагы ата-бабалары жаткан мүрзөгө коюшту.
29Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он биринчи жылында Ахазай Жүйүткө падыша болгон.
30Жейу Изрейелге келди. Изебел муну укканда, бетине эндик сыйпап, чачы-башын жасап, терезеден карап турду.
31Жейу дарбазадан киргенде, Изебел: «Өз падышасын өлтүргөн Зимри, тынчтык менен келдиңби?» – деди.
32Жейу терезени карап: «Ким мени менен, ким?» – деди. Эки-үч эбнух терезеден башбагып, аны карады.
33Ал: «Изебелди терезеден ыргытып жибергиле», – деди. Алар аны ыргытып жиберишти. Анын каны дубалга, аттарга чачырады. Аны тепсеп салышты.
34Жейу келип, ичип-жеп, анан: «Бул каргыш тийгенди таап келип, көргө койгула, ал падышанын кызы эмеспи», – деди.
35Аны көргө койгону барышса, анын баш сөөгүнөн, буттарынан, колунун манжаларынан башка эч нерсе калбаптыр.
36Кайра келишип, ага билдиришти. Ошондо ал мындай деди: «Теңирдин Өз кулу тишпилик Илияс аркылуу айткан сөзү ушундай болчу: Изебелдин денесин Изрейел талаасында иттер жейт.
37Изрейел талаасында Изебелдин өлүгү кык сыяктуу болот, ошондо: “Бул – Изебел”, – деп, эч ким айтпайт».