1Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын адилеттиги аркылуу баалуу ишенимди биз сыяктуу эле кабыл алгандарга Ыйса Машайактын кулу жана элчиси Шымон Петирден салам!
2Кудайды жана Теңирибиз Ыйсаны таанып билүү аркылуу Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
3Бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудайдын кудайлык күчү бизге жашоо, такыбаа жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билүү аркылуу ээ болдук.
4Силер бул дүйнөдө үстөмдүк кылган жаман кумарлардан алыстап, Кудайдыкындай табиятка ээ болушуңар үчүн, Анын даңкы жана жеткилеңдиги аркылуу бизге кымбат баалуу жана улуу убадалар берилген.
5Ошондуктан силер да бүт аракетиңерди жумшап, ишенимиңерде жакшылык кылуучулукту, жакшылык кылууда эстүүлүктү,
6эстүүлүктө өзүн өзү токтото билүүнү, өзүн өзү токтото билүүдө чыдамкайлыкты, чыдамкайлыкта такыбаалыкты,
7такыбаалыкта бир туугандык сүйүүнү, бир туугандык сүйүүдө (бардык адамдарга болгон) сүйүүнү көрсөткүлө.
8Эгерде бул сапаттар силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда силер биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты таанып билүү жолунда ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыңар.
9Ал эми бул сапаттар кимде жок болсо, ал сокур, көзүн жуумп алган, өзүнүн мурунку күнөөлөрүнөн тазаланганын унутуп койгон.
10Мына ошондуктан, бир туугандар, чакырылганыңарды жана тандалгандыгыңарды уламдан-улам бекемдөөгө аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсаңар, эч качан мүдүрүлбөйсүңөр.
11Ошентип, силерге биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын түбөлүк падышачылыгынын эшиги кенен ачылат.
12Силер муну билсеңер да, чыныгы чындык менен бекемделсеңер да, бул жөнүндө силердин эсиңерге салып турууну эч качан токтотпойм.
13Көзүм тирүү турганда, эсиңерге салуу менен силерди ойготуп турууну туура таптым.
14Анткени жакында көз жумарымды билем, Теңирибиз Ыйса Машайак муну мага Өзү билдирген.
15Силер муну менин көзүм өтүп кеткенден кийин да, эсиңерден чыгарбашыңар үчүн аракет кыламын.
16Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз.
17Себеби Машайак даңктуу улуу Кудайдын «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үнүн укканда, Кудай Ата Аны урмат-сыйга жана даңкка бөлөгөн.
18Асмандан келген ошол үндү биз да укканбыз, анткени ыйык тоодо Аны менен бирге болгонбуз.
19Андан сырткары, бизде эң туура айтылган пайгамбарчылык бар. Таң агарып, таңкы жылдыз жүрөгүңөрдө чыкканга чейин, караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар.
20Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек.
21Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.