2 Петир 2:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Элдин арасында жалган пайгамбарлар болгондой эле, силердин араңарда да жалган окутуучулар болот. Алар өздөрүн куткарган Эгедерден баш тартышып, кыйратуучу жалган окутууларды жайылтышып, өздөрүнө эрте өлүм тилеп алышат.

2Көп адамдар алардын бузуктук жолу менен кетишет, ошолордун айынан чындык жолу жаманатты болот.

3Алар өздөрүнүн ач көздүгүнөн улам, кошомат сөздөрү менен силерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат. Алар үчүн небак эле сот чечими даяр, алардын өлүмү кечикпейт.

4Эгерде Кудай күнөө кетирген периштелерди аябастан, аларды сот боло турган убакка чейин өлгөндөр жаткан жайдын караңгы туңгуюгуна түшүрүп, чынжырлап койсо,

5эгерде Кудай байыркы дүйнөнү аябаса, сегиз адамды – адилдикти жар салган Нухту үй-бүлөсү менен сактап, дүйнөдөгү кудайсыздарды топон суу менен жок кылса,

6эгерде Кудай келечектеги кудайсыздарга сабак болсун деп, Содом жана Амор шаарларын кыйратууга өкүм чыгарып, күлгө айлантып салса,

7ал эми мыйзамсыздардын арасында жашап, алардын бузулган жашоосун, мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп, күн сайын жаны кыйналган адил Лотту куткарып калса,

9анда Теңир такыбааларды азгырыктардан кантип куткарууну, ал эми адилетсиздерди,

10айрыкча ыпылас кумарларына жетеленген, бийликтегилерди тоотпогон, кара өзгөй, ээнбаш, жогоркуларды жамандагандан коркпогон адамдарды, сот боло турган күнгө чейин сактап турууну билет.

11Алардан күчү жана кубаты жагынан жогору турган периштелер да Теңирдин алдында аларды жамандап, тил тийгизишпейт.

12Өздөрү түшүнбөгөн нерсени жамандашкан алар тузакка түшүп өлүмгө дуушар болушу үчүн жаратылган, тилсиз, аң-сезимсиз жаныбарлар сыяктуу жок болушат.

13Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштерине жараша жаза алышат, анткени ырахатты күнүмдүк жыргал турмушта деп эсептешет. Уятсыз жана ыйык нерсени булгоочу алар силер менен бирге тойлоп, өздөрүнүн куулуктары менен сайран куруп жатышат.

14Алардын аял жандуу экени, күнөө кылууга тойбостугу көздөрүнөн эле көрүнүп турат. Алар бекемделе электерди азгырышат. Ач көздүк алардын жүрөгүнөн бекем орун алган. Алар – каргыш уулдары.

15Түз жолдон чыккан алар арам акчаны жакшы көргөн Босордун уулу Биламдын жолуна түшүп, адашып калышты.

16Бирок анын мыйзамсыздыгы ашкереленген. Тилсиз эшек адамча сүйлөп, акылсыздык кылып жаткан пайгамбарды токтоткон.

17Булар – соолгон булактар, шамал айдаган булуттар. Аларга түбөлүк караңгылык даярдалган.

18Себеби алар ооз көптүрүп сүйлөп, туура эмес жолдон араң кайткандарды дене кумарларынын жана бузуктуктун торуна түшүрүшөт.

19Өздөрү жок болуунун кулдары болуп туруп, аларга эркиндикти убада кылышат. Анткени ким эмнеден жеңилсе, ал – ошонун кулу.

20Себеби алар Теңир жана Куткаруучу Ыйса Машайакты таанып билүү аркылуу бул дүйнөнүн ыпыластыктарынан качып кутулгандан кийин, кайрадан аларга тутулуп, жеңилип калышса, анда алардын кийинки абалы мурунку абалынан да жаман болот.

21Чындык жолун таанып билип туруп, өздөрүнө берилген ыйык осуяттан баш тарткандан көрө, алар үчүн бул чындык жолун таанып билбей эле койгон жакшы болмок.

22«Ит өзүнүн кусундусун кайра жей берет. Чочкону канча тазалаба, ал кайра эле балчыкка оонайт» деген макал аларга туура келет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>