1Сүйүктүү бир туугандар, силерге мен экинчи катымды жазып жатамын. Эки катымдагы эскертүүлөрүм менен силерди туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылдым.
2Ыйык пайгамбарлар аркылуу буга чейин айтылып келген сөздөрдү, Теңирдин жана Куткаруучунун элчилер аркылуу берген осуяттарын унутпооңорду каалайм.
3Баарынан мурда акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула.
4Алар: «Анын келем деген убадасы кана? Ата-бабаларыбыздын деле көзү өтүп кетти, башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон», – деп айтышат.
5Анткени ошондой ойлогондор асман менен жердин башында эле Кудай сөзү аркылуу суудан жана суу аркылуу жаратылганын билгилери келишпейт.
6Бирок байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон.
7Ал эми ошол эле Кудай Сөзү аркылуу сакталып турган азыркы асман менен жер от үчүн сакталып турат. Сот боло турган күнгө, кудайсыздар жок боло турган күнгө чейин сакталат.
8Бирок, сүйүктүү бир туугандар, Теңир алдында бир күн миң жылдай, миң жыл бир күндөй экени силерге белгилүү болсун.
9«Кечигип жатат», – деп, кээ бирөөлөр ойлошсо да, Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт.
10Теңирдин күнү болсо ууру сыяктуу келет. Ошол күнү асман чарт-чурт этип жок болот, табият элементтеринин баары кыйрап жок болот, жер жана жер үстүндөгүлөрдүн баары өрттөнүп кетет.
11Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек.
12Ошол күнү асман өрттөнүп жок болот, табият элементтеринин баары жалындаган отто эрийт.
13Бирок биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз.
14Сүйүктүү бир туугандар, ошону күтүп жаткандыктан, Анын алдына таза жана кемчиликсиз болуп, тынчтык менен келүүгө аракеттенгиле.
15Биздин сүйүктүү бир тууганыбыз Пабыл да өзүнө берилген акылмандуулук менен силерге жазып жибергендей, биздин Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылууңар катары эсептегиле.
16Пабыл бул жөнүндө бардык каттарында айтат. Ошол каттарындагы кээ бир нерселерди түшүнүү кыйын, аларды түркөй, бекемделе элек адамдар башка жазууларды бурмалагандай эле, өздөрүн өздөрү жок кылуу үчүн бурмалашат.
17Демек, сүйүктүү бир туугандар, ушуну алдын ала билгендиктен, мыйзамсыздардын азгырыгына жетеленүүдөн, өзүңөр бекемделген негизден четтеп кетүүдөн сак болгула.
18Кудайдын ырайымы астында өскүлө, биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакты таанып билүүңөр өсө берсин. Даңк азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.