1Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам!
2Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
3Бир туугандар, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдиришибиз керек, ошенткенибиз туура, анткени силердин ишенимиңер өсүүдө, баарыңардын бири-бириңерге болгон сүйүүңөр артууда.
4Ошондуктан биз Кудайдын Жыйындарында силер менен мактанып жатабыз. Башыңардан кечирип жаткан куугунтуктар, кыйынчылыктар учурундагы чыдамдуулугуңар, ишенимиңер менен мактанып жатабыз.
5Ушуларды башыңардан кечирип жаткандыгыңар – Кудайдын адилет соту боло тургандыгынын белгиси. Кудайдын Падышачылыгы үчүн азап чегип жаткан силер Кудайдын адилет сотунун негизинде Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыңар.
6Кудай адилеттүү: силерди кордогондорго Ал кордук көрсөтөт,
7кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Теңир Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот.
8Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт.
9Алар Теңирден жана Анын кудуретинин даңкынан ажырап, түбөлүк өлүм жазасына тартылышат.
10Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң калтырарлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот. Алардын ичине силер да киресиңер, анткени биздин күбөлөндүрүүбүзгө ишенгенсиңер.
11Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымына ылайык Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн жана силер Ал аркылуу даңкталышыңар үчүн,
12Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз.