2 Тесалоникалыктарга 2:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын келиши жөнүндө жана биздин Аны менен биригүүбүз жөнүндө айта турган болсок, мындай өтүнүчүбүз бар:

2«Машайак келип калды» деген рухка же сөзгө, же биздин атыбыздан жазылгансыган катка таянып, дүрбөлөңгө түшпөгүлө, үрөйүңөрдү учурбагыла.

3Силерди эч ким эч бир жол менен адаштырбасын, анткени адегенде Кудайдан четтей турган учур келет; өлүм уулу, күнөөнүн адамы, ачыкка чыгат;

4ал Кудай деп аталгандын же ыйык деп аталгандын бардыгына каршы чыгып, өзүн жогору көтөрөт; Кудайдын ийбадатканасында отуруп, өзүн Кудай кылып көрсөтөт.

5Араңарда жүргөнүмдө, ушул жөнүндө айтканым эсиңерде жокпу?

6Белгиленген убакытта ачыкка чыгышы үчүн, аны азыр эмне токтотуп жатканын силер билесиңер.

7Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт.

8Ошондон кийин гана мыйзамсыз адам ачыкка чыгат, аны Теңир Ыйса оозунун деми менен өлтүрөт, Өзүнүн келгендеги көрүнүшү аркылуу жок кылат.

9Мыйзамсыз адамдын келиши шайтандын аракети боюнча болот. Анын келиши ар кандай күчтөр, белгилер жана жалган ажайыптар менен,

10куткара турган чындыкты сүйбөгөндүктөрү үчүн өлүмгө дуушар боло тургандарды адаштыруучу азгырыктар менен коштолот.

11Ошондуктан жалган нерселерге ишениши үчүн, Кудай аларга адаштыруучу күч жиберет.

12Ошентип, жалганды жакшы көрүп, чындыкка ишенбегендердин баары соттолот.

13Теңир сүйгөн бир туугандарым, биз силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз, анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылышыңар үчүн, Кудай силерди башында эле тандап алган.

14Ал силерди биз тараткан Жакшы Кабар аркылуу куткарылып, Теңирибиз Ыйса Машайактын даңкына жетишиңер үчүн чакырып алды.

15Ошентип, бир туугандарым, бекем тургула! Сөзүбүз аркылуу, катыбыз аркылуу үйрөткөндөрүбүздү сактагыла.

16Теңирибиз Ыйса Машайак Өзү жана бизди сүйгөн, Өз ырайымы менен бизди түбөлүк соороткон, бизге жакшы үмүт берген Кудай Атабыз

17силерди сооротсун жана силерге ар кандай жакшы иштерди кылууга, жакшы сөз сүйлөөгө күч берсин.

r>