1Бир туугандар, биз үчүн сыйынып тургула, силердегидей эле бизде да Кудайдын Сөзү таратылсын жана даңкталсын.
2Адепсиз, жаман адамдардан кутулушубуз үчүн да сыйынгыла, анткени баарында эле ишеним жок.
3Бирок Теңир ишенимдүү, Ал силерди бекемдейт жана амалкөйдөн сактайт.
4Теңир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыңар жана аткарасыңар.
5Теңир силердин жүрөгүңөрдү Кудайдын сүйүүсүнө жана Машайактын чыдамдуулугуна багыттасын.
6Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буюрабыз: биздин силерге үйрөткөнүбүз боюнча эмес, оюна келгенин кылган ар бир бир туугандан алыс болгула.
7Бизден кандай үлгү алуу керектигин билесиңер, анткени биз силердин араңарда жүргөнүбүздө, адепсиздик кылган эмеспиз.
8Эч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз, эч кимиңерге оорчулук келтирбеш үчүн, болгон күчүбүздү жумшап, күнү-түнү иштедик.
9Укугубуздун жоктугунан эмес, силер бизди туурашыңар үчүн, силерге үлгү бололу деп ошенттик.
10Анткени биз араңарда жүргөнүбүздө, силерге «Ким иштегиси келбесе, ал жебеши да керек» деген көрсөтмө бергенбиз.
11Бирок силердин араңардан кээ бирөөлөр иштебей, болбогон иштер менен алек болуп, оюна келгенин кылып жатышканын угуп жатабыз.
12Мындайларга Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буйрук кылабыз жана алардан өтүнөбүз: тынч иштеп, өз нанын таап жешсин.
13Ал эми силер, бир туугандар, жакшылык кылуудан чарчабагыла.
14Ушул каттагы сөздөрүбүзгө кулак салбаган адамга эскертүү бергиле жана уяткарыш үчүн, аны менен мамиле түзбөгүлө.
15Бирок аны душман катары көрбөй, бир тууганыңар катары акыл айткыла.
16Тынчтыктын булагы болгон Теңир Өзү силерге ар дайым бардык нерседе тынчтык берсин! Теңир баарыңар менен болсун!
17Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам. Ар бир катымдагы белгим ушул. Мен ушундай жазам.
18Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.