2 Тиметейге 1:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Машайак Ыйса аркылуу бериле турган өмүр жөнүндөгү убаданын негизинде, Кудайдын эрки менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан

2сүйүктүү уулум Тиметейге салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Машайак Ыйса сага ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

3Ата-бабаларым сыяктуу эле, өзүм да таза абийир менен кызмат кылып жаткан Кудайга ыраазычылык билдирем. Күнү-түнү сыйынганымда, ар дайым сени эстейм.

4Сени ушунчалык көргүм келет, көрсөм, кубанычым артар эле. Коштошкондогу көз жашың эсимде.

5Сенин чыныгы ишенимиңди эсиме түшүрөм, мындай ишеним адегенде сенин таенең Лойис менен апаң Ойникеде бар эле, сенде да бар деп ишенем.

6Ошондуктан сага эскерте кетейин: менин кол коюп сыйынуум аркылуу Кудайдан берилген жөндөмдүүлүгүңдү жалындат.

7Анткени Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген.

8Ошондуктан сен Теңирибиз Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн жана Ал үчүн туткунга алынган менден уялбагын. Тескерисинче, Жакшы Кабар үчүн башыңа түшкөн кыйынчылыктарга Кудайдын күчү менен чыда.

9Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарды, ыйык чакыруусу менен чакырып алды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн.

10Бирок бул ырайым азыр Куткаруучубуз Ыйса Машайактын келүүсү аркылуу ачыкка чыкты. Ал өлүмдү жеңип, Жакшы Кабар аркылуу өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты.

11Мен ошол Жакшы Кабардын таратылышы үчүн насаатчы, элчи жана бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам.

12Ошол себептен мен ушундай азап тартып жатам, бирок уялган жокмун. Анткени мен Кимге ишенип калганымды билем жана Ал Өзүнүн мага ишенип тапшырганын ошол Күнгө чейин сактарына ишенем.

13Менден уккандарыңды туура сөздүн үлгүсү катары ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен сакта.

14Сага ишенип тапшырылганды ичибизде жашаган Ыйык Рухтун жардамы менен сакта.

15Асиялыктардын баары мени таштап кетишкенин сен билесиң. Алардын арасында Пигел менен Эрмоген да бар.

16Теңир Онесепордун үй-бүлөсүнө ырайым кылсын, анткени ал мени көп жолу сооротту, менин кишенимден уялган жок.

17Римде жүргөндө, ал бүт аракетин жумшап, мени издеп тапты.

18Теңир ага ошол Күнү Теңирден ырайым таптырсын. Анын Эфесте кандай кызмат кылганын сен жакшы билесиң.

le>