1Ошентип, уулум, Машайак Ыйсадагы ырайым аркылуу күч алгын.
2Көп күбөлөрдүн көзүнчө менден укканыңды башкаларды да үйрөтө ала турган, ишенимдүү адамдарга айт.
3Ыйса Машайактын жакшы жоокериндей болуп кыйынчылыктарга чыда.
4Эч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт.
5Мелдешке чыккан адам мелдештин эрежелерин бузса, таажы албайт.
6Эмгектенген дыйкан алган түшүмүнөн өзү биринчи ооз тийиши керек.
7Менин айткандарым жөнүндө ойлон, Теңир болсо сага бардыгын түшүнүүгө жардам берет.
8Дөөттүн тукумунан чыккан, өлүп кайра тирилген Ыйса Машайакты ар дайым эсиңде сакта. Мен тараткан Жакшы Кабарда Ал жөнүндө ушундай айтылат.
9Мен ошол Жакшы Кабар үчүн азап тартып жатам, атүгүл, кылмышкер сыяктуу кишенделдим, бирок Кудайдын сөзү кишенделбейт.
10Ошондуктан мен тандалгандар үчүн, алар да Машайак Ыйса аркылуу куткарылышсын деп, бардыгына чыдап жатам. Бул куткарылуу түбөлүк даңк менен коштолот.
11Бул сөздөр чындык: эгерде биз Аны менен кошо өлгөн болсок, анда Аны менен кошо тирилебиз;
12эгерде чыдасак, анда Аны менен бирге падышачылык кылабыз; эгерде Андан баш тартсак, Ал да бизден баш тартат;
13эгерде биз ишенимсиз болсок, Ал ишенимдүү бойдон кала берет, анткени Ал Өзүнө Өзү каршы чыга албайт.
14Ушуну бардыгынын эсине сал. Теңирдин алдында эскерт: сөз үчүн талашып-тартышышпасын. Анткени сөз үчүн талашып-тартышуу эч кандай пайда алып келбейт, тескерисинче, угуп тургандардын башын маң кылат.
15Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгин.
16Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач, анткени куру сөз менен алек болгондор адилетсиздик жолунда илгерилешет.
17Алардын сөзү денеге тараган рак оорусу сыяктуу тарайт. Именей менен Пилет ошондойлордон.
18Алар кайра тирилүү болуп өттү деп, чындыктан четтеп кетишти жана кээ бирөөлөрдү ишенимден тайытып жатышат.
19Бирок Кудайдын бекем негизи бек турат, анын төмөнкүдөй мөөрү бар: «Теңир Өзүнө тиешелүүлөрдү билет» жана «Теңирдин ысымын оозуна алган ар бир адам адилетсиздиктен четтесин».
20Бир чоң үйдө алтын жана күмүш идиштер гана эмес, жыгачтан жана чоподон жасалган идиштер да бар. Бирөөлөрү сыйга урунулат, бирөөлөрү күндө урунулат.
21Ошондуктан ким өзүн ушулардан тазаласа, ал сыйга урунула турган, ыйыкталган, Кожоюндун керегине жарай турган жана бардык жакшы иштерге даярдалган идиш болот.
22Жаштыктын кумарларынан кач, Теңирди чын жүрөктөн чакыруучулар менен бирге адилеттикти, ишенимди, сүйүүнү жана тынчтыкты сактоого умтул.
23Акылсыз, маанисиз талаш-тартыштардан кач, себеби алар уруш-талашты туудурарын билесиң.
24Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу, үйрөтүүгө жөндөмдүү жана сабырдуу болуусу зарыл.
25Каршы чыккандарга момундук менен насаат айтышы керек. Чындыкты таанып билиши үчүн, Кудай аларды тобо кылдырар,
26алар өзүнүн эркине баш ийдирүү үчүн туткундап алган шайтандын торунан бошонушар.