2 Тиметейге 3:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил.

2Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор,

3элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн,

4чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда ыракатты сүйгөн,

5такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат. Ошондойлордон алыс бол.

6Андай адамдарга үйлөргө уурданып кирип, күнөөнүн сазына баткан, ар түрдүү кумарларга жетеленген,

7дайыма үйрөнгөнү менен, эч качан чындыкты таанып биле албаган аялдарды азгырган адамдар кирет.

8Жанес менен Жамбирес Мусага каршы чыгышкандай эле, алар да чындыкка каршы чыгышат. Алар – акылы бузулган, ишеними сыноодон өтпөгөн адамдар.

9Бирок алар алыска узашпайт, анткени тигилердин акылсыздыгы бардыгына белгилүү болгондой эле, алардын акылсыздыгы да бардыгына белгилүү болот.

10Сен болсо менин окутуумдан, жашоомдон, максатымдан, ишенимимден, чыдамкайлыгымдан, сүйүүмдөн, көтөрүмдүүлүгүмдөн,

11Антийохеяда, Иконияда жана Листрада башымдан өткөргөн куугунтуктарымдан жана кыйынчылыктарымдан үлгү алдың. Мен кандай гана куугунтуктарды башымдан өткөрбөдүм! Бирок алардын бардыгынан мени Теңир куткарды.

12Деги эле, Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат.

13Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышат.

14Сен болсо эмнени үйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса, ошону сактагын, анткени кимден үйрөнгөнүңдү билесиң.

15Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң.

16Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу.

17Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот.

le>