1Ошондуктан Кудайдын алдында жана Өзүнүн падышачылык бийлиги менен кайтып келип, тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттой турган Ыйса Машайактын алдында мен сага буйрук кыламын:
2Кудайдын сөзүн айт, аны ыңгайы келсе да, ыңгайы келбесе да айтууга даяр бол, ашкереле, тыюу сал, акыл-насаат айт, чыдамдуулук менен үйрөт.
3Анткени адамдар туура окутууну кабыл албай, кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандап кала турган убак келет.
4Чындыкты уккулары келбей, тамсилдерге кулак төшөп калышат.
5Бирок сен бардык нерседе кыраакы бол, кыйынчылыктарга чыда, Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар, өз кызматыңды аягына чыгар.
6Анткени мен курмандыкка чалынуунун алдында турам, менин бул дүйнө менен коштошор убактым келди.
7Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым.
8Азыр болсо мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат. Адилет Сот – Теңир аны мага ошол Күнү берет, мага эле эмес, Анын келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баарына берет.
9Мага тезирээк келүүгө аракет кыл.
10Анткени Демас бул дүйнөнү сүйүп, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Кирескес Галатияга, Тит Далматияга кетти. Бир гана Лука мени менен калды.
11Маркты өзүң менен кошо ала кел, анткени кызмат кылышы үчүн, ал мага керек.
12Тихикти Эфеске жибердим.
13Келериңде Троастагы Карпостукуна калтырып кеткен чапанымды жана китептеримди, айрыкча булгаары китептеримди ала кел.
14Жез иштетүүчү уста Искендер мага көп жамандык кылды. Теңир ага иштерине жараша тиешесин берсин!
15Андан сен да сак бол, анткени ал биздин айткан сөздөрүбүзгө аябай каршы чыгып жатат.
16Мен биринчи жолу сот алдында коргонуу сөзүн сүйлөп жатканымда, эч ким жанымда болгон жок, мени бардыгы таштап кетишти. Кудай муну аларга күнөө катары эсептебесин!
17Бирок Жакшы Кабар мен аркылуу таратылып, бардык бутпарастар угушу үчүн, Теңир жанымда болуп, мага күч берди. Ошентип, мен арстандын азуусунан куткарылдым.
18Теңир мени ар кандай жамандыктан куткарып, Өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт. Ал түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.
19Прискила менен Акилага, Онесепордун үй-бүлөсүнө салам айтып кой.
20Эраст Корунтта калды. Ал эми ооруп калган Трофимди Милетке калтырдым.
21Кышка чейин келүүгө аракет кыл. Эйбул менен Пуд, Линос менен Клавдия жана бардык бир туугандар сага салам айтып жатышат.
22Теңир Ыйса Машайак сенин рухуң менен бирге болсун. Теңир силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.