1Шабул өлгөндөн кийин, Дөөт амалыктыктарды талкалап кайтты да, Сыклакта эки күн болду.
2Үчүнчү күнү Шабулдун кошуунунан үстүндөгү кийими айрылган жана башы топурак болгон бир киши келди. Ал Дөөткө келип, жерге жыгылып, ага таазим этти.
3Дөөт андан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Ал Дөөткө: «Мен Ысрайылдын кошуунунан качып келдим», – деп жооп берди.
4Дөөт ага: «Эмне болду? Мага айтып бер», – деди. Ал: «Эл согуштан качты, элдин көбү жыгылды, өлүмгө дуушар болду, Шабул жана анын уулу Жонатан да өлдү», – деди.
5Дөөт айтып берип жаткан уландан: «Шабул менен анын уулу Жонатандын өлгөнүн сен кайдан билдиң?» – деп сурады.
6Ага баяндап жаткан улан мындай деп жооп берди: «Мен кокусунан Гилбоя тоосуна барып калдым. Шабул өз найзасына кулады, арабалар жана атчан жоокерлер болсо ага жеткени калышкан эле.
7Шабул артын карап, мени көрүп, өзүнө чакырды.
8“Мына мен”, – дедим. Ал мага: “Сен кимсиң?” – деди. “Мен амалыктык болом”, – дедим.
9Ошондо ал мага: “Мага жакын келип, мени өлтүр, анткени мен жаным чыкпай, кыйналып жатам”, – деди.
10Мен жакын бардым да, аны өлтүрдүм, анткени анын жыгылган соң тирүү калбасын билдим. Анын башындагы таажысын, колундагы билеригин алдым да, аларды өз мырзама, бул жерге алып келдим».
11Ошондо Дөөт өзүнүн кийимин кармап туруп айрып жиберди, жанында турган кишилер да ошондой кылышты.
12Алар кылычтан өлгөн Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп, Теңирдин эли жана Ысрайыл тукуму үчүн боздоп ыйлап, кечке чейин орозо кармашты.
13Дөөт айтып берип жаткан уландан: «Сен кайдансың?» – деп сурады. Ал: «Мен келгин амалыктыктын уулумун», – деп жооп берди.
14Ошондо Дөөт ага мындай деди: «Кантип коркпой, Теңирдин майланганын өлтүрүүгө кол көтөрдүң?»
15Анан Дөөт уландардын бирин чакырып: «Жакын келип, муну өлтүрүп сал», – деди. Улан аны өлтүрдү, ал өлдү.
16Дөөт ага мындай деди: «Өз каның өз башыңда, анткени “Теңирдин майланганын өлтүрдүм” деп айткан сөзүң өзүңө каршы күбө болду».
17Дөөт Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп ыйлады.
18Анан ал адилеттүүнүн китебинде жазылгандай, Жүйүт уулдарына «Жаа» ырын үйрөтүүнү буйрук берип, мындай деп айтты:
19«О Ысрайыл, сенин сыймыгың бийиктиктериңде өлтүрүлдү! Күчтүүлөрүң кандай кулады!
20Пелиштиликтердин кыздары кубанычка батпашы үчүн, сүннөткө отургузулбагандардын кыздары салтанат курбашы үчүн, Гатта айтпагыла, Ашкелондун көчөлөрүндө жарыя кылбагыла.
21Гилбоя тоолору! Силерге шүүдүрүм түшпөсүн, жамгыр жаабасын, силерде жемиштүү талаа болбосун, анткени ошол жерде күчтүүлөрдүн калканы талкаланды, Шабулдун калканы зайтун майы менен майланбагансып талкаланды.
22Жарадарлардын канысыз, күчтүүлөрдүн майысыз Жонатандын жаасы кайра артка кайтчу эмес, Шабулдун кылычы кынынан бекер суурулчу эмес.
23Шабул менен Жонатан тирүү кезинде бири-бирин жакшы көрүшчү, ынтымактуу болчу, өлгөндө да ажырашпай бирге өлүштү. Алар бүркүттөрдөн учкул, арстандардан күчтүү жандар эле.
24Ысрайыл кыздары! Силерге кочкул кызыл жана кооз кийим кийгизген, кийимиңерге алтын жасалгаларды тактырган Шабулду жоктоп ыйлагыла.
25Күчтүүлөр майданда өлүштү! Сенин бийиктиктериңде Жонатан өлтүрүлдү.
26Бир боорум Жонатан, сен үчүн аза күтөм. Сен мен үчүн абдан кымбат элең, сенин сүйүүң мен үчүн аялдын сүйүүсүнөн артык эле.
27Күчтүүлөр кулады, согуш куралдары кыйрады!»