2 Шемуел 11:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Бир жылдан кийин, падышалар жортуулга чыкчу учурда Дөөт Жойапты өзүнүн кулдары жана бардык ысрайылдыктар менен жөнөттү. Алар амондуктарды талкалап, Рабени курчап алышты. Дөөт болсо Иерусалимде калган.

2Бир күнү Дөөт кечке жуук төшөгүнөн туруп, падыша сарайынын чатырында ары-бери басып жүрүп, сууга түшүп жаткан бир аялды көрдү. Ал аял абдан сулуу эле.

3Дөөт анын кайсы аял экенин билүүгө киши жиберди. Ага: «Ал – Элиямдын кызы, хеттик Урийдин аялы Бат-Шеба», – деп айтышты.

4Дөөт аялды алып келүүгө кулдарын жиберди. Аял ага келди, ал аны менен жатты. (Аял өзүнүн таза эместигинен тазаланды). Анан ал үйүнө кайтты.

5Аялдын боюна бүттү. Ал Дөөткө киши жиберип: «Менин боюмда бар», – деп айттырды.

6Дөөт Жойапка киши жиберип: «Хеттик Урийди мага жибер», – деп айттырды. Жойап Урийди Дөөткө жиберди.

7Урий келгенде, Дөөт андан Жойаптын, элдин абалы жана согуштун жүрүшү тууралуу сурады.

8Анан Дөөт Урийге: «Yйүңө барып, бутуңду жуу», – деди. Урий падышанын үйүнөн чыкты, падыша анын артынан белек берип жиберди.

9Бирок Урий өз мырзасынын кулдары менен падыша үйүнүн дарбазасынын жанында уктады, үйүнө барган жок.

10Дөөткө: «Урий үйүнө барган жок», – деп билдиришти. Ошондо Дөөт Урийден: «Жол жүрүп келдиң. Эмне үчүн үйүңө барган жоксуң?» – деп сурады.

11Урий Дөөткө: «Келишим сандыгы да, Ысрайыл да, Жүйүт да чатырларда болсо, Жойап мырзам, мырзамдын кулдары майдан талаасында жүрсө, мен үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак белем! Сенин өмүрүң менен, сенин жаның менен ант берем, андай кылбайм», – деп жооп берди.

12Дөөт Урийге: «Бүгүн да бул жерде кал, эртең мен сени коё берем», – деди. Ошентип, ошол күнү да, эртеси күнү да Урий Иерусалимде калды.

13Дөөт аны чакырды, Урий анын алдында ичип-жеди, Дөөт аны мас кылды. Бирок Урий кечинде мырзасынын кулдары менен өз төшөгүнө жатканы кетти, үйүнө барган жок.

14Эртең менен Дөөт Жойапка кат жазып, аны Урийден берип жиберди.

15Ал катка мындай деп жазган эле: «Урийди эң катуу салгылаш болуп жаткан жерге койгула, өлүмгө дуушар болушу үчүн, аны жалгыз калтыргыла, ал майданда өлсүн».

16Ошон үчүн Жойап өзү курчап алган шаардын эр жүрөк адамдары турган жерге Урийди койду.

17Ошол шаардын эли чыгып, Жойап менен салгылашты, Дөөттүн кулдарынан да, элден да бир нече адам курман болду. Хеттик Урий да өлдү.

18Жойап Дөөткө согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат бериш үчүн киши жөнөттү.

19Чабарманга мындай буйрук кылды: «Падышага жалпы согуштун жүрүшүн айтып бүткөндө,

20падыша ачууланып, сага: “Эмне үчүн силер шаарга ошончолук жакын барып согуштуңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы?

21Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелекти ким өлтүрдү эле? Ал Тейбесте бир аял жаргылчактын ташынын сыныгын дубалдан таштап жибергенде өлбөдү беле. Дубалга эмнеге ошончолук жакын бардыңар?” – деп айтса, сен: “Кулуң хеттик Урий да өлдү”, – де».

22Чабарман Дөөткө келип, Жойап эмне үчүн жибергенин, согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди.

23Ошондо чабарман Дөөткө мындай деди: «Тигилер бизге каршы талаага чыгышты, бирок биз аларды дарбазага чейин кууп бардык.

24Ошондо жаа тарткычтар кулдарыңа дубалдан жебе тартышты, падышанын кулдарынан кээ бирөөлөрү өлүштү. Алардын ичинен кулуң хеттик Урий да өлдү».

25Дөөт ошондо чабарманга мындай деди: «Жойапка айт: “Мейли, бул иш үчүн сен кыйналбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Шаарга каршы согушту күчөтүп, аны кыйрат”. Сен ага ушинтип кайрат бер».

26Урийдин аялы күйөөсү өлгөнүн угуп, күйөөсүн жоктоп ыйлады.

27Аза күтүү убактысы бүткөндөн кийин, Дөөт киши жиберип, аны өз үйүнө алдырды. Ошентип, ал анын аялы болуп калды. Ал ага уул төрөп берди. Бирок Дөөттүн бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болчу.

>