1Теңир Натанды Дөөткө жиберди. Ал ага келип, мындай деди: «Бир шаарда эки адам болуптур, бири бай, бири кедей экен.
2Бай адамдын абдан көп майда жандыктары, бодо малы бар экен.
3Ал эми кедейдин сатып алган козусунан башка эч нерсеси жок эле. Ал аны багып, балдары менен бирге чоңойткон. Ал эмне жесе, козу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай болуп калган.
4Бай адамдыкына бир жолоочу келет. Ал өзүнүкүнө келген жолоочудан өз койлору менен өгүздөрүн аяп, кедейдин козусун алып, келген кишиге бышырып берет».
5Дөөт ошол адамга абдан кыжырданып, Натанга мындай деди: «Теңир тирүү! Муну кылган адам өлүмгө татыктуу.
6Ал бул кылганы үчүн, таш боордугу үчүн козунун ордун төрт эсе төлөп берсин».
7Ошондо Натан Дөөткө мындай деди: «Ошол киши сенсиң. Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылгам, Мен сени Шабулдун колунан куткаргам.
8Сага мырзаңдын үйүн жана аялдарын бердим, Ысрайыл менен Жүйүт тукумун бердим, эгерде бул сага аздык кылса, анын үстүнө дагы көп нерсени кошуп берет элем.
9Теңирдин алдында жаман иш кылып, Анын сөзүн эмнеге барк алган жоксуң? Хеттик Урийди кылыч менен өлтүрдүң, анын аялын өзүңө аял кылып алдың, аны амондуктардын кылычы менен өлтүрдүң.
10Мени барк албаганың үчүн, Урийдин аялын алып алганың үчүн, эми сенин тукумуңдан эч качан кылыч кетпейт”».
11Теңир мындай дейт: «Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам, өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат.
12Сен жашыруун жасадың, ал эми Мен муну бүткүл Ысрайыл алдында ачык жасайм».
13Ошондо Дөөт Натанга: «Мен Теңирдин алдында күнөө кылдым», – деди. Натан Дөөткө: «Теңир күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң.
14Бирок ушул ишиң менен душмандарынын Теңирди жамандоосуна себепкер болгонуң үчүн, төрөлгөн балаң өлөт», – деди.
15Анан Натан өз үйүнө кайтты. Теңир Урийдин аялы төрөгөн Дөөттүн баласына оору жиберди, ал ооруп калды.
16Дөөт наристе үчүн Кудайга сыйынып, орозо кармап, өзүнчө бөлүнүп, жерге жатып түн өткөрдү.
17Жаткан жеринен тургузууга өз уруусундагы аксакалдар киришти, бирок ал тургусу келген жок, алар менен тамактанган жок.
18Жетинчи күнгө караган күнү бала өлдү, кулдары баланын өлгөнүн Дөөткө угузуудан коркушту, анткени алар: «Бала тирүү кезинде эле, биз ага айтканбыз, бирок ал бизди укпай койгон. Эми “Бала өлдү” деп кантип айтабыз? Ал өзүнө залал келтирип коёт», – дешти.
19Дөөт кулдарынын бири-бири менен шыбырашып турганын көрүп, баланын өлгөнүн түшүндү да, алардан: «Бала өлдүбү?» – деп сурады. Алар: «Ооба, өлдү», – деп жооп беришти.
20Ошондо Дөөт жерден туруп, жуунуп, майланып, кийимин которду да, Теңирдин үйүнө барып, Теңирге таазим кылды. Yйүнө кайтып, тамак сурады. Ага тамак алып келишти, ал жеди.
21Ошондо кулдары андан: «Бала тирүүсүндө, сен орозо кармап ыйладың, ал эми бала өлгөндөн кийин туруп тамактандың. Муну кандай түшүнсө болот?» – деп сурашты.
22Дөөт мындай деп жооп берди: «Бала тирүүсүндө мен орозо кармап ыйладым, анткени ким билет, балким, Теңир мага ырайым кылып, бала тирүү калабы деп ойлодум.
23Эми ал өлдү. Эмнеге орозо кармамак элем? Эми мен аны кайра алып келе алмак белем? Мен ага барам, ал болсо мага кайрылып келбейт».
24Дөөт Бат-Шебаны сооротуп, аны менен жатты. Ал уул төрөп, атын Сулайман койду. Теңир Сулайманды сүйдү.
25Теңир Натан пайгамбарды жиберди, ал Теңирдин сөзү боюнча наристеге Жедидия деген ат койду.
26Жойап амондуктарга кол салып, падыша шаары Рабени басып алды.
27Анан Жойап Дөөткө мындай деп айттырып жиберди: «Мен Рабеге кол салып, шаардын суусун ээлеп алдым.
28Эми калган элди чогултуп, шаарды курчап, аны каратып ал, анткени аны мен алсам, анда ага менин атым коюлат».
29Дөөт бүткүл элди чогултту да, барып, Рабеге кол салып, шаарды басып алды.
30Дөөт алардын падышасынын башындагы таажысын алып, аны өз башына кийди. (Таажы бир талант алтындан, кымбат баалуу таштардан жасалган эле). Дөөт ал шаардан көп олжо алып чыкты.
31Дөөт ал шаардын элин алып чыгып, араа, темир мала, темир балта менен иштетти, мешке кыш бышыртты. Амондуктардын бардык шаарларын ал ушундай кылды. Ошондон кийин Дөөт бүт эли менен Иерусалимге кайтып келди.