2 Шемуел 14:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Серуянын уулу Жойап Дөөт падышанын оюнун баары Абышалом экенин билди.

2Жойап Текояга киши жиберип, ал жерден акылдуу аялды алдырып, ага мындай деди: «Кайгырып жаткан аялдай болуп, кара кий, зайтун майын сүйкөнбө. Көп күн аза күткөн аялдай болуп,

3падышага бар да, ага мындай деп айт». Жойап ага эмнени айтуу керек экендигин үйрөттү.

4Текоялык аял падышага кирип, жүзтөмөндөп жерге жыгылып, таазим этти да: «Жардам кыл, падыша!» – деди.

5«Сага эмне керек?» – деди падыша. Аял: «Мен жесирмин, күйөөм өлүп калган.

6Сенин күңүңдүн эки уулу бар эле. Алар талаада чатакташа кетип, ажыраткан эч ким жок, бирөө экинчисин өлтүрүп салды.

7Ошондо бардык туугандар күңүңө каршы чыгып: “Өз бир тууганын өлтүргөн балаңды бизге бер, бир тууганынын жаны үчүн биз аны мурасчы экенине карабай өлтүрөбүз”, – деп жатышат. Эми алар менин калган отумду өчүрүшөт, күйөөмдүн атын жер үстүнөн өчүрүп, тукумун калтырышпайт», – деди.

8Падыша аялга: «Yйүңө бара бер, мен сен жөнүндө буйрук берем», – деди.

9Бирок текоялык аял падышага: «Мырзам падыша, күнөө менде жана менин атамдын тукумунда болсун, ал эми падыша жана анын тактысы күнөөлүү эмес», – деди.

10Падыша: «Сага ким каршы болсо, аны мага алып кел, ал сага мындан ары тийбейт», – деди.

11Аял: «Кудай-Теңириңди эсиңе ал, падыша, кан куугандар көбөйүп, уулумду өлтүрүп салышпасын», – деди. Падыша ага: «Теңир тирүү! Уулуңдун бир тал чачы да жерге түшпөйт», – деди.

12Аял: «Күңүңдүн мырзам падышага дагы бир сөз айтуусуна уруксат эт», – деди.

13Ал: «Айт», – деди. Аял мындай деди: «Сен эмне үчүн Кудайдын элине каршы ушундай кылууну ойлодуң? Падыша ушул сөздү айтуу менен өзүн өзү айыптуу кылды, анткени куугунтукталган кишисин кайрып келбей жатат.

14Биз өлөбүз, жерге төгүлгөндө, кайра куюп алууга мүмкүн эмес болгон суу сыяктуубуз. Бирок Кудай жанды өлүмгө кыюуну каалабайт, четке кагылган адамды да Өзүнөн четке какпоонун жолун ойлойт.

15Мен азыр ушул сөздү мырзам падышага айтканы келдим, себеби эл мени коркутуп жатат. Мен, сенин күңүң, мындай деп ойлодум: “Падыша менен сүйлөшөйүн, балким, күңүнүн сөзүнө макул болор.

16Падыша кулак салып, Кудайдын мурасынын ичинен уулум экөөбүздү жок кылгысы келгендердин колунан күңүн куткарар”.

17Мырзам падышанын сөзү мага сооронуч болсун, анткени мырзам падыша Кудайдын периштесиндей эле жаман-жакшыны айырмалай билет. Кудай-Теңириң сени менен болсун».

18Падыша аялга: «Сенден бир нерсе сурайын, менден жашырбагын», – деди. Аял: «Айт, мырзам падыша», – деп жооп берди.

19Падыша: «Ушунун баарын сага Жойап айттырып жаткан жокпу?» – деди. Аял мындай деп жооп берди: «Сенин жаның жашасын, мырзам падыша. Мырзам падыша айткан сөздөн оңго да, солго да бурулганга болбойт. Чын эле, мага кулуң Жойап буйруган, күңүңдүн оозуна ушул сөздүн баарын ошол салган.

20Бул ишти башкача жол менен айтууну мага кулуң Жойап үйрөттү, бирок менин мырзам Кудайдын периштесиндей акылдуу, жер үстүндө эмне болуп жатканынын баарын билет».

21Падыша Жойапка: «Мен сен айткандай кылдым. Барып, менин балам Абышаломду алып кел», – деди.

22Ошондо Жойап жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылып, батасын берди да: «Мырзам падыша, кулуң сенин алдыңда ырайым тапканын, кулунун сөзүн падыша аткарганын азыр билди», – деди.

23Жойап туруп, Гешурга барып, Абышаломду Иерусалимге алып келди.

24Падыша: «Ал өз үйүнө кайтсын, бирок менин жүзүмдү көрбөйт», – деди. Абышалом өз үйүнө кетти, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.

25Ысрайылда келишимдүүлүгү менен оозго алынган Абышаломдой эркек жок эле. Ал таманынан башына чейин кемчиликсиз болчу.

26Ал чачын алдырганда (ал жыл сайын чачын алдырчу, себеби чачы оор болуп кетчү), салмагы падышачылык өлчөм менен эки жүз шекел болчу.

27Абышалом үч уулдуу, Тамар деген бир кыздуу болду. Тамар сулуу аял эле.

28Абышалом Иерусалимде эки жыл жашады, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.

29Абышалом Жойапты падышага жиберүү үчүн, ага киши жөнөттү, бирок Жойап ага келүүнү каалаган жок. Дагы бир жолу жөнөттү, бирок ал келгиси келген жок.

30Ошондо Абышалом өзүнүн кулдарына: «Жойаптын жери менин жеримдин жанында экенин билесиңер. Ошол жерде анын арпасы бар эмеспи. Баргыла да, өрттөп жибергиле», – деди. Абышаломдун кулдары Жойаптын жерин өрттөп жиберишти.

31Жойап туруп, Абышаломдун үйүнө келди да, ага: «Эмне үчүн сенин кулдарың менин жеримди өрттөп жиберишти?» – деди.

32Абышалом Жойапка мындай деди: «Падышага: “Гешурдан эмнеге келдим? Ошол жерде калганым артык эмес беле! Падышанын жүзүн көргүм келет. Эгерде мен күнөөлүү болсом, анда мени өлтүрүп сал”, – деп айттырыш үчүн, мен сени чакыртканы киши жибергем».

33Жойап падышага барып, ушул сөздөрдү айтып берди. Падыша Абышаломду чакырды. Ал келип, падышанын алдына жүзтөмөндөп жыгылды. Падыша Абышаломдун жүзүнөн сүйдү.

>